# КР Премьер-министринин 2011-жылдын 17-июнундагы № 317 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин курамын бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2011-жылдын 17-июнундагы № 317 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин курамын бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 317
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10629/edition/543240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2011-жылдын 17-июнундагы № 317 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин курамын бекитүү боюнча) буйругу (14.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210280

---

КР Премьер-министринин 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 843 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2011-жылдын 17-июну № 317 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин тиркелген курамы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 15-январындагы № 11 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 317 токтому менен жактырылган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин (мындан ары - Кеңеш) төрагасы; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн "электрондук өкмөт" системасын киргизүү секторунун башчысы, Кеңештин жооптуу катчысы.

Кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору; "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук информациялык технологиялар борборунун директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); программалык камсыздоо жана тейлөө Кыргыз ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

Жекече:

Бримкулов У.Н. - Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин "Компьютердик инженерия" кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча); Живоглядов В.П. - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Билимдин электрондук менеджменти борборунун директору (макулдашуу боюнча).
