# КР Премьер-министрин 2010-жылдын 15-январындагы № 11 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңешти бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2010-жылдын 15-январындагы № 11 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңешти бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10683/edition/538348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2010-жылдын 15-январындагы № 11 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңешти бекитүү боюнча) буйругу (15.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210336

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2010-жылдын 15-январы № 11 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин тиркелген курамы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 26-августундагы № 328 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 15-январындагы № 11 буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Маалыматтык-коммуникациялык

технологиялар боюнча кеңештин

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) төрагасы; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - администрациялык реформалар башкармалыгынын начальниги, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалар саясатын изилдөө жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн эксперти, Кеңештин жооптуу катчысы.

Кеңештин мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иш кызматынын Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча сектор башчысы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин инвестициялар жана инновациялар кызматынын эксперти (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин ресурстарды башкаруу кызматынын эксперти (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматынын инспектору (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);

- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар улуттук борборунун директору (макулдашуу боюнча);

- "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).

Жеке:

- Бримкулов У.Н. - "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин "Компьютердик инженерия" кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);

- Живоглядов В.П. - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Билимдердин электрондук менеджменти борборунун директору (макулдашуу боюнча).
