Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-06-12.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 12-июну № 245-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы "Эркиндигинен ажыратылган жерден А.Батукаевдин бошотулушун жана анын республиканын чегинен сырткары чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Сарпашев Т.Д.
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Жакипов Ж.И.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Иминов М.С.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Жусубалиев А.И.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кутманов Н.О.
-
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Мамбетсеитов А.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
Сейдалиева М.Э.
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура боюнча башкармалыгынын начальниги.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы "Эркиндигинен ажыратылган жерден А.Батукаевдин бошотулушун жана анын республиканын чегинен сырткары чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомунан келип чыккан маселелерди карасын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине тийиштүү сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин координациялоону жана уюштуруучулук камсыздоону камсыз кылсын.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын өзүм контролдойм.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3111-V "Эркиндигинен ажыратылган жерден А.Батукаевдин бошотулушунун жана анын республиканын чегинен сырткары чыгып кетүүсүнүн…Постановление · 30.05.2013 · № 3111-V
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р