Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Объекти өткөрүп берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 11-ноябры № 443-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына "Сох" анклавынын периметри боюнча инженердик тосуу жабдуулары" курулуш иштери бүтө элек объектисин (аныкталып жазылган тилкелердеги тикенек зым тосмону) белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы белгиленген тартипте:
- "Сох" анклавынын периметри боюнча инженердик тосуу жабдуулары" курулуш иштери бүтө элек объектисин (аныкталып жазылган тилкелердеги тикенек зым тосмону) өткөрүп алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине "Сох" анклавынын периметри боюнча инженердик тосуу жабдуулары" объектисинде (аныкталып жазылган тилкелердеги тикенек зым тосмодо) жасалган курулуш иштеринин акысын төлөсүн.
3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 188-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Божой, Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Кыш-Туут айыл аймагынын Чарбак, Таян, Сай айылдарынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планында:
- 8-пунктундагы "Сох" анклавынын периметри боюнча инженердик тосуу жабдуулары (аныкталып жазылган тилкелерди тикенек зым менен тосуу)" деген сөздөр "Сох" анклавынын периметри боюнча инженердик курулмаларды жана тосмолорду орнотуу" (аныкталып жазылган тилкелер боюнча тикенек зым тосмолорду, аңдарды жана металл кароол секилерди)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 44-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктунда:
экинчи абзацындагы "1-9" деген цифралар "1-7, 9" деген цифраларга алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "- 8-пункт боюнча - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы;"; үчүнчү жана төртүнчү абзацтары тиешелүү түрдө төртүнчү жана бешинчи абзацтар деп эсептелсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 19-б (Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй, Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Кыш-Туут айыл аймагынын Чарбак…Распоряжение · 28.01.2013 · № 19-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 44-б (Объекттерди долбоорлоого жана курууга мамлекеттик заказчыларды аныктоо боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.02.2013 · № 44-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 188-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 19-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүү…Распоряжение · 29.04.2015 · № 188-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 44-б (Объекттерди долбоорлоого жана курууга мамлекеттик заказчыларды аныктоо боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.02.2013 · № 44-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 188-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 19-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүү…Распоряжение · 29.04.2015 · № 188-р · Күчүн жоготкон