# КР Премьер-министринин 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 433 (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 433 (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 433
- Кабыл алынган күнү: 20.09.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210410>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10757/edition/544182/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210410.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 433 (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү бекитүү тууралуу) буйругу (12.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210410

---

КР Премьер-министринин 2012-жылдын 12-октябрындагы № 786 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2011-жылдын 20-сентябры № 433 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобого ылайык: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп кызматтары боюнча төмөнкүлөр бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; Шаңхай кызматташуу уюмунда Кыргыз Республикасынан улуттук координатор; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөр департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөр департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ош шаарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

Премьер-министри

А.Атамбаев
