# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 495-б (Каржылоо жөнүндө келишимдин долбоорулары жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 495-б (Каржылоо жөнүндө келишимдин долбоорулары жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 495-р
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10648/edition/536979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 495-б (Каржылоо жөнүндө келишимдин долбоорулары жактыруу боюнча) буйругу (18.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210301

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 18-декабры № 495-б

1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:

- Германия өнүктүрүү банкы (KfW) менен Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы 16,0 млн. евро суммасына "Саламаттык сактоонун III жана IV (SWap) комплекстүү сектордук программасын" каржылоо жөнүндө келишимдин долбоору;

- Германия өнүктүрүү банкы (KfW) менен Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы 6,5 млн. евро суммасына "Кургак учукка каршы күрөшүүнүн V программасын" каржылоо жөнүндө келишимдин долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган келишимдердин долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
