Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Бюджеттик ссуда берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 25-декабры № 512-б (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 99-б, 2014, 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б буйругунун редакциясына ылайык) 2013/2014-жылдын жылытуу мезгилине даярдык көрүүдө Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына финансылык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына келишим шарттарында 100 (жүз) млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берсин;
- бюджеттик ссуданы берүүнүн төмөнкү шарттары аныкталсын: бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөттөрү болуп 50 (элүү) млн. сомдон барабар бөлүктө 2014-жылдын 1-июлу жана 2014-жылдын 1-декабры белгиленсин;
бюджеттик ссуданын төлөө мөөнөтү болуп 2015-жылдын 30-апрели белгиленсин; мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөргө мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан жылдык 6 пайыз өлчөмүндө финансылык санкция белгиленсин;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 99-б, 2014, 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык жогоруда аталган ссуданы кайра кайтарууну камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-октябрындагы № 482-б, 2012-жылдын 19-декабрындагы № 593-б, 2012-жылдын…Распоряжение · 16.12.2014 · № 573-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 99-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарына өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 19.03.2014 · № 99-р
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 01.02.2013 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.