# КР Премьер-министрин 2010-жылдын 15-мартындагы № 109 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 31-январындагы № 43 буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2010-жылдын 15-мартындагы № 109 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 31-январындагы № 43 буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10704/edition/538789/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2010-жылдын 15-мартындагы № 109 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 31-январындагы № 43 буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу (28.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210357

---

КР Премьер-министринин 2011-жылдын 28-мартындагы № 181 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2010-жылдын 15-марты № 109 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 31-январындагы № 43 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин айрым жоболорун изилдөө жана натыйжалуулугун баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүлү, комиссиянын төрагасы; Байгуттиев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри, комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Шадиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Келдибеков А.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; Аширов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча); Мусабеков А.О. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдоо иштери кызматынын Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); Маматов К.А. - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин инвестициялар жана инновациялар кызматынын жетекчиси; Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Исмаилов М.А. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри; Антонова Т.П. - аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюнча); Красников А.А. - аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюнча); Ким Т.М. - "Салык консультанттарынын палатасы" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Цой Э. - салык консультанты (макулдашуу боюнча); Байжуманов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Абдраев А.К. - "Банктар союзунун" төрагасы (макулдашуу боюнча).".

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Ведомстволор аралык комиссия туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жоболорунун натыйжалуулугун баалоо максатында чарбакер субъекттердин, ишкерлердин жана мекемелердин кайрылууларын иликтесин жана аны оптималдаштыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.";

- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
