# КР Премьер-министринин 2011-жылдын 10-июнундагы № 297 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун кыргыз бөлүгүнүн бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2011-жылдын 10-июнундагы № 297 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун кыргыз бөлүгүнүн бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 297
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10792/edition/540786/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2011-жылдын 10-июнундагы № 297 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун кыргыз бөлүгүнүн бекитүү боюнча) буйругу (10.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210445

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2011-жылдын 10-июну № 297 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен юмиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Бишкек шаарында 2011-жылдын 13 – 17 - июнунда Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун жолугушуусу өткөрүлсүн.

2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн тартылган адамдарды кошкондо Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун кыргыз бөлүгүнүн курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Тиркеме

Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-17-июнунда Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комисснянын эксперттеринин жумушчу тобунун кыргыз бөлүгүнүн

курамы

Цурков В.Е.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору, эксперттердин жумушчу тобунун жетекчиси;

Момбеков А. А.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;

Катанаев А.Г.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;

Карыбекова Э.К.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун референти;

Мандычев Н.И.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;

Бобровский А.В.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын цифралык картографиялоо бөлүмүнүн башкы адиси;

Черныш Э.Ф.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынынделимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси.
