# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 477-б (Карыздык милдеттенмелерди кайтаруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 477-б (Карыздык милдеттенмелерди кайтаруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 477-р
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210086>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10436/edition/539343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210086.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 477-б (Карыздык милдеттенмелерди кайтаруу боюнча) буйругу (05.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210086

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 5-декабры № 477-б Зайымдык каражаттарды кайтарууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Бишкек шаарынын мэриясы алган карыздык милдеттенмелерди кайтаруу шарттарын 2000-жылдын 17-ноябрындагы, 2004-жылдын 5-июлундагы № 134-04 № 135-04, № 136-04 келишимдерине ылайык төмөнкүдөй шарттарда өзгөртсүн:

негизги сумманы кайтарууну ай сайын төмөнкүдөй текши төлөмдө жүргүзсүн: 2014-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 1-январына чейин - негизги суммадан 20 пайыз өлчөмүндө; 2016-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 1-октябрына чейин - негизги суммадан 80 пайыз өлчөмүндө; кредитти пайдалангандыгы үчүн учурдагы пайыздарды негизги сумма менен бир убакта төлөсүн; ушул буйрук күчүнө кирген күнгө карата мурда эсептелген жана жоюлбаган пайыздарды жана айыптарды обочолонгон суммага бөлүп чыгарсын жана обочолонгон сумманы төлөө мезгилин 2016-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 1-октябрына чейин белгилесин;

- карыздык милдеттенмелерге карата кошумча макулдашууларды белгиленген тартипте тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 554-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
