Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Капиталды жана мүлктү легалдаштырууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2009-жылдын 14-апрели № 137 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-декабрындагы № 460 «Капиталды жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык:
1. Тиркемеге ылайык курамда капиталды жана мүлктү легалдаштырууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ (мындан ары жумушчу топ) түзүлсүн.
2. Жумушчу топ министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоорун бир жумалык мөөнөттө толуктап иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топ мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте өз ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 11-декабрындагы № 447 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 137 буйругуна ТИРКЕМЕ
Капиталды жана мүлктү легалдаштырууну
караган мыйзам долбоорун даярдоо
боюнча жумушчу топтун курамы
Мокенов А.А.
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абдыкаимов О.А.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Абдыкадырова Ж.Д.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Жээнбеков А.Ш.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Төрөбаев Б.Э.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кулматов К.К.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Акматбеков М.М.
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Мамасадыков Р.А.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
Насиза С.Х.
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары макулдашуу боюнча);
Абылгазиев Т.К.
- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Исмаилов М.А.
- Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Арстанбеков А.С.
- Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Турсунбеков Ч.А.
- Кыргызстандын Ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
Ахметова Н.М.
- Бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2008-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 460 "Капиталды жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.12.2008 · № 460 · Күчүн жоготкон