Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ош шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Жалал-Абад шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Базар-Коргон айылынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын долбоорлору жактыруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 28-ноябры № 469-б Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 30-декабрындагы № 58 "Бишкек шаарында 2010-жылдын 27-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн атайын жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн атанын жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районун суу менен камсыз кылуу жана санитария тутумдарын жакшыртуу максатында:
1. Ош шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Жалал-Абад шаарынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын, Базар-Коргон айылынын чакан долбоорунун көчүрүү планынын (мындан ары - Көчүрүү пландары) расмий тилдеги тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Көчүрүү пландарына кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашуу боюнча "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн атайын жардам" долбоорунун каражатынын эсебинен Көчүрүү планы боюнча компенсацияларды (Грант № 0217 KGZ (SF), Кредит № 2668-KGZ (SF) төлөөгө уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (9)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- Бишкек шаарында 2010-жылдын 27-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн атайын жардам"…Закон · 30.12.2010 · № 58
- Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо…Закон · 16.05.2011 · № 24
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрели N 217 "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү…Постановление · 03.04.2006 · № 217 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августу № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө"Постановление · 21.08.2003 · № 537 · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.