Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2014-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга Мамлекеттик тапшырык бекитүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-11-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 11-ноябры № 448-б Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы № 162 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өнүктүрүү Программасын эске алып, окутуу системасын өркүндөтүү жана жогорку квалификациялык кадрлар менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү буйрук кылат:
1. Тиркелген: 2014-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга Мамлекеттик тапшырык (мындан ары - Мамлекеттик тапшырык) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын каржыланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына төмөнкү сунуштар берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана башка таламдаш мамлекеттик органдар менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга Мамлекеттик тапшырык жөнүндө жобонун долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу үчүн жогорку билим берүү уюмдарынын арасында конкурстук тандоо жүргүзсүн;
- Мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу башталганда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу процессине жана сапатына туруктуу мониторинг жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги региондук мамлекеттик жогорку окуу жайларын Мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу боюнча конкурска катышууга тартсын.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын билдирмеси (макулдашуу боюнча) боюнча окутуу программаларына ылайык квалификацияны жогорулатуу курстарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жөнөтүүнү камсыз кылышсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 448-б буйругу менен бекитилген
2014-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга МАМЛЕКЕТТИК ТАПШЫРЫК
№
Курстардын тематикасы
Окугандардын контингенти
Окугандардын саны
Бишкек ш., Чүй облусу
Ош ш., Ош облусу
Баткен облусу
Жалал- Абад облусу
Ысык- Көл облусу
Нарын облусу
Талас облусу
Сааттардын саны
1
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуучу машыктыруучулар үчүн курстар:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы;
- мамлекеттик финансы. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык негиздери;
- мамлекеттик башкарууну документтик камсыздоо;
- региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү башкаруу;
- натыйжалуу башкаруунун көндүмдөрү;
- персоналдарды башкаруу;
- этнос аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар;
- стратегиялык пландоо;
- Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо тутуму
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга тартылган региондук жогорку окуу жайларынын окутуучулары, машыктыруучулар
60
40
40
40
40
2
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусу:
- гендердик саясаттын негиздери;
- чечендик өнөрдүн негиздери;
- натыйжалуу иштиктүү баарлашуунун психологиясы;
- адам ресурстарын башкаруу;
- стратегиялык пландоо;
- мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо;
- этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү;
- байланыш көндүмдөрү
Мамлекеттик органдардын статс-катчылары жана аппарат жетекчилери
50
25
72
3
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы:
- мамлекеттик органдын кызматкерлерин башкаруу;
- этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар;
- мамлекеттик органдардын персоналдарын башкаруу боюнча заманбап кадрдык жана маалыматтык технологиялар;
- мамлекеттик кызмат өтөөнү уюштуруу;
- мамлекеттик кызматка гендердик ыкмаларды киргизүү;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү;
- байланыш көндүмдөрү
Мамлекеттик органдардын кадр кызматтарынын кызматкерлери
100
50
20
20
20
20
20
72
4
Мамлекеттик финансы:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети жана бюджеттик тутуму;
- бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруунун жаңы стандарттары;
- бухгалтердик эсеп 1С; - тышкы жана ички аудит;
- мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу;
- бюджеттик эсеп жана отчеттуулук;
- мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору
Мамлекеттик органдардын финансылык бөлүнүштөрүнүн кызматчылары
100
50
20
20
20
20
20
72
5
Мамлекеттик башкарууну документтик камсыздоо:
- мамлекеттик органдарда иш кагаздарын жүргүзүү;
- документтик камсыздоону мыйзамдык жана ченемдик-методикалык жөнгө салуу;
- даттануулар жана арыздар менен иштөө
Мамлекеттик органдардын адистери (башкы жетектөөчүлөрдү кошкондо)
300
100
50
100
75
50
50
72
6
БЖКны жогорулатуу курстары (билим, билгичтик, көндүмдөр):
- кесиптик этика жана байланыш көндүмдөрү;
- талдоо документтерин даярдоо;
- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, чечимдердин долбоорлорун макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү жол-жоболору;
- тайм-менеджмент;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
- маалыматтык технологияларды колдонуу
Бөлүмдөрдүн башчылары, мамлекеттик органдардын адистери (башкы жана жетектөөчү адистерди кошкондо)
300
100
50
100
75
50
50
72
7
Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү
Мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери жана адистери (башкы жана жетектөөчүлөрдү кошкондо)
300
100
50
100
75
50
50
60
8
Натыйжалуу башкаруунун көндүмдөрү:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
- этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар;
- мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн персоналдарын башкаруу;
- тайм-менеджмент жана ыйгарым укуктарды берүү;
- мамлекеттик саясатты талдоо, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- байланыш көндүмдөрү жана чыр-чатактарды башкаруу;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү
Мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери
250
50
20
30
30
20
20
72
9
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун негиздери:
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик башкаруу тутуму;
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызмат тутуму;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тутуму;
- мамлекеттик башкаруу органдарында иш кагаздарын жүргүзүү;
- тандоо документтерин даярдоо;
- кесиптик этика жана байланыш көндүмдөрү
Мамлекеттик кызматка биринчи жолу кирген мамлекеттик органдардын адистери
50
20
20
20
20
20
20
72
10
Стратегиялык пландоо жана персоналдарды башкаруу:
- чечендик өнөрдүн негиздери;
- стратегиялык пландоо;
- персоналды башкаруу;
- мамлекеттик саясатты талдоо жана иштеп чыгуу;
- өнүктүрүү долбоорлорун жана программаларын башкаруу;
- байланыш көндүмдөрү;
- чыр-чатактарды башкаруу;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү
Мамлекеттик кызматтын Улуттук кадрлар резервине киргизилген адамдар
25
72
Жыйынтыгы:
3425
1535
495
230
390
315
230
230
11
Кыргыз Республикасындагы муниципалдык башкаруу:
- жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу. Жарандык коомчулук менен өз ара аракеттенүү жана отчет берүү;
- муниципалдык менчикти жана жер ресурстарын башкаруудагы жергиликтүү кеңештердин ролу;
- аймактарды өнүктүрүү стратегиясы жана пландоо процессиндеги жергиликтүү кеңештердин ролу;
- жергиликтүү кеңештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери;
- этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар;
- жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү
Жергиликтүү кеңештердин төрагалары (орун басарлары)
110
90
35
70
60
60
35
72
12
Стратегиялык пландоо жана региондорду экономикалык көтөрүү:
- муниципалдык кызматты уюштуруу жана өтөө;
- Кыргыз Республикасындагы муниципалдык кызмат тутуму;
- стратегиялык пландоо жана аймактарды экономикалык өнүктүрүү;
- жергиликтүү бюджет жана бюджеттик процесс. Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар;
- ишкердикти өнүктүрүү, инвестицияларда тартуу, жумушчу орундарын түзүү;
- муниципалдык менчикти, жер ресурстарын башкаруу;
- турак жай-коммуналдык чарбаны жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу;
- этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар;
- чыр-чатактарды башкаруу;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары
110
90
35
70
60
60
35
72
13
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин уюштуруу:
- муниципалдык кызматты өтөөнү уюштуруу;
- Кыргыз Республикасындагы муниципалдык кызмат тутуму;
- персоналды башкаруу боюнча заманбап кадрдык жана маалыматтык технологиялар;
- этностор аралык мамилелерди башкаруу жана маданияттар аралык байланыштар;
- муниципалдык кызматка гендердик ыкмаларды киргизүү;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү;
- байланыш көндүмдөрү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчылары
110
90
35
70
60
60
35
72
14
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык негиздери:
- жергиликтүү бюджет жана бюджеттик процесс. Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар;
- финансылык менеджмент;
- тышкы жана ички аудит;
- бухгалтердик эсеп;
- муниципалдык тапшырыктар жана мамлекеттик сатып алуулар;
- жергиликтүү өнүктүрүүгө мониторинг жана статистика;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү
ФЭБдердин начальниктери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык-эко- номикалык маселелер боюнча адистери
75
40
15
40
30
20
20
72
15
БЖКны жогорулатуу курстары (билим, билгичтик, көндүмдөр):
- кесиптик этика жана байланыш көндүмдөрү;
- талдоо документтерин даярдоо;
- ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- тайм-менеджмент; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
- маалыматтык технологияларды колдонуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери
300
200
100
200
100
100
75
72
16
Кыргыз Республикасында социалдык коргоо тутуму:
- мамлекеттин социалдык саясаты;
- Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо тутуму;
- социалдык кызмат көрсөтүүлөр;
- чыр-чатактарды башкаруу;
- байланыш көндүмдөрү;
- кесиптик этика жана коррупцияга каршы күрөшүү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык коргоо маселелери боюнча адистери
75
40
15
40
30
20
20
72
Жыйынтык:
2935
780
550
235
490
340
320
220
Бардыгы:
6360
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- КР Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 162 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.07.2013 · № 162 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон