# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 248-б (Курманжан Датканын күмбөзүнө барган узундугу жолду оңдоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 248-б (Курманжан Датканын күмбөзүнө барган узундугу жолду оңдоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 248-р
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10516/edition/536577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 248-б (Курманжан Датканын күмбөзүнө барган узундугу жолду оңдоо боюнча) буйругу (12.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210167

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 12-июну № 248-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы № 975-V "Курманжан Датка жылын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык аймагынын социалдык инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча практикалык жардам көрсөтүү жана автотранспорт каражаттарынын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен 2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттарды төмөнкүлөргө пайдаланууга уруксат берилсин:

- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Мазар көрүстөнүндө жайгашкан Курманжан Датканын күмбөзүнө барган узундугу 1,5 км жолду оңдоо үчүн долбоордук-сметалык документти даярдоого;

- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Мазар көрүстөнүндө жайгашкан Курманжан Датканын күмбөзүнө барган узундугу 1,5 км жолду долбоордук-сметалык документке ылайык, 2013-2014-жылдары оңдоого.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
