Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамын бекитүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2009-жылдын 25-июлу № 240 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 212 «Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын маселелери» жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобонун 12-пунктуна ылайык жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын иш-аракеттерин андан ары чыңдоо жана иштерин өркүндөтүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын президиумунун тиркелген курамы бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 20-августундагы № 396 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 18-июлундагы № 280 буйругу.
Премьер-министри
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 25-июлундагы № 240 буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Улуттук
аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамы
Бөрүбаев Алтай Асылканович
- Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
Бекболотов Турсунбек Бекболотович
- Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары - башкы окумуштуу катчысы, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти;
Алдашев Алмаз Абдулхаевич
- биология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
Артыкбаев Мэлс Табалдиевич
- саясат илимдеринин доктору, профессор;
Ахматбеков Мусахун Ахматбекович
- К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин Агро-инженердик институтунун кыртыш таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын профессору, айыл чарба илимдеринин доктору;
Бабаев Дөөлөтбай Бабаевич
- педагогика илимдеринин доктору, профессор;
Жаманбаев Муратали Жүзүмалиевич
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, математика илимдеринин доктору, профессор;
Женчураева Розалия Жаманкуловна
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун лаборатория башчысы, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти;
Живоглядов Валерий Петрович
- Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Билимдердин электрондук менеджменти борборунун директору, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти;
Жоробекова Шарипа Жоробековна
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
Койчуев Турар Койчуевич
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин кеңешчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
Мамытов Миталип Мамытович
- И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедра башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
Мусаев Абдылда Инаятович
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, филология илимдеринин доктору, профессор;
Нифадьев Владимир Иванович
- Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
Плоских Владимир Михайлович
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" ТоктомуПостановление · 07.06.2007 · № 212 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.