Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Курманжан Датканын күмбөзүнө барган узундугу жолду оңдоо боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 12-июну № 248-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы № 975-V "Курманжан Датка жылын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык аймагынын социалдык инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча практикалык жардам көрсөтүү жана автотранспорт каражаттарынын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен 2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттарды төмөнкүлөргө пайдаланууга уруксат берилсин:
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Мазар көрүстөнүндө жайгашкан Курманжан Датканын күмбөзүнө барган узундугу 1,5 км жолду оңдоо үчүн долбоордук-сметалык документти даярдоого;
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Мазар көрүстөнүндө жайгашкан Курманжан Датканын күмбөзүнө барган узундугу 1,5 км жолду долбоордук-сметалык документке ылайык, 2013-2014-жылдары оңдоого.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы № 975-V "Курманжан Датка жылын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 09.09.2011 · № 975-V