КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 23 сентября 2022 года № 511-р (Об обслуживании в залах официальных делегаций аэропортов открытого акционерного общества "Международный аэропорт "Манас")» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-09-23.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-майы № 196-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүчү кызмат орундарынын жана адамдардын тизмесинде:
бүткүл тексти боюнча: "Президенттин Администрациясы" деген сөздөр "Президенттин Аппараты" деген сөздөргө алмаштырылсын; "(*)", "(**)" белгилери алып салынсын; 23-пункту "мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин "инспекциялардын жана" деген сөздөр менен толукталсын; 52-пункту төмөнкүдөй мазмунда берилсин: "52. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчилери жана жардамчылары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы."; 71, 76-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарына жанаша аймакка кызматтык автомобили менен кирүү укугуна ээ кызмат адамдарынын тизмесинде:
бүткүл тексти боюнча: "(*)" белгиси алып салынсын; 5-пунктундагы "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр "Президентинин Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы 11-пункт толукталсын: "11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр."; он биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортунун расмий делегациялар залында көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөө боюнча нускамада:
бүткүл тексти боюнча: "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр "Президентинин Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; "(*)", "(**)" белгилери алып салынсын; 2-пункту: төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси;"; төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басарлары;"; төмөнкү мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери;"; он тогузунчу абзацы "мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин "инспекциялардын жана" деген сөздөр менен толукталсын; жыйырма жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иш башкаруучусу жана анын орун басарлары;"; 13-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы катышкан иш-чаралар да Чоң залда өткөрүлөт. Иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын катышуусунда өткөрүү бир учурда пландалса, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы катышкан иш-чаралар Кичи залда өткөрүлөт."; 14-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана анын орун басарлары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары" деген сөздөргө алмаштырылсын; эскертүүнүн төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т ("Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар…Распоряжение · 23.09.2022 · № 511-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-р ("Манас эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залында көрсөтүлгөн кызматтар боюнча)…Распоряжение · 16.08.2010 · № 39-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т ("Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар…Распоряжение · 23.09.2022 · № 511-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-р ("Манас эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залында көрсөтүлгөн кызматтар боюнча)…Распоряжение · 16.08.2010 · № 39-р · Күчүн жоготкон