# КР Премьер-министринин 2009-жылдын 11-мартындагы № 98 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 11-мартындагы № 98 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10545/edition/537156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 11-мартындагы № 98 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу (11.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210196

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2009-жылдын 11-марты № 98 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык: жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамга "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору А.К.Касмалиев киргизилсин;

- "Цурков В.Е.", "Касымов Ч.К.", "Жолчиев М.С." позициялары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды катгоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору, Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары; Касымов Ч.К. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары; Жолчиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн улук офицери,".

Премьер-министри

И.Чудинов
