# КР Премьер-министринин 2009-жылдын 25-июлундагы № 240 (Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамын бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 25-июлундагы № 240 (Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамын бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 240
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10566/edition/537775/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 25-июлундагы № 240 (Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамын бекитүү боюнча) буйругу (25.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210217

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2009-жылдын 25-июлу № 240 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 212 «Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын маселелери» жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобонун 12-пунктуна ылайык жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын иш-аракеттерин андан ары чыңдоо жана иштерин өркүндөтүү үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын президиумунун тиркелген курамы бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 20-августундагы № 396 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 18-июлундагы № 280 буйругу.

Премьер-министри

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 25-июлундагы № 240 буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Улуттук

аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамы

Бөрүбаев Алтай Асылканович

- Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;

Бекболотов Турсунбек Бекболотович

- Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары - башкы окумуштуу катчысы, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти;

Алдашев Алмаз Абдулхаевич

- биология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;

Артыкбаев Мэлс Табалдиевич

- саясат илимдеринин доктору, профессор;

Ахматбеков Мусахун Ахматбекович

- К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин Агро-инженердик институтунун кыртыш таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын профессору, айыл чарба илимдеринин доктору;

Бабаев Дөөлөтбай Бабаевич

- педагогика илимдеринин доктору, профессор;

Жаманбаев Муратали Жүзүмалиевич

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, математика илимдеринин доктору, профессор;

Женчураева Розалия Жаманкуловна

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун лаборатория башчысы, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти;

Живоглядов Валерий Петрович

- Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Билимдердин электрондук менеджменти борборунун директору, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти;

Жоробекова Шарипа Жоробековна

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;

Койчуев Турар Койчуевич

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин кеңешчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;

Мамытов Миталип Мамытович

- И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедра башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;

Мусаев Абдылда Инаятович

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, филология илимдеринин доктору, профессор;

Нифадьев Владимир Иванович

- Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;

Плоских Владимир Михайлович

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги.
