# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 242-б (Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия курамын түзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 242-б (Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия курамын түзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 242-р
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10511/edition/536575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 242-б (Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия курамын түзүү боюнча) буйругу (10.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210161

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 10-июну № 242-б "Айыл чарба каттоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун өз убагында даярдоо жана сапаттуу өткөрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 242-б буйругуна 1-тиркеме

Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплекси маселелерин тейлеген вице-премьер-министри, Республикалык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, Республикалык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Республикалык комиссиянын төрагасынын орун басары. Республикалык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары.
