# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы № 196-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы № 196-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 196-р
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10470/edition/1188445/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы № 196-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу (23.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210120

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 24-майы № 196-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүчү кызмат орундарынын жана адамдардын тизмесинде:

бүткүл тексти боюнча: "Президенттин Администрациясы" деген сөздөр "Президенттин Аппараты" деген сөздөргө алмаштырылсын; "(\*)", "(\*\*)" белгилери алып салынсын; 23-пункту "мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин "инспекциялардын жана" деген сөздөр менен толукталсын; 52-пункту төмөнкүдөй мазмунда берилсин: "52. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчилери жана жардамчылары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы."; 71, 76-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарына жанаша аймакка кызматтык автомобили менен кирүү укугуна ээ кызмат адамдарынын тизмесинде:

бүткүл тексти боюнча: "(\*)" белгиси алып салынсын; 5-пунктундагы "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр "Президентинин Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы 11-пункт толукталсын: "11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр."; он биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортунун расмий делегациялар залында көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөө боюнча нускамада:

бүткүл тексти боюнча: "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр "Президентинин Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; "(\*)", "(\*\*)" белгилери алып салынсын; 2-пункту: төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси;"; төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басарлары;"; төмөнкү мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери;"; он тогузунчу абзацы "мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин "инспекциялардын жана" деген сөздөр менен толукталсын; жыйырма жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иш башкаруучусу жана анын орун басарлары;"; 13-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы катышкан иш-чаралар да Чоң залда өткөрүлөт. Иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын катышуусунда өткөрүү бир учурда пландалса, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы катышкан иш-чаралар Кичи залда өткөрүлөт."; 14-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана анын орун басарлары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары" деген сөздөргө алмаштырылсын; эскертүүнүн төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
