# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июнундагы № 230-б (Турак үй куруу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июнундагы № 230-б (Турак үй куруу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 230-р
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10529/edition/536909/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июнундагы № 230-б (Турак үй куруу тууралуу) буйругу (05.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210180

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 5-июну № 230-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы №134 "Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек шаарынын «Тунгуч» кичи районундагы 135 батирлүү бир 9 кабат турак үйдүн курулушуна Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде жана Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-булө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жарандык-турак жай департаментине 10 000 000 (он миллион) сом бөлүп берсин.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
