Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине насыя каражатын берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 10-июну № 235-б Жол тейлөөчү ишканаларды жол-курулуш техникалары менен камсыздоо жана "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит жана 6,0 млн. АКШ доллары суммасында грант берүү жөнүндө Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында алынган финансы каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине 73500004 (жетимиш үч миллион беш жүз миң төрт) сом өлчөмүндө насыя каражатын берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти жол тейлөөчү ишканаларга асфальт-бетон заводдорду жана таш талкалоочу орнотмолорду бөлүштүрүп берсин жана алынуучу насыя каражаттарын максаттуу пайдаланууну жана өз убагында кайтарууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду белгиленген тартипте жол тейлөөчү ишканалар - асфальт-бетон заводдорун жана таш талкалоочу орнотмолорду алуучулар менен насыя каражаттарын төмөнкү шарттарда кайтаруу боюнча карыздык милдеттенме түзсүн:
- насыянын негизги суммасы 26 бирдей бөлүк менен жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 15-мартында жана 15-сентябрында төлөнөт, мында негизги карызды биринчи төлөө - 2019-жылдын 15-сентябры, негизги карызды төлөөнүн акыркы күнү - 2032-жылдын 15-марты;
- насыяны пайдалануунун пайыздык ставкасы - жылдык 2 пайыз, эсептелген пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 15-мартында жана 15-сентябрында төлөнөт, мында пайызды биринчи төлөө - 2013-жылдын 15-сентябры;
- күрөөлүк камсыздоо болуп насыянын предметинин өзү эсептелет;
- насыяны өз убагында кайтарбагандыгы үчүн жылдык 6 пайыз өлчөмүндө айып каралат.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.