# КР Премьер-министринин 2009-жылдын 21-январындагы № 43 (Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин айрым жоболорун изилдөө жана натыйжалуулугун баалоо максатында ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 21-январындагы № 43 (Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин айрым жоболорун изилдөө жана натыйжалуулугун баалоо максатында ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10535/edition/553455/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 21-январындагы № 43 (Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин айрым жоболорун изилдөө жана натыйжалуулугун баалоо максатында ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча) буйругу (28.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210186

---

КР Премьер-министринин 2011-жылдын 28-мартындагы № 181 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2009-жылдын 21-январы № 43 (КР Премьер-министринин 2009-жылдын 12-мартындагы № 103, 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 144, 2010-жылдын 15-мартындагы № 109 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Чарбакер субъекттердин, ишкерлердин жана мекемелердин көп сандаган кайрылууларына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин айрым жоболорун изилдөө жана натыйжалуулугун баалоо максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:

Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүлү, комиссиянын төрагасы; Байгуттиев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Шадиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Келдибеков А.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; Аширов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча); Мусабеков А.О. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдоо иштери кызматынын Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); Маматов К.А. - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин инвестициялар жана инновациялар кызматынын жетекчиси; Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Исмаилов М.А. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри; Антонова Т.П. - аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюнча); Красников А.А. - аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюнча); Ким Т.М. - "Салык консультанттарынын палатасы" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Цой Э. - салык консультанты (макулдашуу боюнча); Байжуманов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Абдраев А.К. - "Банктар союзунун" төрагасы (макулдашуу боюнча). (КР Премьер-министринин 2010-жылдын 15-мартындагы № 109 буйругунун редакциясына ылайык)

2. Ведомстволор аралык комиссия туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жоболорунун натыйжалуулугун баалоо максатында чарбакер субъекттердин, ишкерлердин жана мекемелердин кайрылууларын иликтесин жана аны оптималдаштыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

(КР Премьер-министринин 2010-жылдын 15-мартындагы № 109 буйругунун редакциясына ылайык)

3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл учурда мамлекеттик органдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.

(КР Премьер-министринин 2010-жылдын 15-мартындагы № 109 буйругунун редакциясына ылайык)

Премьер-министри

И.Чудинов
