# КР Премьер-министрин 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 64 (Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин коллегия бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 64 (Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин коллегия бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10855/edition/542505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 64 (Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин коллегия бекитүү боюнча) буйругу (11.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210508

---

КР Премьер-министринин 2012-жылдын 11-июнундагы № 487 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 3-сентябры № 64 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" Декретине жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Төмөндөгү адамдар Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп бекитилишсин:

Алымбаев Абдрахман - Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Бакашева Жылдыз Кемеловна - Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору; Бегалиев Муратбек Акимович - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору; Исанаев Курмангазы Жусупказиевич - Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору; Курманов Таалай Курманович - Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Субаналиев Сагыналы - Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору; Султанбаева Айнура Жолдошбековна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти; Саламатов Тимур Сагынбаевич - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору; Үсөнбаев Мир Алымкулович - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору; Чокиев Турдубек Асанович - Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Шаршенбаев Мелис - Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлеринин союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 30-мартындагы № 120 тескемеси күчүн жоготту деп эсептелсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
