# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 209-б (Автомобиль жолдорунун участоктору муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 209-б (Автомобиль жолдорунун участоктору муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 209-р
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10482/edition/535446/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 209-б (Автомобиль жолдорунун участоктору муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу боюнча) буйругу (27.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210132

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 27-майы № 209-б "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:

1. Төмөнкү автомобиль жолдорунун участоктору муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которулсун:

- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жайгашкан Шамалды-Сай кыштагынан мамлекеттик маанидеги Үч-Коргон ГЭСи - Кербен-Ала-Бука-Чаткал жолуна чейинки бөлүгү, узундугу 3,6 км;

- Баткен облусунун Баткен районунун аймагында жайгашкан Исфара-Ворух жолунун 8-10 км бөлүгү, узундугу 2 км;

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын Вокзальная көчөсү, узундугу 700 метр.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолдорунун участокторун баланска алсын;

- баланска алынган автомобиль жолдорунун участокторун 2013-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жана чегинде капиталдык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
