# КР Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 (Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын курамын жана Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамын бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 (Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын курамын жана Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамын бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 234
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210463>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10810/edition/1001186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210463.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 (Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын курамын жана Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамын бекитүү боюнча) буйругу (01.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210463

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2013-жылдын 7-июну № 234 (КР Премьер-министринин 2014-жылдын 7-октябрындагы № 428, 2015-жылдын 28-октябрындагы № 470, 2017-жылдын 1-июнундагы № 366 буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык жана кадрлык өзгөрүүлөргө байланыштуу:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын курамы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамы.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 469 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

«Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын курамы

(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 7-октябрындагы № 428 буйругунун редакциясына ылайык)

Мавлянов А.С.

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы;

Тыналиева Б.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу;

Сманалиев К.М.

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын катчылыгынын башкы окумуштуу катчысынын милдетин аткаруучу;

Муратов А.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

Эркебаев А.Э.

\-

академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Токторалиев Б.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы (макулдашуу боюнча);

Закиров А.З.

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Абдыкалыков А.А.

\-

профессор, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору;

Айдаралиев А.А.

\-

академик, Кыргызстан Эл аралык университетинин президенти;

Акималиев Ж.А.

\-

айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун башкы директору;

Акматалиев А.А.

\-

академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Алдашев А.А.

\-

академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Асанканов А.А.

\-

тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (макулдашуу боюнча);

Ахматбеков М.А.

\-

айыл-чарба илимдеринин доктору, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессору;

Абдрахматов К.Е.

\-

техника илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Абдырахманов Т.А.

\-

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору;

Бөрүбаев А.А.

\-

академик, Теориялык жана колдонмо математика институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Быковченко Ю.Г.

\-

биология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профессору (макулдашуу боюнча);

Бейшембаев М.И.

\-

медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук онкология борборунун директору;

Женчураева Р.Ж.

\-

геология-минералогия илимдеринин доктору, академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун лаборатория башчысы (макулдашуу боюнча);

Жунушалиев Ж.Ж.

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Дүйшеналиев Т.Б.

\-

физика-математика илимдеринин доктору, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору;

Жумагулова А.С.

\-

медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору;

Жумабеков С.А.

\-

медицина илимдеринин доктору, профессор, академик, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору (макулдашуу боюнча);

Женбаев Б.М.

\-

биология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология-кыртыш изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Жайнаков А.Ж.

\-

физика-математика илимдеринин доктору, академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);

Жоробекова Ш.Ж.

\-

академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жала химиялык технологиялар институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Жумалиев К.

\-

академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Жумагулов М.

\-

философия илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профессору (макулдашуу боюнча);

Жуматаев М.С.

\-

академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Жунушов А.Т.

\-

ветеринария илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Зурдинов А.З.

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору;

Исаков К.А.

\-

тарых илимдеринин доктору, Ош мамлекеттик университетинин ректору;

Исамидинов И.Ч.

\-

педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору;

Кулдышева Ч.

\-

юридика илимдеринин доктору, Ош мамлекеттик университетинин доценти;

Кожогулов К.Ч.

\-

техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Керезбеков К.К.

\-

юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын ректору;

Камчыбеков Т.К.

\-

экономика илимдеринин доктору, профессор, Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин ректору;

Кадыров А.С.

\-

медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук фтизиатрия борборунун директору;

Касымов О.Т.

\-

медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору;

Мавлянов А.С.

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Бишкек финансы-экономика академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Мамытов А.Н.

\-

профессор, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз билим берүү академиясынын президенти;

Маматканов Д.М.

\-

академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Мусаев А.И.

\-

философия илимдеринин доктору, профессор, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору;

Мамакеев М.М.

\-

медицина илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук хирургия борборунун директору;

Нифадьев В.И.

\-

академик, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин ректору;

Нургазиев Р.З.

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору;

Оморов P.O.

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын технопаркынын директору (макулдашуу боюнча);

Садыков Т.С.

\-

академик, Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын ректору;

Сакиев К.С.

\-

геология жана минералогия илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Сулайманкулов К.С.

\-

химия илимдеринин доктору, академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун лаборатория башчысы (макулдашуу боюнча);

Тогусаков О.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Токтоматов К.Ш.

\-

профессор, Жалал-Абад экономика жана ишкердик университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

Узакбаев К.А.

\-

медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук энени жана баланы коргоо борборунун директору;

Шаршеналиев Ж.Ш.

\-

академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Шаназаров А.С.

\-

медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бийик тоолорду изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Плоских В.М.

\-

тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча).

Эскертүү: (КР Премьер-министринин 2014-жылдын 7-октябрындагы № 428 буйругуна ылайык күчүн жоготту)

«Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамы

(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 28-октябрындагы № 470, 2017-жылдын 1-июнундагы № 366 буйругунун редакциясына ылайык)

Мавлянов Абдырахман Субанкулович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы;

Тыналиева Бакыт Карыбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары;

Муратов Абдиманнап Аттокурович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Эркебаев Абдыганы Эркебаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Быковченко Юрий Григорьевич

\-

биология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профессору (макулдашуу боюнча);

Дженчураева Розалия Джаманкуловна

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунун лабораториясынын башчысы, академик, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Жайнаков Аманбек Жайнакович

\-

академик, физика-математика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Жумагулов Мааметайып Жумагулович

\-

философия илимдеринин доктору, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин профессору;

Нифадьев Владимир Иванович

\-

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору, академик, техника илимдеринин доктору, профессор;

Сулайманкулов Какин Сулайманкулович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун лабораториясынын башчысы, академик, химия илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Койчуев Турар Койчуевич

\-

академик, экономика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Ишекеев Назаркул Ишекеевич

\-

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор;

Нурунбетов Балтагул Аттокурович

\-

Ош технологиялык университетинин коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор;

Борубашев Бекбосун Ишенбекович

\-

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор.
