# КР Премьер-министринин 2011-жылдын 13-апрелиндеги № 209 (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиркелген план бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2011-жылдын 13-апрелиндеги № 209 (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиркелген план бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10611/edition/538421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2011-жылдын 13-апрелиндеги № 209 (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиркелген план бекитүү боюнча) буйругу (13.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210262

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2011-жылдын 13-апрели № 209 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, иштин акыркы натыйжаларына мамлекеттик кызматчылардын жоопкерчилигин күчөтүү, иш практикасына жаны технологияларды киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын «Экономика жана коопсуздук» планын бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиркелген план бекитилсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарына жүктөлсүн.

Премьер-министр

А. Атамбаев

Кыргыз Рсспубликасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 13-апрелиндеги № 209 буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча

иш-чаралардын планы

№

Иш-чаралар

Күтүлгөн жыйынтык

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучулар

Контроль

1. Мамлекеттик кызматты уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биринчи кезектеги чаралар (2011-жыл)

1.

Мамлекеттик органдын өзгөчөлүгүн, максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо системасын пилоттук мамлекеттик органда иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

Мамлекеттик кычматтарды көрсөтүү деңгээлин жогорулатуу; мамлекеттик кызматчыларды мотивациялоонун иштиктүү системасын түзүү жана баалоо жана аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча натыйжасыз кычматкерлерди «иргөө»

1-июлга чейин

МКК (макулдашуу боюнча), статс-катчылар, мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери

Өкмөттүн Аппаратынын уюштуруучулук- инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмү

2.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен мамлекеттик органдардын типтүү ресурстук макулдашууларын иштеп чыгуу

Жекече салымдын негизинде мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасын киргизүү үчүн укуктук негиздин пайда болушу

15-майга чейин

Финмин

Өкмөттүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмү

3.

Ресурстук макулдашуулардын алкагында мамлекеттик кызматчылардын жеке салымын эске алуу менен мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөө системасын иштеп чыгуу

Жеке салымынын негизинде мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысына кошумча төлөө системасынын механизми

1-июлга чейин

МКК (макулдашуу боюнча), Финмин, мамлекеттик органдардын статс-катчылары, мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери

Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү, финансы жана кредиттик саясат бөлүмү

4.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын базасында мамлекеттик кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун максаттуу системасын түзүү

Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу

1-августка чейин

МКК (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча)

Өкмөттүн Аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмү

5.

Мамлекеттик органдарда ведомстволук окутуу системасын модернизациялоо

Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жана маалымат алуусун жогорулатуу

1-июлга чейин

мамлекеттик органдардын статс-катчылары

ММК (макулдашуу боюнча)

6.

Ар бир мамлекеттик орган боюнча «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кадрларга окутуу үчүн кепилдикке алынган каражаттарды пайдалануунун механизмин иштеп чыгуу (мамлекеттик органдын бюджетинин 1 процентинен кем эмес)

Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу

1-августка чейин

МКК (макулдашуу боюнча), Финмин

Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү, финансы жана кредиттик саясат бөлүмү

II. Мамлекеттик кызматты уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча келечектүү чаралар (2012 -2013-жылдар)

7.

Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кызматты уюштуруунун карьералык-кызматтык жана контракттык формаларын айкалыштыруучу системаны киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун жана мүмкүндүгүн кароо

Мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу

2012-2013- жылдар

МКК (макулдашуу боюнча), Финмин, мамлекеттик органдардын статс- катчылары, мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери

Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү

8.

Кызматтарды көрсөтүүгө мамлекеттик органдардын багыт алуу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

Мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу

2012-жыл

Экономмин, МКК (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдардын статс- катчылары, мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери

Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү

9.

Мамлекеттик органдардын ишинде стратегиялык башкаруу технологияларын жана пландоону киргизүү

Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу

2012-жыл

МКК (макулдашуу боюнча), Экономмин, мамлекеттик органдардын статс- катчылары, мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери

Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү

10.

Бардык мамлекеттик органдарда мамлекеттик кызматчыларды даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу системасын түзүү

Мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу

2012-2013- жылдар

МКК (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча), Финмин

Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү
