Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Аткаруучулук тартибин жогорулатуу тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Премьер-министра КР от 28 июня 2019 года № 344 (О признании утратившим силу распоряжение Премьер-министра Кыргызской Республики от 4 марта 2013 года № 72)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-03-04.
КР Премьер-министринин 2019-жылдын 28-июнундагы № 344 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2013-жылдын 4-марты № 72 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83, 89 жана 113-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18 жана 29-беренелерине жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин аймактык органдарынын жетекчилеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын аткаруучулук тартибин жогорулатуу максатында:
1. Райондордун мамлекеттик администрация башчыларын - акимдерди жана алардын орун басарларын кызмат орундарына дайындоонун алдында талапкерлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен макулдашылаары, талапкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында аңгемелешүүдөн өтүшөөрү жана талапкерлик Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизилээри белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө райондордун мамлекеттик администрация башчылары - акимдерге жана алардын орун басарларына карата сыйлоо жана өздөрүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик таасир этүү чараларын (эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш) колдонууга укук берилсин.
3. Тартиптик таасир эгүү чараларын колдонуу (эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш), анын ичинде мыйзамда каралган тартипте ээлеген кызмат ордунан четтетүү укугу төмөнкүлөргө берилсин:
- шаарлардын мэрлерине карата - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө;
- айыл өкмөтүнүн башчыларына карата - райондордун мамлекеттик администрация башчыларына - акимдерге;
төмөнкүлөрдү аткарбагандыгы жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн:
- мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, алардын аткарылбагандыгы жарандардын, юридикалык жактардын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн кайрылууларынын негизинде жана башка ыкма менен айкындалганда;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун сунушу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды.
4. Тартиптик жаза чарасын көрүү, анын ичинде ээлеген кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ушул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө берилет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 28-июнундагы № 344 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 4-мартындагы № 72 буйругу күчүн жоготту деп таанылуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 28.06.2019 · № 344
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон