# КР Премьер-министрин 2010-жылдын 19-февралындагы № 90 (Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2010-жылдын 19-февралындагы № 90 (Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10698/edition/543132/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2010-жылдын 19-февралындагы № 90 (Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш бекитүү боюнча) буйругу (29.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210351

---

КР Премьер-министринин 2012-жылдын 29-мартындагы № 363 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2010-жылдын 19-февралы № 90 (КР Премьер-министринин 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 419 буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги № 116 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык:

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Мамлекеттик кеңеш) төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри;

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

- Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору;

- Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);

- Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти (макулдашуу боюнча);

- Л.М.Фомова атындагы калкты социалдык жактан коргоо коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн эксперти;

- Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 1-августундагы № 453 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
