Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Субнасыялык макулдашууну түзүлүшү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 24-декабры № 506-б Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-июнундагы № 101 "Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну жана "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы менен ратификацияланган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кара-Балта шаарынын мэриясы менен төмөнкү шарттарда 2,0 млн. (эки миллион) евро суммасына Субнасыялык макулдашууну түзсүн:
- насыяны пайдалангандыгы үчүн пайыздык коюм - Euribor +2,5 пайыз;
- насыялык каражаттардын эсебинен алынган жабдуулар жана сатып алынган башка буюмдар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо;
- насыянын негизги суммасы жана пайызы 25 барабар бөлүктө жарым жылда 1 жолу, жыл сайын 30-июнда жана 31-декабрда төлөнөт, мында насыяны биринчи төлөө - 2015-жылдын 30-июну жана насыяны төлөөнүн акыркы күнү - 2027-жылдын 30-июну;
- төлөм кечиктирилген учурда, мөөнөтү кечиктирилген карыз пайда болгон учурдан тартып ушул карызды толук төлөп бүткөн күндү кошкондо айып - Euribor + жылдык 5 пайыз;
- насыянын өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссия - жылына 0,5 пайыз;
- эсепти ачуу үчүн комиссия - насыянын суммасынан 1 пайыз.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.