Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Финансылык каражатты бөлүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 14-июну № 252-б Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- мамлекеттик тапшырык аркылуу тартылып жаткан "Курманжан Датка" эки сериялуу көркөм фильмди тартып бүтүрүүгө "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча чыгымдарды кыскартуунун эсебинен 30,0 (отуз миллион) сом өлчөмүндөгү кошумча каражатты 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бөлсүн;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана 2013-жылы "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "Курманжан Датка" эки сериялуу көркөм фильмди тартууга 2011-жылы бөлүнгөн 40,0 (кырк миллион) сомдун пайдаланылгандыгы тууралуу маалыматты бир айлык мөөнөттө берсин;
- ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык бөлүнүүчү каражатты максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 01.02.2013 · № 10
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон