Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 25-декабры № 510-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 310-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин курамында:
- курамга төмөнкүлөр киргизилсин:
Мамытов Токтокүчүк Болотбекович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасы; Мамыркулов Алик Бейшенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Ташкулов Тимур Дооронбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин катчысы; Ведомстволор аралык координациялык кеңештин мүчөлөрү: Нуралиев Марат Абдыкеримович - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; Темирканов Жээнбай Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу; Икрамов Санжар Икрамович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; Усубакунова Айгүл Ильясовна - Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); Ходжаев Дастан Бусурманович - Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
- Талиева К.А., Джакипов Д.И., Колопов И.С., Исаков Б.Ы., Байтөлөев К.Э., Жуков М.А., Өмүркулов И.Ш., Мырзакматов М.Ж. курамдан чыгарылсын.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.