# КР Премьер-министринин 2009-жылдын 17-январындагы № 19 (Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун жолугушуусу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 17-январындагы № 19 (Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун жолугушуусу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2009
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10531/edition/1279057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2009-жылдын 17-январындагы № 19 (Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун жолугушуусу боюнча) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210182

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2009-жылдын 17-январы № 19 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун жолугушуусу Бишкек шаарында 2009-жылдын 19-24-январында өткөрүлсүн.

2. Тиркемеге ылайык жолугушууга катышуу үчүн жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнөн эксперттердин жумушчу тобунун курамы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоого жана демаркациялоого чыгымдардын сметасынын эсебинен эксперттердин жумушчу тобунун жолугушуусун өткөрүүгө финансылык каражат бөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 17-январындагы № 19 буйругуна тиркеме

Бишкек шаарында 2009-жылдын 19-24-январындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин кыргыз жумушчу тобунун КУРАМЫ

Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, эксперттердин кыргыз жумушчу тобунун жетекчиси; Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын бөлүм начальниги; Жолчиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын улук офицери; Касымов Ч.К. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; Катанаев А.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун биринчи секретары; Умурзаков М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти; Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору.
