# КР Премьер-министринин 2009-жылдын 3-июлундагы № 225 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги отурумуна катышуу үчүн кыргыз делегациясын жиберүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 3-июлундагы № 225 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги отурумуна катышуу үчүн кыргыз делегациясын жиберүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 225
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2009
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10564/edition/1279087/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 3-июлундагы № 225 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги отурумуна катышуу үчүн кыргыз делегациясын жиберүү боюнча) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210215

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2009-жылдын 3-июлу № 225 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:

1. Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) 2009-жылдын 7-12-июлунда Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги отурумуна катышуу үчүн кыргыз делегациясы тартылган адамдарды кошкондо, тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 3-июлундагы № 225 буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын Алматы шаарында 2009-жылдын 7-12-июлунда болуучу кезектеги отурумуна катышуу үчүн баруучу кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору, делегациянын жетекчисинин орун басары; Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекетгик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги; Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти; Камбаралиев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Башкы штабынын Башкы оперативдүү башкармалыгынын чек араны күзөтүү жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери; Касымалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; Катанаев А.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; Мандычев Н.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын экспедиция начальниги; Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы.
