# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 469-б (Ош шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Жалал-Абад шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Базар-Коргон айылынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын долбоорлору жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 469-б (Ош шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Жалал-Абад шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Базар-Коргон айылынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын долбоорлору жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 469-р
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10427/edition/536931/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210077.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 469-б (Ош шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Жалал-Абад шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Базар-Коргон айылынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын долбоорлору жактыруу боюнча) буйругу (28.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210077

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 28-ноябры № 469-б Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 30-декабрындагы № 58 "Бишкек шаарында 2010-жылдын 27-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн атайын жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн атанын жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районун суу менен камсыз кылуу жана санитария тутумдарын жакшыртуу максатында:

1. Ош шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Жалал-Абад шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Базар-Коргон айылынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын (мындан ары - Көчүрүү пландары) расмий тилдеги тиркелген долбоорлору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Көчүрүү пландарына кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашуу боюнча "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн атайын жардам" долбоорунун каражатынын эсебинен Көчүрүү планы боюнча компенсацияларды (Грант № 0217 KGZ (SF), Кредит № 2668-KGZ (SF) төлөөгө уруксат берилсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
