# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 467-б (2013-жылдын 30-ноябрын жумуш күнү деп жарыялоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 467-б (2013-жылдын 30-ноябрын жумуш күнү деп жарыялоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 467-р
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210075>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10425/edition/539337/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210075.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 467-б (2013-жылдын 30-ноябрын жумуш күнү деп жарыялоо боюнча) буйругу (27.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210075

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 27-ноябры № 467-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын кызматкерлери үчүн 2013-жылдын 30-ноябры Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын агент-банктарына 2013-жылдын 30-ноябрын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
