# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 205-б (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин линиялык персоналынын кызматкерлерин жана жумушчуларын социалдык колдоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 205-б (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин линиялык персоналынын кызматкерлерин жана жумушчуларын социалдык колдоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 205-р
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10478/edition/535435/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 205-б (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин линиялык персоналынын кызматкерлерин жана жумушчуларын социалдык колдоо боюнча) буйругу (27.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210128

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 27-майы № 205-б Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин линиялык персоналынын кызматкерлерин жана жумушчуларын социалдык колдоо максатында: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 132 токтомунун жоболору күчүнө киргенге чейин төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин линиялык персоналынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын 2013-жылдын 1-апрели - 2013-жылдын 30-июнундагы эмгек акысын жогоруда аталган токтом менен белгиленген кызматтык маяналарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин атайын каражаттарынын эсебинен төлөөгө;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда атайын эсептин каражаттарын бөлүштүрүүгө.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
