# КР Премьер-министринин 2013-жылдын 28-февралындагы № 70 (Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2013-жылдын 28-февралындагы № 70 (Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10787/edition/707546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2013-жылдын 28-февралындагы № 70 (Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) буйругу (22.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210440

---

КР Премьер-министринин 2016-жылдын 22-мартындагы № 139 буйругуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2013-жылдын 28-февралы № 70 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобонун 4-пунктуна ылайык:

1. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин (мындан ары - Байкоочу кеңеш) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир айдан кечиктирбестен Байкоочу кеңештин жаңы курамынын биринчи жыйынын даярдасын жана өткөрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 475 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 28-февралындагы № 70 буйругуна тиркеме

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ

Маликов У.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:

Таткулов Т.Ж.

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Мамбеттурдиев С.Д.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;

Баялиев К.А.

\-

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Сагынбаев А.А.

\-

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Намазалиева Р.С.

\-

Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Абыкеев М.А.

\-

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Алымбаев К.И.

\-

Каракол шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Карыбаев Ж.А.

\-

Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Тельтаева С.Т.

\-

"Ысык-Көлдү өнүктүрүү" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);

Ибраева А.С.

\-

"Жети-Өгүз айымы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Абакиров И.Ч.

\-

"Жаңы муун ынтымагы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Окенов А.К.

\-

Ысык-Көл фондун башкаруу боюнча дирекциянын директору.
