# КР Премьер-министринин 2009-жылдын 7-февралындагы № 53 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниесине катышуу үчүн кыргыз делегациясын жиберүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 7-февралындагы № 53 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниесине катышуу үчүн кыргыз делегациясын жиберүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2009
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10537/edition/1279069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 7-февралындагы № 53 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниесине катышуу үчүн кыргыз делегациясын жиберүү боюнча) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210188

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2009-жылдын 7-февралы № 53 «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниесине катышуу үчүн Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) 2009-жылдын 16-21-февралында кыргыз делегациясы тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 1-февралындагы № 53 буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын Алматы шаарында 2009-жылдын 16-21-февралында болуучу заседаниесине катышуу үчүн баруучу кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Аламанов С.К.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;

Абдрахманов А.Т.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн референти;

Асаналиев Э.А.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;

Дисковский В.Л.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

Жолчиев М.С.

- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын улук офицери;

Касымов Ч.К.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары;

Катанаев А.Г.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;

Мандычев Н.И.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;

Миңбаев А.А.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун биринчи секретары;

Цурков В.Е.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;

Чернявский В.А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча партиясынын начальниги.
