# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 506-б (Субнасыялык макулдашууну түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 506-б (Субнасыялык макулдашууну түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 506-р
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10657/edition/537358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 506-б (Субнасыялык макулдашууну түзүлүшү боюнча) буйругу (24.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210310

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 24-декабры № 506-б Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-июнундагы № 101 "Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну жана "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы менен ратификацияланган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууга ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кара-Балта шаарынын мэриясы менен төмөнкү шарттарда 2,0 млн. (эки миллион) евро суммасына Субнасыялык макулдашууну түзсүн:

- насыяны пайдалангандыгы үчүн пайыздык коюм - Euribor +2,5 пайыз;

- насыялык каражаттардын эсебинен алынган жабдуулар жана сатып алынган башка буюмдар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо;

- насыянын негизги суммасы жана пайызы 25 барабар бөлүктө жарым жылда 1 жолу, жыл сайын 30-июнда жана 31-декабрда төлөнөт, мында насыяны биринчи төлөө - 2015-жылдын 30-июну жана насыяны төлөөнүн акыркы күнү - 2027-жылдын 30-июну;

- төлөм кечиктирилген учурда, мөөнөтү кечиктирилген карыз пайда болгон учурдан тартып ушул карызды толук төлөп бүткөн күндү кошкондо айып - Euribor + жылдык 5 пайыз;

- насыянын өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссия - жылына 0,5 пайыз;

- эсепти ачуу үчүн комиссия - насыянын суммасынан 1 пайыз.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
