Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин линиялык персоналынын кызматкерлерин жана жумушчуларын социалдык колдоо боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 27-майы № 205-б Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин линиялык персоналынын кызматкерлерин жана жумушчуларын социалдык колдоо максатында: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 132 токтомунун жоболору күчүнө киргенге чейин төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин линиялык персоналынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын 2013-жылдын 1-апрели - 2013-жылдын 30-июнундагы эмгек акысын жогоруда аталган токтом менен белгиленген кызматтык маяналарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин атайын каражаттарынын эсебинен төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда атайын эсептин каражаттарын бөлүштүрүүгө.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик…Постановление · 11.07.2008 · № 372 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КРӨкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик…Постановление · 14.03.2013 · № 132 · Күчүн жоготкон