Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Конкур боюнча «Шериктештиктин Кубогу» жана «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу» эл аралык турнирди даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-05-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 21-майы № 192-б Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине жана Кыргыз Республикасынын "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, эл аралык байланыштарды чыңдоо жана Кыргыз Республикасын дүйнөлүк спорттук кыймылда таанытуу, ошондой эле сергек жашоо образын пропагандалоо жана ат спортун кеңири жайылтуу максатында:
1. Конкур боюнча "Шериктештиктин Кубогу" жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу" эл аралык турнирди даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 2013-жылдын 23-26-майында Республикалык адистештирилген ат спорту жана азыркы беш таймаш боюнча олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин аймагында конкур боюнча "Шериктештиктин Кубогу" жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу" эл аралык турнирин (мындан ары - ат спорттук оюндарды) өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 2013-жылга каралган каражаттардын чегинде ат спорттук оюндарды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдардын өз убагында каржыланышын камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ат спорттук оюндарды өткөрүү мезгилинде укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ат спорттук оюндарга катышуучу командалардын мүчөлөрүнө визаларды тариздөөгө өз убагында жардам көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ат спорттук оюндардын катышуучуларын медициналык тейлөөнү камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ат спорттук оюндарга катышуучу спорттук аттар салынган атайын транспорттун Кыргыз Республикасынын аймагына киришине жана тийиштүү документтеринин таризделишине көмөк көрсөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ат спорттук оюндарды өткөрүүгө байланыштуу ветеринариялык иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө контролду камсыздасын.
9. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясына ат спорттук оюндардын жүрүшүн күн сайын чагылдыруу сунушталсын.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-майындагы № 192-б буйругуна тиркеме
Конкур боюнча "Шериктештиктин Кубогу" жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу" эл аралык турнирди даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Талиева К.А.
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Саралинов М.Н.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Лаврова О.В.
-
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Суранчиев А.Ш.
-
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Абдылдаев Э.Б.
-
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Сагинбаева Д.З.
-
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кулматов К.К.
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Исраилов А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Оторбаев К.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон