# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 426-б (Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган Соода саясатынын баяндамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген отчету жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 426-б (Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган Соода саясатынын баяндамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген отчету жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 426-р
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10387/edition/535257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 426-б (Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган Соода саясатынын баяндамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген отчету жактыруу боюнча) буйругу (23.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210037

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 23-октябры № 426-б

1. Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган Соода саясатынын баяндамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген отчету жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жогоруда аталган Отчетту ДСУнун Секретариатына берсин.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 426-б буйругу менен жактырылган

Соода саясатынын баяндамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ОТЧЕТУ

I. КИРИШҮҮ

1. Соода саясатынын баяндамасы (ССБ) боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул Отчету экинчи отчет болуп саналат. Кыргыз Республикасынын соода саясатынын биринчи баяндамасы 1998-2005-жылдардагы мезгил үчүн 2006-жылы жасалган. Биринчи Отчеттун жүрүшүндө ДСУга мүчө өлкөлөр сооданы эркин кое берүүгө жана экономикага инвестицияларды тартууга багытталган өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларды оң баалашкан, республика милдеттенмелерин аткаргандыгын белгилешкен.

2. Отчет 2006-2012-жылдардагы экономикалык өнүгүү, соода саясаты жаатындагы жетишкендиктер тууралуу маалыматты, экономикалык өнүгүүнүн келечектеги багыттарын жана Кыргыз Республикасынын соода саясатындагы артыкчылыктарды камтыйт. Кыргыз Республикасынын ДСУга мүчө болгон бардык мезгилинде сооданын географиялык бөлүнүүсүндө, ошондой эле тышкы соода саясатынын өзүндө түп-тамырынан өзгөрүүлөр болуп өттү. Товардык агымдын структурасы дагы айрым өзгөрүүлөргө дуушар болду.

3. Кыргыз Республикасынын ДСУга мүчө болуп кириши жана катышуусу дүйнөлүк сооданын өнүгүүсүнүн тенденциялары менен аныкталуучу тышкы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ийкемдүүлүк менен пайдаланууга өлкөнүн экономикасын кайра багыттоо үчүн зарыл болгон негиздерди түзүү үчүн өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан реформаларга түздөн-түз көмөк көрсөттү.

4. 2005 жана 2010-жылдары болуп өткөн саясий окуялар менен байланышкан айрым кыйынчылыктарга жана ушундан келип чыккан экономикалык кесепеттерге карабастан Кыргыз Республикасы ак ниет атаандашуу жана өлкөгө инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу жагдайды камсыздоо боюнча эркин соода саясатын жүргүзүүнү улантып келүүдө.

II. ЭКОНОМИКАЛЫК ЧӨЙРӨ

1. 2006-2012-жылдарда экономиканы өнүктүрүү

1.1. Кыргыз Республикасында 2006-жылдан баштап экономикалык жана инвестициялык иштин жандангандыгы байкалууда, ички дүң продукт реалдуу түрдө 3,1%га өстү, ал эми 2007-2008-жылдары ИДПнын өсүшү орточо 8,5%ды (1-таблица) түзгөн. 2009-жылы дүйнөлүк финансылык кризистин кесепетинен экономикалык өсүштүн басаңдашы болгон, ИДПнын көлөмү болгону 2,9%га өскөн.

2007-2009-жылдары ИДПнын өсүшүнө оң салымды - айыл чарбасы, курулуш, соода, мейманканалар менен ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү, транспорт жана байланыш тармактары кошту. Экономиканын өнүгүүсүндө алтын казып алуу тармагынын таасири ИДПга карата 4%га жакынды түздү. Өлкөнүн ичиндеги саясий туруксуздуктун айынан 2010-жылы реалдуу сектор ички олку-солкулукту башынан өткөрдү. 2010-жылы ИДПнын көлөмү реалдуу өңүттө мурдагы жылга салыштырганда 0,5%га азайды. 2011-жылы курулушту кошпогондо, экономиканын баардык тармактарында өсүүнү калыбына келтирүү байкалды. 2011-жылдын жыйынтыктары боюнча ИДП реалдуу өңүттө 6,0%га көбөйдү. 2012-жылы "Кумтөр" алтын кенин иштетүү боюнча ишканаларда өндүрүштүн төмөндөшүнүн натыйжасында экономикалык өсүш олуттуу басаңдады. Ошол эле учурда ИДПга башка секторлордун, атап айтканда, курулуш кызмат көрсөтүүлөрүнүн салымы оң болду. Бирок буга карабастан 2012-жылы ИДПнын көлөмү өткөн жылга салыштырганда реалдуу түрдө 0,9% төмөндөгөн. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо, реалдуу ИДПнын өсүшү 5,0%ды түздү.

1.2. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 2006-2012-жылдары 22,2%дан 2006-2012-жылдардагы ИДПда 28,5%га чейин, номиналдуу түрдө 25,08 млрд. сомдон 86,8 млрд. сомго же 3,2 эсе өскөн. Бюджеттин кирешесинин көпчүлүк бөлүгү салык каражаттарынан түзүлөт, 2006-жылдын кирешелеринин структурасында салыктык каражаттар 79,7%ды түзгөн. 2009-жылдан баштап Кыргыз Республикасыньш Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) жаңы редакциясын колдонууга киргизүү менен шартталган, салык каражаттарынын үлүшү 65,3%га чейин төмөндөшү байкалган, бул КНСтин үлүшүнүн азайышына, натыйжада анын коюмунун азайышына алып келген. 2010-жылдан тартып мамлекеттик бюджеттин кирешелеринде салыктык каражаттарынын болоор-болбос өсүшү байкалууда.

1.3. 2010-жылдагы социалдык-экономикалык туруксуздуктун натыйжасында салыктык кирешелердин өсүш темпи азайды, социалдык коргоого, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого, капиталдык курулушка жана оңдоолорго мамлекеттик чыгымдар көбөйдү жана ушунун натыйжасында мамлекеттик бюджеттин дисбалансы олуттуу көбөйдү. Бюджеттин тартыштыгы 2006-жылдагы 0,1%дын ордуна 2012-жылы 6,6%га чейин өстү.

1.4. 2006-2012-жылдары ИДП калктын киши башына эки эседен көбүрөөк өстү жана азыркы учурда 2006-жылдагы деңгээлден 643 АКШ долларына көп. 2006-жылдан баштап өлкөнүн калкынын кирешесинин өсүшүнө, анын натыйжасында турмуш деңгээлинин жогорулашына эмгек мигранттарынын трансферттери олуттуу таасирин тийгизди, алар 2006-2012-жылдары ИДПнын 15%ынан 29,3%ына чейин өстү. Бул финансылык каражаттар бүткүл калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүн токтотуп турат. 2006-2012-жылдары жакырчылыктын деңгээли 39,9%дан 36,8% чейин азайды.

1.5. Кызмат көрсөтүү секторунун олуттуу өсүшү байкалууда, 2012-жылы анын үлүшүнө ИДПнын 46,6%ы (2006-жылдагы 40,4% салыштырганда) туура келди. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн структурасында айрыкча көп көлөмдү соода ээлейт. Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдү ийгиликтүү реформалоонун жана кеңейтүүнүн, тийиштүү ички суроо-талап менен колдоого алынып турган сооданын эсебинен кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өсүш 2010-жылга чейин жылына орточо 7,5%га камсыздалды. 2012-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн реалдуу өсүшү 6,1%ды түздү. Кыргызстандын курулуштан башка экономика секторлорунун бири дагы өсүштүн мындай темпин көрсөтө алышкан жок.

1.6. 2006-жылы инфляция 5,1%ды түздү. 2007-жылдан баштап азык-түлүк товарларына жана энергия ресурстарына баалардын өсүшү менен шартталган 2007-2008-жылдарда тиешелүүлүгүнө жараша инфляциянын 20,7% жана 20,0%га өсүшү байкалууда, анын себеби дүйнөлүк рыноктордогу процесстерде. Чоң таасирди көмүскө экономиканын сектору улантып келет. Ар кайсы баалоолор боюнча көмүскө экономиканын сектору ИДПнын 50%ына чейин жетет(1). Бул мезгилде акча-кредиттик жана фискалдык саясат өлкөдөгү инфляциялык процесстерди токтотуп турууга багытталган. Натыйжада 2009-жылы өлкөдө инфляциянын деңгээли нөлгө чейин төмөндөдү. Ал эми 2010-жылы саясий туруксуздуктун таасири менен инфляция кайрадан 19,2%га чейин өстү. Акыркы жылдары кырдаал жакшырды, бир белгинин сандык чегинде инфляция кыскарды.

1.7. Акча-кредиттик жөнгө салуу жаатында көрүлгөн структуралык чаралар 2006-2008-жылдары улуттук валютанын бекемделишине мүмкүндүк берди, америка долларына карата сомдун алмашуу курсу АКШ доллары/40,16-36,57 сомду түздү. 2008-жылдын күз айларынан тартып 2010-жылга чейин тышкы факторлордун таасири астында, 2010-жылдан баштап ички факторлордон улам улуттук валютанын алсыздануу тенденциясы байкалган жана 2012-жылы сомдун алмашуу курсу АКШнын бир доллары/47,01 сомго жетти.

1.8. Республикадагы инвестициялык жана курулуш иштерин активдештирүүнүн натыйжасында, 2007-2011-жылдары инвестицияларды пайдалануунун көлөмү 2010-жылды кошпогондо туруктуу көбөйгөн. 2006-2009-жылдары ИДПга карата Кыргызстанда негизги капиталга инвестиция 16,5% - 19,7%ды түздү. Каржылоонун негизги булагы катары ишкананын өз каражаттары колдонулат (артыкча капиталда чет өлкөлүк капиталдуу ишканалардын каражаттары). 2008 жана 2009-жылдары башка булактардын эсебинен бир учурда өсүшү менен өз каражаттарынын эсебинен каржылоо азайган. Өсүү транспортко жана байланышка, мейманкана жана ресторан бизнесине, кыймылсыз мүлктөр менен операцияларды жүргүзүүгө инвестициялардын көбөйүшүнүн эсебинен болду.

1.9. Азыркы этапта өлкөнүн экономикасы айрыкча ачык-айкын болуп саналып, ачык-айкындыктын көрсөткүчү өсүүдө. 2006-жылы товарлардын экспорту жана импорту тиешелүүлүгүнө жараша 31,3%ды жана 67,8% ды, ал эми 2012-жылы ИДПга карата 30,5%ды жана 78,8%ды түздү. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүн көбөйтүү товарларды экспорттоонун (орточо өсүш темпи - 2,1%) эсебинен болгон болсо, импорттун (орточо өсүш темпи - 2,8%) эсебинен дал ошондой эле болду, 2006-2012-жылдардын аралыгында импорт 2,8 эсе, экспорт болгону - 2,1 эсе өстү. 2006-2012-жылдары айыл чарбасынын салыштырма салмагы өлкөнүн ИДПсында 28,7%дан 17,5%га төмөндөгөн.

1.10. ИДПдагы өнөр жайдын салыштырма салмагы 2006-2012-жылдары алтынды казып алуунун жана жеңил өнөр жайынын ишканаларында продукция өндүрүү өсүшүнүн жана электр энергиясын, газды сууну өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен 14,9% - 16,8%ды түздү. Бул мезгилде өнөр жайдын өсүшү, 2010-2012-жылдардан башкасында, орточо алганда 2%га жакын болду. Республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн жетишсиз өнүгүү тобокелин жараткан негизги көйгөй - реалдуу өндүрүш базалык саналуу ишканаларга (энергетика, алтын казып алуу) абдан концентрацияланып жана алардын ишине өзгөчө көз каранды экендигинде.

1.11. 2006-2009-жылдары курулуштун дүң продукциясынын орточо жылдык өсүш темпи жогору болду - 21,1%, бул сектордун ИДДнын структурасындагы салыштырма салмагы орточо 5,2%ды түздү. Курулуш иштери айрыкча электр энергетикасынын, транспорттун жана байланыштын, сооданын, турак жайдын объекттеринде ишке ашырылды. 2010-жылы курулуштун дүң продукциясынын өсүш темпи төмөндөдү жана реалдуу түрдө өткөн жылга салыштырганда 0,5%ды түздү. Кийинки жылдары кырдаал акырындык менен оңоло баштады.

1.12. Иш менен камсыз болгон калктын саны каралып жаткан мезгилде 8,7%га (2096,1 миң адамдан 2277,7 миң адамга) өстү. Жумуштуулуктун салыштырма салмагы республиканын калкынын жалпы санынын дээрлик 37%ын түздү. Кызмат көрсөтүү жана айыл чарбасы жумушчулар көбүрөөк иштеген экономиканын негизги чөйрөсү (иш менен камсыз болгон калктын жалпы санынын дээрлик 90%ы) болуп саналат. Жумушсуз жарандардын саны 2011-жылы 8,5%ды түздү.

2. 2013-жылдагы экономикалык абал

2.1. 2013-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын номиналдуу көлөмү 133,9 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү жана 2012-жылдын январь-июнь айларындагы реалдуу 6,9% төмөндөөнүн ордуна 7,9%га реалдуу өстү. "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо ИДПнын реалдуу өсүшүнө карата 5,5%ды түздү (2012-жылдын тиешелүү мезгилинде ушул эле көрсөткүч 3,4%ды түзгөн). ИДПнын дефлятору 4,6%дын деңгээлинде түзүлдү.

Тармактардын салымы боюнча ИДПнын структуралык талдоосу көрсөткөндөй экономикалык өсүш экономиканын баардык секторлору тарабынан камсыз кылынды, алардын оң салымы айыл чарбасында ченемдик 0,2 пайыздык пунктка, өнөр жайы - 3,1 пайыздык пунктка, курулуш - 0,6 пайыздык пунктка, кызмат көрсөтүү чөйрөсү - 2,8 пайыздык пунктка бааланды.

2.2. 2013-жылга макроэкономикалык саясаттын негизги максаты макроэкономикалык туруктуулукту калыбына келтирүү жана экономикалык өсүштүн туруктуу темпине чыгуу үчүн базалык шарттарды түзүү болуп саналат. Макроэкономикалык туруктуулук төмөнкүдөй негизги сапаттык параметрлерге жетишүү менен түшүндүрүлөт: 7,0%дан кем эмес экономикалык өсүшү, анын ичинде өнөр жай секторунун продукциясынын 17,9% өсүшүнүн эсебинен камсыз кылуу; айыл чарба өндүрүшүн 1,0%га өстүрүү; курулуш секторунун 10,5%га өсүшү; кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн 5,0%дан кем эмес өсүшү, инфляциянын деңгээлин 8%дан жогору эмес деңгээлде кармап туруу; ИДПга карата бюджеттин тартыштыгын 5,0%дын чегинде кармап туруу; мамлекеттик карыздын көлөмүн ИДПга карата экономикалык коопсуздуктун жогорку чегинен ашпаган деңгээлде кармап туруу; калктын акчалай кирешесинин 6,2%га өсүшү; мамлекеттин баардык социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында аткаруу.

2.3. ИДПнын структурасында кызмат көрсөтүү чөйрөсү, өнөр жайы жана агрардык сектор тиешелүүлүгүнө жараша 50%, 18,4% жана 17,5%га жакын салыштырма салмак менен мурдагы жылдардай эле үстөмдүк кылат. 2013-жылы кызмат көрсөтүүнүн реалдуу дүң өсүшү 5,2%дын деңгээлинде күтүлүүдө, өсүүнүн булактары төмөнкүлөр болот: өсүшү 6,0% күтүлүп жаткан соода, транспорт жана байланыш - 7,7%, финансылык иштин кызмат көрсөтүүлөрү - 4,8% жана мейманкана менен ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү - 6,5%. Кызмат көрсөтүүнүн структурасындагы негизги үлүштү соода (31,2%), транспорт жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрү (22,4%) ээлейт, алардын реалдуу өсүшү калктын акчалай кирешеси 2013-жылы 6,2%га көбөйүшү менен сакталып турат.

2.4. Тышкы соода чөйрөсүндө импортко салыштырганда экспорттун өсүш темпи алдыга озо тургандыгы болжолдонууда, бул 2013-жылы ИДПнын таза экспортунун көрсөткүчүнүн жакшыртылышы менен (-25 - -27%) түшүндүрүлөт. Импорттун өсүшү жылына орточо 1,5 - 2%га болжолдонууда. Ал жеке сектор тараптан керектөө суроо-талабы менен кармалып турат. 2013-жылы экспорттун өсүшү жылына орточо 1,5 - 1,5%ды түзөт.

3. 2006-2012-жылдары товарларды сатуу

3.1. Эркин соода режими 2006-жылга салыштырганда 2012-жылы 2,6 эсе көбөйүп, 7267,7 млн. АКШ долларын түзүп, республиканын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмүнүн өсүшүнө алып келди жана сооданын географиясынын кеңейиши менен коштолду. 2012-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөлүк соода коомчулугунун 147 өлкөсү менен, анын ичинде 86 өлкөгө экспорттоону, 139 өлкөдөн импорттоону, ал эми 2006-жылы тиешелүүлүгүнө жараша 120, 76, 111 өлкө менен соода мамилелерин ишке ашырган. Соода жүргүзүүнүн географиясынын мындай кеңейиши кыргыз экспорту ДСУга мүчө өлкөлөрдүн баардыгында Айрыкча ыңгайлуу режимди (АЫР) пайдалангандыгынын эсебинен болду. Бирок тышкы соода жүгүртүүнүн өсүү динамикасы 2009 жана 2010-жылдардагы тышкы жана ички факторлордун таасиринен улам туруксуз болду. 2010-жылдан баштап жалпы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкалууда. 2012-жылы өткөн жылга салыштырганда экспорттун 36,7% (алтынды берүүдөн улам) кыскарышынын, ал эми импорттун 28,3%га көбөйгөндүгүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын тышкы соодасында ДСУга мүчө өлкөлөрдүн үлүшү кыскаргандыгы байкалат.

3.2. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын ДСУга мүчө өлкөлөр жана КМШга мүчө өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү болжол менен бирдей - 50%га жакын. Кыргызстандын алар менен экспорттук-импорттук операциялары абсолюттук мааниси өсүү тенденциясында болсо да, экспорттун экспорттолуучу товарлардын анча көп эмес санына, климаттык шарттарга өзгөчө көз каранды болгон, атап айтканда айыл чарба продукцияларын жана электр энергиясын берүүгө көз каранды экендигинин кесепетинен алардын салыштырмалуу мааниси жылдан жылга өзгөрүлүүдө.

3.3. Экспортто ДСУнун мүчө өлкөлөрү, ал эми импортто КМШ мүчө өлкөлөрү көпчүлүктү түзөт, мындай жагдай республиканын негизги экспорттук товары (алтын) ДСУга мүчө өлкөлөргө ташылып кеткендиги, импортто КМШ өлкөлөрү Кыргызстандын энергияга көз каранды экендигинен улам басымдуулук кылгандыгы менен шартталган. 2006-2012-жылдары экспорттон импорттун өсүп кеткен темпи товар жүгүртүүнүн терс балансынын өсүп кетишине алып келген.

3.4. Кыргызстандын товар жүгүртүүсүн географиялык бөлүштүрүүдө анча көп эмес өлкөнүн санына топтолгон. 2012-жылы негизги товар өнөктөштөрү: Россия (27,6%), Кытай (17,5%), Казакстан (12,7%), Швейцария (7,7%), Өзбекстан (3,5%), АКШ (3,5%), Түркия (3,1%), Германия (3,0%), Япония (3,0%), Беларусь (2,4%) жана башкалар болушту.

3.5. 2006-жылы Кыргызстандын продукцияларын негизги керектөөчүлөр - Швейцария (26,2%), Казактан (20,5%), Россия (19,4%), Кытай (4,8%), Тажикстан (4,4%), Өзбекстан (3,5%), Түркия (3,4%) ж.б., ал эми 2012-жылы Швейцария (28,9%), Казакстан (21,4%), Россия (11,6%), Өзбекстан (10,0%), Кытай (3,2%), Түркия (2,6%), Тажикстан (2,1%) болуп саналышты. Каралып жаткан мезгилде республикасынын экспортунун географиялык багыттары берүүлөрдүн көлөмүнүн бир аз өзгөрүүсүнөн башка өзгөргөн жок (1-сүрөт). Россия, Казакстан жана Өзбекстандан башка Швейцария негизги өнөктөш бойдон калууда, мында негизги экспорттук товар - алтын экспорттолот.

3.6. 2006-жылдагы импорттук продукциялардын салт болуп калган берүүчүлөрү 2012-жылы дагы ошол бойдон калды - Россия (33,8%, 33,2%), Кытай (12,8%, 22,5%), Казакстан (10,3%, 9,7%), АКШ (5,6%, 4,7%), Өзбекстан (4,8%, 1,2%), Түркия (2,0%, 3,3%), Германия (3,1%, 3,7%), Түркия (2,0%, 3,3%) (2-сүрөт).

Импортту географиялык жактан бөлүштүргөндө Россия жана Казакстан негизги өнөктөш бойдон калууда. Алыскы чет өлкөлөрдөн импорттун көлөмүнүн кескин өсүшүнүн натыйжасында Кытай айрыкча маанилүү өнөктөштүн статусуна ээ болду.

3.7. Каралып жаткан мезгилде республиканын экспортунун негизги статьясы алтын бойдон калууда, анын үлүшү 2012-жылы жалпы экспорттун көлөмүнүн 29,7%ын (2006-жылы 28,2%) түзгөн. Алтындан сырткары Кыргызстандын экспортунун негизин 50%дан көбүн онго жакын товардык топ (жашылча жана мөмө жемиштер, сүт жана сүт азыктары, тамеки, пахта, текстиль, органикалык эмес химиялык заттар, цемент, кызытма электр лампалары) түзөт, ал эми алтын менен бирге алганда алардын салыштырма салмагы жалпы экспорттук операциялардын 90%га жакын болот. Электр энергиясы, пахта буласы жана тамеки сыяктуу салт болуп калган экспорттук товарлар боюнча экспорттун жалпы көлөмүндө алардын салыштырма салмагы азайды.

3.8. Товардык позициялардын чектелген чөйрөсү (алтын жана органикалык эмес химиялык заттар) боюнча экспорттун көбөйүшү байкалууда. ДСУга мүчө болуу улуттук рынокко чийки заттардын, материалдардын, жабдуулардын жана комплектөөчүлөрдүн жетишүүсүн жеңилдетүүнүн эсебинен бир катар тигүү жана трикотаж өндүрүшүнүн ишканаларынын бутуна турушуна көмөк көрсөттү. Ошондой эле жеңил өнөр жай(2) өндүрүшүн легалдаштыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн продукцияларын экспорттоону 2012-жылы (2006-жылга салыштырганда) 2 эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түздү, анын экспорту өлкөнүн экспортунун жалпы көлөмүнүн 10,8%ын түздү.

3.9. 2009-жылга чейин энергия продуктуларын экспорттоо көбөйгөндүгү байкалган, анын ичинде өлкөнүн аймагында чет өлкөлүк согуштук самолетторго май куюу, атап айтканда мунай продуктуларын реэкспорттоо, ошондой эле коңшу өлкөлөргө реэкспорттоо. 2007-2008-жылдары жалпы экспорттогу алардын салыштырма салмагы 20% га жакынды түзгөн, 2009-жылдан баштап бул тенденция төмөндөөдө.

3.10. Импорттун негизги статьялары: минералдык продуктулар (отун-энергетикалык ресурстар), химия өнөр жайынын продукциялары, машиналар, электр техникалык жабдуулар жана механизмдер, баалуу эмес таштар жана алардан жасалган буюмдар, жыгач жана целлюлоза-кагаз буюмдар, пластмасса жана алардан жасалган буюмдар, каучук жана резина буюмдары, азык-түлүк товарлары болуп саналат. Этти жана тамак аш субпродуктуларынын, ушул продуктулар менен өзүн камсыздоонун ички мүмкүнчүлүгү бар туруп импорттоонун өсүшү тынчсызданууну жаратат.

3.11. 2-сүрөттөн көрүнүп тургандай Кыргызстандын экспортунун товардык структурасында иштетилген товар өтө эле аз. Импорттун товардык структурасында тескерисинче жогорку даражада кайра иштетилген продукциянын, машиналардын, жабдуулардын жана автотранспорт каражаттардын импортунун өсүп бара жаткан тенденциядагы үлүшү олуттуу экендигин көрсөтүүдө.

3.12. 2013-жылдын 1-январына карата республиканын тышкы соодасын өнүктүрүүдө импорт менен экспорттун көлөмдөрүнүн ортосундагы ажырымдын ачык эле көбөйүү тенденциясы байкалат. Мындай иштин абалы буга чейин 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген жеке адамдар ташып келүүчү товарларды (ташып келүүнүн нарктын көлөмү, ушул мезгил ичинде 3,8 эсе өстү) бажылык тариздөөдө жөнөкөйлөтүлгөн тартипти колдонушу менен шартталган.

3.13. Тышкы соода режимин эркин кое берүү боюнча жүргүзүлгөн реформаларды колдонуунун натыйжасында Кыргыз Республикасы кытай товарларын Борбордук Азия өлкөлөрүнө жана Россияга реэкспорттоонун региондук борборуна айланды. Кытай товарларын реэкспорттоодон түшкөн киреше олуттуу жана төлөм балансынын өсүп бара жаткан тартыштыгын жабуунун, өлкөдө элдин иш менен камсыз болушун арттыруунун бир булагы болуп кызмат кылат.

4. 2006-2012-жылдары тейлөө кызматтарын сатуу

4.1. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жетишээрлик аралыкта көп убакыттан бери ички дүң продуктунун үлүшүнүн өсүшү байкалган (расмий маалыматтар боюнча орточо 30%дан көп эмес). Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өзүнчө секторлору мындан ары каралат. Тактап айтсак, эгерде товарларды тышкы соодалоо мамилесинде Кыргызстан ДСУга кошулганга чейин соода саясаты болуп келген болсо, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш таптакыр башкача болуп келген: бул чөйрө өзү эле анын тышкы соода компонентинде рыноктук реформалардан кийин активдүү өнүгө баштаган, андыктан кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу боюнча соода саясатынын түзүлүшү азыркыга чейин жүрүп жатат.

4.2. 2012-жылдын тышкы соода жүгүртүүсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 4197,1 млн. АКШ долларына жеткен жана 2006-жылга салыштырганда 6 эсе өскөн. КМШ өлкөлөрүнө жана КМШ өлкөлөрүнөн тышкары кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоонун географиялык бөлүштүрүлүшү болжол менен тең жана белгилүү бир тенденция байкалбайт. 2007-2009-жылдардан башка жылдарда кызмат көрсөтүүлөрдүн балансы терс болуп саналат.

4.3. Кызмат көрсөтүү сектору негизинен дүң жана чекене соода жүргүзүүнүн өсүшүнүн, ошондой эле ташуунун жана коммуникациялардын системасынын өркүндөтүлүшүнүн эсебинен кеңейди. Кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоонун жалпы көлөмүндө жарымынан көбү сапарларга (туристтик кызмат көрсөтүүлөр) туура келет, мааниси жагынан экинчи экспорттук статья транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, андан кийин ишкер кызмат көрсөтүүлөрү турат.

4.4. Кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоодогу үлүштүн көбү (импорттун жалпы көлөмүнүн жарымынан азы) транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө туура келет, андан кийин туризм жана ишкер кызмат көрсөтүүлөрү турат.

4.5. Кыргызстандын кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү айрыкча маанилүү секторлор транспорттук, туристтик жана ишкер кызмат көрсөтүү секторлору болуп саналат, кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү анча чоң эмес үлүштү ээлейт (0,1% дан 8%га чейин). Кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы экспортунда, кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту сыяктуу эле 2006-2012-жылдар үчүн туризм кызматын көрсөтүү өсүү тенденциясына ээ, ал эми транспорттук кызмат көрсөтүү тескерисинче төмөндөөдө.

4.6. Келечекте ИДПны түзүүчү экономиканын реалдуу секторлорунун ичинен айрыкча ири таасирди кызмат көрсөтүү чөйрөсү көрсөтөт, ал өлкөнүн экономикасынын башка секторлоруна салыштырганда өтө жогорку темпте өнүгөт.

5. 2006-2012-жылдар үчүн чет өлкөлүк инвестициялардын тенденциясы жана структурасы

5.1. Инвестициялык иштин жалпы динамикасы чет өлкөлүк инвестициянын Кыргызстанга келиши бир кылка эмес экендигин көрсөтөт. 2006-2012-жылдары чет өлкөлүк инвестициянын келиши жылдык орточо өсүш темпи 12,1% (2514,4төн 4335,8 млн. АКШ долларына чейин) 1,7 эсе көбөйдү. Ошол эле учурда башка инвестициялардын үлүшү жогорку деңгээлде 2006-жылы 80,8% жана 2012-жылы жалпы көлөмдө 84,6% калууда, ага ылайык чет өлкөлүк түз инвестициялар 13,4% жана 14,0%, грант жана техникалык жардамдар 2% жана 1,2%, портфелдик инвестициялар 0,02% жана 0,2%.

5.2. Чет өлкөлүк тике инвестициялардын келип түшүүсү бирдей динамикага ээ эмес (4-таблица) , ал ИДПнын 9-17% чегинде турган, бул көрсөткүчтүн чоңдугу чет өлкөлүк түз инвестициянын (ЧТИ) жетиштүүлүгүнүн индикаторунун жогорку маанисинен төмөн, ал эл аралык тажрыйбага ылайык ИДПнын 25%ын түзөт. ЧТИнин келип түшүүсү акыркы жылдары негизинен КМШ өлкөлөрүнөн тышкары ишке ашты, алардын ичинен Канада жана Кытай бөлүнүп турат, ЧТИнин негизги булагы кен казуу өнөр жайында, ал эми экинчи ири инвестициялык долбоорлордо, ошондой эле чакан жана орто бизнесте көрсөтүлгөн. Башкы булагы болуп КМШ өлкөлөрүнөн 2010-жылга чейин Казакстан болуп келген.

5.3. Чет өлкөлүк инвесторлор үчүн иштетүүчү өнөр жайы айрыкча ыңгайлуу бойдон калууда, ага чет өлкөлүк түз инвестициялардын эң көп үлүшү туура келет; кызмат көрсөтүүдө соода тармагы өз позицияларын сактап калууда; кыймылсыз мүлк менен операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү сектору өсүү тенденциясында. Финансылык иштер сектору 2010-жылдан тартып кыскарууда (5-таблица).

III. ЭКОНОМИКАЛЫК РЕФОРМАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

1. Акча-кредиттик жана валюта саясаты

1.1. 2006-2012-жылдары акча-кредиттик саясат тышкы чөйрөнүн туруксуздугунун жана республикада болуп өткөн саясий окуялардын фонунда ишке ашырылган. Банк тутумунда тутумдук кризистин пайда болуу тобокелдигинин жана инфляциянын солгун темпинин астында экономиканын айрыкча терең стагнация (токтоп калуу) коркунучунун шарттарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) аракети биринчи кезекте банк жана финансы тутумунун туруктуулугун жана экономикалык өсүшкө дем берүүнү камсыздоого багытталды.

1.2. Татаал саясий жана экономикалык кырдаалдын шарттарында кредиттөөгө дем берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Өкмөтү тарабынан көрүлгөн чаралар дүйнөлүк экономикалык кризистин терс таасиринин кесепетинен 2009-жылы төмөндөп кеткен экономиканы кредиттөөнүн өсүшүн акырындык менен калыбына келтирүүгө көмөк көрсөттү. Ошентип, экономикага кредиттердин өсүш темпи 2010-жылы 6,3%ды түздү.

1.3. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө максатында Улуттук банк 2010-жылы АКШ долларын сатуу боюнча валюталык интервенциянын көлөмүн көбөйттү. Улуттук банктын АКШ долларын таза сатуусу жалпысынан бир жылда 234,8 млн. АКШ долларын түздү. Ошол эле учурда сомго карата АКШ долларынын расмий курсу 1 АКШ доллары/44,0917 сомдон 1 АКШ доллары/47,0992 сомго, 6,8 пайызга өстү (2009-жылдын ушул мезгилинде - 11,9 пайызга өскөн). Сомго болгон басымдын өсүшүнө карабастан Улуттук банк эл аралык резервдин көлөмүн сактап эле калбастан 2010-жылдын декабрь айынын аягына карата аны 1,7 млрд. АКШ долларына жеткирип, 131,7 млн. АКШ долларына же 8,3 пайызга көбөйтүүгө жетише алды, бул кийинки жылы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоодо 4,3 айды жабат.

1.4. Баштапкы маалыматтар боюнча 2010-жылы төлөм балансынын сальдосу оң болуп, 56,1 млн. АКШ доллары өлчөмүндө түзүлдү, ошону менен бирге эле кезектеги эсептөөлөрдүн тартыштыгынын көбөйүшү 508,5 млн. АКШ долларына чейин же ИДПнын 11,1%ына чейин бир кыйла белгиленди.

1.5. 2011-жылы инфляциянын тобокелдигинин кыйла сакталуусу жана өлкөдөгү инфляциянын жогорку деңгээлин эске алуу менен, анын ичинен күтүлүп жаткан мамлекеттик бюджеттеги жогорку тартыштыкка байланыштуу 2010-жылдын 30-декабрында Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети (АКЖСК) Банктарды рефинансылоо боюнча атайын фондду (БФАФ) кредиттөөнүн максаттары үчүн 2011-жылдын январына карата "2011-2013-жылдарга акча-кредиттик саясаттын негизги багыттарына" ылайык акча-кредиттик саясатты күчөтүүнүн алкагында базалык коюмду 7,0дөн 8,0 пайызга жогорулатуу тууралуу чечим кабыл алган.

2. Финансылык-бюджеттик саясат

2.1. 2006-2012-жылдар аралыгында бюджеттик кирешелер көбөйгөн тенденция белгиленди. Чогултулган бюджеттин кирешелери ушул мезгилде ИДПнын 6,6 - ИДП 2006-жылдагы 21,9%дан 2012-жылдагы 28,5%га чейин пайыздык пунктка өстү. Ошол эле учурда чыгымдар дагы өстү. 2010-жылы мамлекеттик бюджеттен тартыштыгы ИДПга карата 5,1 пайызды түздү, 2009-жылы ал ИДПга карата 1,5 пайыз өлчөмүндө аткарылган. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык 2010-жылы жалпысынан баалардын жалпы деңгээли 19,2 пайызды түзгөн.

2.2. Биздин өлкөдө инфляциялык процесс негизинен монетардык эмес факторлордун таасиринен улам болот. Демек, баалай келсек инфляциянын 2011-жылдагы 19,2 пайызынан 9,8 пайызы - бул монетардык эмес факторлордун түз салымы, инфляциялык күтүүлөрдүн салымы 4,8 пайызды, монетардык факторлордуку - 4,6 пайызды(4) түзгөн. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2012-жылы 20,2 млрд. сомду же ИДПга карата 6,6 пайызды түзгөн, бул Мыйзам менен аныкталган бюджеттин тартыштыгынын деңгээлинен 1,4 млрд. сомго аз. Ошол эле учурда жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө акыркы жылдардагы эң жогорку тартыштык болду.

2.3. Тышкы булактардын эсебинен бюджеттин тартыштыгын каржылоо 15,6 млрд. сомду же ИДПга карата 5,1 пайызды, ички булактардын эсебинен 4,7 млрд. сомду же ИДПга карата 1,5 пайызды түздү.

2.4. Бюджетти толтуруунун башкы булагы болуп келген салык кирешелери айрыкча сезилерлик салымды кошту. ИДПнын көлөмүндө салык кирешелеринин үлүшү 2006-жылдагы 17,6%дан 2012-жылы 21%га чейин өстү. Аталган жылдарда бюджеттин жалпы кирешелеринин структурасында салыктык түшүүлөрдүн салыштырма салмагы орточо 72,8%ды түздү.

2.5. 2006-2012-жылдардын аралыгында Кыргызстандын мамлекеттик чыгымдарынын саясаты баардык социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоого жана экономикалык өсүш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталды.

2.6. Бюджеттик саясат социалдык секторду артыкчылык менен каржылоого, ошондой эле фискалдык тартыштыкты азайтууга багытталган.

2.7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республиканын бюджетин социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары менен байланыштырып түзүүгө мүмкүндүк берүүчү инструмент катары бюджеттик процесске орто мөөнөттүк финансылык болжолду киргизүүнү ишке ашырды. Мындай системаны киргизүү министрлик жана башка бюджеттик мекемелер үчүн тармактык стратегиялардын негизинде орто мөөнөттүк мезгилге негизделген чектик чыгымдарды (нормативди) белгилөөгө мүмкүндүк берди.

2.8. Жалпысынан 2010-жылы баалардын жалпы деңгээли 2009-жылдагы мындай деңгээлден бир топ ашкандыгы байкалды. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (УСК) маалыматтарына ылайык, баалардын жалпы деңгээлинин өсүшү, 2009-жылы - 0,0 пайыз болсо, 2010-жылы 19,2 пайызды түздү. Экономикада инфляциялык процесстердин тездешине айыл чарба продукцияларынын начар түшүмдүүлүгү жана дүйнөдө мунай продуктуларына суроо-талаптын жанданышы менен байланышкан, азык-түлүк товарларына жана энергия булактарына дүйнөлүк жана ички рыноктордогу жогорку баалар; электр жана жылуулук энергиясына тарифтик саясаттын өзгөрүшү; чек аралардын айрым жабылышы жана коңшу мамлекеттер менен чек араларда контролдоочу-өткөрүүчү режимдин катаалдашы, ошондой эле өлкөдө(5) туруксуз коомдук-саясий кырдаалдын кесепети республиканын ичинде соода шарттарынын начарлашы себеп болду.

2.9. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индексинин өсүшү 2012-жылдын башынан тартып (2011-жылдын декабрына карата 2012-жылдын декабрында) 7,5%ды түздү, 2011-жылдын ушул мезгилинде 5,7%ды түзгөн. Орточо жылдык инфляция 2,8%ды, 2011-жылдын ушул эле мезгилинде ушундай көрсөткүч 16,6%ды түзгөн.

3. Салык салуу(6)

3.1. 2009-жылдан баштап өлкөдө жаңы Салык кодекси колдонулууда, ал чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү максатында салык төлөөчүлөрдү колдоого багытталган. Салыктардын саны 8ге чейин азайды: жалпы мамлекеттик салыктар - 6 жана жергиликтүү салыктар - 2. Кошумча нарктын салыгынын коюмунун 20%дан 12%га чейин төмөндөтүлгөн.

3.2. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары - МСК) тарабынан 35832,6 млн. сом болжолдонгон болсо, 35069,2 млн. сом суммада салыктар жана төлөмдөр жыйналды, аткаруу 97,9%ды түздү же 763,4 млн. сом чогулбай калды. 2011-жылга салыштырганда салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 4765,8 млн. сомго же 15,7 пайызга көбөйгөн. ИДПга карата кирешелердин үлүшү 11,52%ды түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,93%дык пунктка көбөйдү.

3.3. Салыктык башкарууну реформалоонун жана модернизациялоонун алкагында иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:

- салыкты администрациялоо жана электрондук документ жүргүзүү процесстерин автоматташтыруу боюнча программалык камсыздоо иштелип чыкты жана Мамлекеттик салык кызматынын 60 аймактык башкармасында жарым-жартылай киргизилди;

- менеджменттин жаңы түрү киргизилүүдө;

- МСКнын жаңы веб-сайты ишке кирген (салыктын баардык түрү боюнча салык салууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, жаңылыктар тасмасы, салык органдарынын иши, ИЖН издөө, КНСтин эсеп-фактуралары, текшерүү жүргүзүүгө көрсөтмөлөрдү текшерүү, алкоголдуу продукцияларды жөнгө салуу жана жүгүртүү боюнча маалыматтар, мүлккө салык боюнча калькулятор, салык төлөөчүнүн календары, билимдик база жана башка маалыматтык материалдар).

4. Өнөр жай саясаты

4.1. ДСУнун Инвестициялык чаралардын соодасы менен байланышы боюнча Келишиминин иш-аракетине туура келген өнөр жай тармактарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү субсидияларды бербестигин эске алганда, ИДПда өнөр жайдын салыштырма салмагы төмөн экенине карабастан ал бюджеттен киреше бөлүгүнүн жарымынан көбүн камсыздайт жана иш орундардын олуттуу булагы болуп саналат.

4.2. Азыркы учурда өлкөнүн өнөр жайынын структурасы 17 тармакты камтыйт: эки тармак кен казуу өнөр жайында; 14 тармак - иштетүү өнөр жайында жана электр энергетикасында. Өнөр жайдын өсүшүнө айрыкча чоң салымды иштетүүчү өнөр жайы кошуп келет (анын салыштырма салмагы 80%дан ашык), 5 тармак экономиканы жана салыкты түзүүчү тармак болуп саналат: металлургиялык жана тамак-ашты кайра иштетүүчү тармак, текстиль-тигүү өндүрүшү; металл эмес башка минералдык продуктуларды өндүрүү жана энергетика болуп саналат. Бул тармактар өнөр жай продукциясынын 90 пайыздан ашыгын чыгарышат. Каралып жаткан мезгилде айрым чөйрөлөрдө жаңыдан ишке кирген ишканалардын саны көбөйгөнү байкалат, баардыгы болуп 2090го жакын ишкана жана өндүрүштөр бар, аларда иштегендердин саны 201 миңдей адам.

4.3. Акыркы жылдары өнөр жайынын экономикага болгон салымынын көбөйүү тенденциясы белгиленди, бул анын потенциалы тууралуу баа берүүгө мүмкүндүк берет, 2009-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнүн ИДПсында тармактын салыштырма салмагынын 20%га чейин өскөндүгү байкалган, ал эми 2012-жылы ички факторлор менен шартталган 16,8%га чейин төмөндөшү болду. Төмөндөшүнүн себеби "Кумтөр" кенинде металл камтыган карьерди мөңгү тосуп калгандыгына байланыштуу өндүрүштүн көлөмүнүн төмөндөп кетиши болгон. Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо 2012-жылы 83,1 млрд. сомго өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн, өсүш темпи 118,7%, ошол эле учурда заттык көлөмдүн индекси 106,1%дын деңгээлинде камсыздалган, 2010-2011-жылдарда заттык көлөмдүн индекси: тиешелүүлүгүнө жараша - 111,7% жана 118,8%дын деңгээлинде камсыздалган (3-сүрөт).

4.4. Өлкөнүн экспортунун структурасында негизги - 85% үлүштү өнөр жай өндүрүшүнүн продукциясы ээлейт. Бул негизинен алтын, тамак ашты кайра иштетүүнүн жана тигүү буюмдарынын продукциялары, курулуш материалдары. Ошол эле учурда тигүү буюмдарын экспорттоо алтынды, азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын экспорттоодон кийинки 3-орунда турат.

4.5. 2011-жылдан тартып өнөр жайдын калыптанып калган структурасында акыркы жылдары кошумча наркы жогору тармактарга басым жасоо менен аны диверсификациялоо стратегиясы жүргүзүлүүдө. Аларга текстиль жана тигүү, агро өнөр-жайы, энергетика, кен казуучу жана курулуш тармактары кирет. Бул тармактар жогорку деңгээлде жергиликтүү ресурстарды колдонот, бирок дайым эле аларды тереңдетип кайра иштетүүгө багыт алышкан эмес.

4.6. Текстиль жана тигүү өнөр жайы (ТжТӨ) өнөр жайдын артыкчылыктуу секторлору болуп саналат, текстиль продукциясын өндүрүү процессинде жергиликтүү чийки зат - жүн, пахта колдонулат, ал эми тигүү сектору жумуш орундарын камсыз кылат жана жогорку экспорттук мүмкүнчүлүккө ээ. Акыркы беш жылда ТжТӨнүн продукциялары тигүү индустриясынын эсебинен бир жарым эсеге көбөйдү, 2006-жылдан тартып ушул сектордун продукцияларынын 80%ынан көбү тигүү продукциясынын, 20%ын текстилдин көлөмү түзөт.

Бул тармактын маанилүү экендигинен улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Атап айтканда, текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн жеке ишкерлери үчүн салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы - патенттик система, жана социалдык чегерүүлөрдүн жеңилдетилген системасы колдонулат.

4.7. Өнөр жайдын жалпы көлөмүндө текстиль-тигүү өндүрүшүнүн салыштырма салмагы 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча 6,9%ды түзгөн. 112,5% өсүш темпи менен 9,2 млрд. сомго, анын ичинде тигүү өндүрүшү 117% өсүш темпи менен 8 млрд. сомго продукция иштеп чыгарылган. Азыркы учурда трикотаж тармагынан башка текстиль тармагы начарлап бара жатат. Пахта кездемени жана жибек кездемени өндүрүү токтотулган. Пахта-буласы 90-95% тегерегинде чийки зат түрүндө экспорттолот. Текстиль тармагын жандандырууга инвестиция талап кылынат.

4.8. Текстиль-тигүү тармагын андан ары туруктуу өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 123 токтому менен Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы бекитилген.

4.9. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы - экономиканын стратегиялык тармактарынын бири. Бул тармактын өнүгүү деңгээли калктын бакубат жашоосун аныктайт жана калктын жумуштуулугу сыяктуу көйгөйдү чечүүдө абдан чоң социалдык мааниге ээ. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө 9388 ири, орто жана чакан ишканалар иштейт. Булардын 457си ири жана орто тамак ашты кайра иштетүүчү ишканалар, 8931 - кичи ишканалар (95%).

4.10. Тамак-аш өндүрүшүндө, суусундуктарды жана тамекини кошо алганда, продукция чыгаруунун өсүү тенденциясы 2006-жылдан тартып байкалган. 2008-2010-жылдары тармактын орточо жылдык өсүү темпи 4,4%ды түзгөн. Республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндө тамак-ашты кайра иштетүү тармагы 12,0-14,0% га жетет. Мында тармак республиканын өнөр жайындагы баардык салыктардын 17%ынан ашыгын берет, спирт жана алкоголдуу продукциянын жүгүртүлүшү, өндүрүшү, экспорту жана импорту лицензиялануучу иштерден болуп саналат. Бирок ата мекендик өнөр жайдын айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүсүнүн деңгээли 15%дан азын түзөт. Бул сектордогу негизги милдет кайра иштетүүнүн деңгээлин жогорулатуу болуп саналат, бул максатта талкууга 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн программасынын долбоору коюлган.

4.11. Кыргызстандын кен казуу өнөр жайы жогорку мүмкүнчүлүккө ээ. Эл аралык эксперттер бир нече жолу өлкөнүн минералдык-сырьелук мүмкүнчүлүгү олуттуу аймагы жана жакшы геологиялык изилдөө болсо дагы, өздөштүрүлбөгөн бойдон калып жаткандыгын көп жолу белгилешкен. Азыркы учурда өнөр жайдын жалпы көлөмүндө анын үлүшү 2%га жакынын түзөт. Кен казуу өнөр жайында 15 миңден ашуун адам иштейт. Алардын орточо бир айлык эмгек акысы өлкө боюнча орточо эмгек акыдан болжол менен 4 эсеге жогору.

4.12. Азыркы учурда фонддору эбегейсиз болгон, буга чейин чалгындалган кичи жана орто кендерди кен казуу тармагын өздөштүрүүгө дем берүүгө багытталган кен казуу тармагын өнүктүрүүнүн саясаты түзүлүүдө. Жер казынасын пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды жоюу жана аларды Кыргыз Республиканын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

4.13. Курулуш материалдар өнөр жайынын салыштырма салмагы республиканын ИДПсында 6,0% түзөт. Тармактын ишканаларынын иши негизинен өз сырьелук базасына негизделет. Тышкы рынокко багытталган продукцияларга цемент, такта айнек, ошондой эле дубалдык материалдар жана табигый таштардан жасалган каптоочу плиталар кирет. Акыркы жылдарда чет элдик тике инвестицияларды тартуу жана ишкердин менчик каражаттарына импортту алмаштыруучу курулуш материалдарды чыгаруу боюнча ишкананы ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди, мисалы, цемент, отко чыдамдуу кыш, полистиролбетон, кургак бетон аралашмалар ж.б.

4.14. 2006-жылдан баштап курулуш материалдарды чыгаруу тармагындагы абал оңоло баштады. Ушул мезгилде курулуш материалдарын өндүрүү боюнча жалпы саны 10 миңге жакын адам иштеген 200 чарбакер субъект бар. 2010-жылдан баштап курулуш материалдарын чыгаруунун өсүү тенденциясы байкалган. Бул цемент өндүрүү боюнча жаңы кубаттуулуктарды өздөштүрүү, ал эми 2012-жылдан тартып айнек такталарын өндүрүү ишке кириши менен байланыштуу.

4.15. Өнөр жайлык курулуш материалдарынын иштеп жаткан ишканаларын модернизациялоо жана жаңыларын куруу ички жана тышкы инвестициялардын эсебинен ишке ашырылат. Мында негизинен чакан жана орто бизнестин объекттери түзүлүүдө.

4.16. Баардык өнөр жай продукцияларынын көлөмүнүн 80%дан ашыгыраак үлүшүн түзгөн иштеп чыгаруу өнөр жайын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 токтому менен Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы бекитилген. Бул Программанын максаты: өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн жана экспортунун өсүшү, Бажы Союзунун рыногунда кыргыз өнөр жай продукцияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, ИДПда өнөр жай продукцияларынын салыштырма салмагынын көбөйүшү, кошумча иш орундарды түзүү жана башкалар.

5. Электр энергетикасы

5.1. Кыргыз Республикасынын электр энергетикасынын үлүшү ИДПнын 2%ын жана өнөр жай өндүрүшүнүн 16%ын, мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 10%ын жана сектордун өзүндө калктын иш менен камсыздоонун 1,7-2%га жакынын ээлейт. Бул сектор баардык чектеш тармактардагы өндүрүштүк процесстерди камсыз кылгандыктан мультипликатор болуп саналат. Эксперттердин берген баасы боюнча, кийинки жылдарда тигүү тармагынын ылдам өсүшүнүн жана республиканын калкынын иш менен камсыздыгы көбөйүшүнүн себептеринин бири өлкөдө арзан электр энергиясы бар экендиги болду.

5.2. Кыргыз энергия тутуму өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү тутумуна ээ болуу менен жалпысынан өлкөнүн электр энергиясына болгон керектөөсүн канааттандырат, бирок 2008-2009-жылдары электр энергиясын өндүрүүнүн азайгандыгы байкалган. Бул жылдары кургакчылыктын кесепетинен электр энергиясын керектөөгө чектөөлөр киргизилген. 2010-жылы чектөө алып салынды. Андыктан кийинки жылдары өндүрүүнүн өсүшү байкалууда, ал 2012-жылы (2006-жылдагы деңгээлден 113%) 16393,28 млн. кВт.с түзгөн. Буга ошондой эле 2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүү менен байланышкан иштелип чыгуучу кубаттуулуктун өсүшү таасирин тийгизди. Ошону менен бирге эле, электр энергиясын жоготуу 2006-жылы 4,7 млрд. кВт.с болсо, 2012-жылы 3,2 млрд. кВт.с чейин азайгандыгынын (32%га, 6-таблица) оң динамикасы байкалды.

5.3. 2011-жылы экспорттун көлөмү каралып жаткан мезгилдеги максимум маанини - 2,9 млрд. кВт.с түздү. 2012-жылы экспорттун көлөмү 1,6 млрд. кВт.с түзгөн, бул ички керектөөнүн өсүшү жана суу тартыштыгынын мезгили башталгандыгы менен шартталган. Жалпысынан Кыргызстандын электр энергиясын экспорттоо төмөндөө тенденциясына ээ, 2006-2012-жылдардын аралыгында ал 1,7 эсе - 2682,5 млн. кВт.с - 1592,95 млн. кВт.с чейин азайган.

5.4. Энергетиканы өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй чаралар ишке ашырылууда: жаңы гидроэлектр станцияларды куруу жана иштеп жаткандарын реконструкциялоо жолу менен генерациялоочу кубаттуулуктарды өстүрүү, өлкөнү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоо жана экспорттоо үчүн электр берүүчү линияларды көбөйтүү, генерациялоочу компанияларга жеке инвестицияларды стимулдаштыруу.

6. Отун сектору

6.1. Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык балансында көмүрдүн үлүшү 9,5%. Ошол эле учурда 2006-жылы кыргыз көмүрүн керектөө 25,5%ды түзсө, 2012-жылы 56,6%га жеткен, ички керектөөдө импорттук көмүрдүн үлүшү азаюуда жана ага ылайык көмүрдүн импорту 1,2 эсе азайган. Мындан ары көмүрдү импорттоону акырындык менен кыскартуу жана Кытайга жана коңшу өлкөлөр - Тажикстанга жана Өзбекстанга экспортту көбөйтүү пландаштырылууда.

6.2. Болжол менен баалоо боюнча Кыргыз Республикасында мунайдын жана газдын чалгындалбаган ресурсу 289 млн. ш.о. тонна жакынын түзөт. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын аймактарында 15 мунай газ кендери иштетилип жатат. Мунай жана газ анчалык чоң эмес көлөмдө казылып алынат, 2006-2012-жылдардын аралыгында айрым көбөйүүлөр байкалат. Көмүрдү өндүрүү жана казып алуу - 344,4%га, мунай - 118,1%га, жаратылыш газы - 146,9%га чейин өсүш байкалган (7-таблица). Ошол эле учурда көмүрдү импорттоо 116,84%га чейин өскөндүгү, мунай - 46,5%, жаратылыш газы - 45,3%га чейин азайгандыгы белгиленген. Көмүрдү экспорттоо 5,54 эсеге өскөн, электр энергиясы - 72,8%га чейин төмөндөгөн. Энергия алып жүрүүчүлөр боюнча көмүргө болгон керектөөсү 152,9%га, мунай - 100,8%га, электр энергиясы - 152,7%га чейин өскөнү, жаратылыш газы - 51%га чейин төмөндөгөнү байкалат.

6.3. Кыргызстандын мунай продукцияларына болгон керектөөлөрдү жабуу үчүн импорттун көлөмүн көбөйтүүгө аргасыз. Республика өзүн жаратылыш газы менен камсыз кыла албайт жана импортко көз каранды.

7. Менчиктештирүү

7.1. 2006-2012-жылдары менчиктештирүүнүн үч программасы кабыл алынган, анын ар бири топтолгон тажрыйбаны жана менчиктештирүүнүн өткөн этаптарынын жыйынтыктарын эске алуу менен ишке ашырылган. Азыркы учурда менчиктештирүүнүн программаларына ылайык мамлекеттик менчикти реформалоонун негизги ири багыттары натыйжалуу менчик ээлерине мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, мамлекеттик секторго инвестицияларды тартуу, мамлекеттик менчиктин түзүмдөрүн оптималдаштыруу жана мурунку этаптарда сатылбаган мамлекеттик менчиктин объекттерин менчиктештирүү болуп саналат.

7.2. Колдонуудагы менчиктештирүү программасынын өзгөчөлөнгөн артыкчылыгы менчиктештирүү процессинин ачык-айкындуулугу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдо тургандыгында, баалоо жана менчиктештирүү боюнча комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттары, бизнес-коомчулуктун жана жарандык сектордун өкүлдөрү кирет. Республиканын экономикасы үчүн стратегиялык жактан маанилүү ишканалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен программаларга (концепцияларга) ылайык менчиктештирилиши мүмкүн.

7.3. 1991-жылдын 1-январына карата республикада мамлекеттик менчиктин 9989 объектиси катталган, алар база катарында, менчиктештирүү процессин талдоодо жана анын деңгээлин эсептөөдө колдонулат. Кыргыз Республикасында жеке менчикке болгон мамилелерди кайра өзгөртүүлөрдүн натыйжасында 2012-жылдын 31-декабрына карата менчиктештирилген ишканалардын жалпы деңгээли 73,6%ды түзөт, 60 акционердик коомдо мамлекет катышуучу болуп саналат, ошол эле учурда 43 акционердик коомдо акциялардын контролдук пакети мамлекетке таандык.

8. Мамлекеттик кызматты кайра түзүмдөштүрүү жана ак ниет башкаруу

8.1. 2010-жылдын июнь референдумунан кийин өлкө президенттик башкаруудан парламенттик башкаруу түрүнө өткөн. Жаңы конституция парламентке премьер-министрди тандоого ыйгарым укук бөлүп берген, ошондой эле жаңы өкмөттү түзүүдө жана мамлекеттик башкарууну реформалоодо маанилүү ролду ойнойт.

8.2. Реформаны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасында жыйнактуу жана ийкемдүү мамлекеттик башкарууну түзүү милдети коюлган. Бул максаттарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун тутумун оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүлгөн. Ушул Комиссиянын сунушу боюнча 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында министрликтердин жана ведомстволордун саны 20 дан 16 бирдикке чейин ылайыктуу кыскартылган, мамлекеттик кызматкерлердин саны 1794, текшерүүчү мамлекеттик органдардын саны 21ден 12ге чейин кыскарган.

8.3. Комиссиянын ишинин алкагында ар кандай министрликтердин жана ведомстволордун контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын алуу жана ушул эки органга гана топтоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Тамак-аш, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы сыяктуу эки жаңы орган түзүлгөн.

8.4. 40 министрликтин жана ведомствонун ишинде иштин натыйжалуулугуна таасир берүүчү 1176 функцияга талдоо жүргүзүлдү. Натыйжада окшоштук принциби боюнча 10 түргө(7) топтоштурулган 176 көйгөй бар экендиги белгиленди.

Мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын ишине мониторинг жүргүзүүгө жана сунуш берүү укугу менен же ушул сыяктуу мамлекеттик кызматтык маселелерди чечүүгө чакыруучу мамлекеттик органдардын башкаруусунун алдында граждандык тармактын, бизнес жана илимий чөйрөнүн, бирликтер жана эксперттик коомдун өкүлдөрүнөн турган Коомдук байкоочу кеңештер иштейт(8). IV. СООДА САЯСАТЫ ЖАНА АНЫ МЕНЕН ҮНДӨШ МАСЕЛЕЛЕР

1. Соода саясаты

1.1. Тышкы соода саясатын иштеп чыгууну координациялоочу негизги орган Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги болуп саналат. Соода менен байланышкан саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга төмөнкүлөр катышат: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жайы палатасы.

1.2. Кыргызстандын соода саясаты өлкөнүн Конституциясына, соода мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга, Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон мыйзам ченеминдеги тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн жана ДСУнун жалпыга таанылган принциптери менен эл аралык укуктарынын ченеминде, региондук экономикалык союздардын алкагындагы милдеттенмелерди сактоого негизделет.

1.3. Кыргызстандын ДСУга кошулуусу ата мекендик өндүрүүчүлөргө атаандашуу чөйрөсүн түзүп, улуттук ишкерлерге чет өлкөлүк рынокторго кандай болсо, ошондой эле ички рынокторго жетүүгө да жол ачып, соода эркиндигин берүүгө көмөк көрсөттү. Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде айрыкча соода режиминдеги эркин өлкө катары мүнөздөлөт. Натыйжада республикада коопсуз жана алдын ала белгилүү соода тутумунун негизи түзүлдү, тышкы соода жүгүртүүнүн географиясы кеңейди жана түзүмү өзгөрдү.

1.4. Кыргызстан өзүнүн соода өнөктөштөрүнө карата төмөнкүдөй соода режимдерин колдонот: КМШ өлкөлөрү эркин соода жүргүзүү режими; ДСУнун өлкөлөрү - айрыкча ыңгайлуу режими; анчалык өнүкпөгөн өлкөлөр - преференциялуу режим.

1.5. КМШ өлкөлөрү менен эркин соода тууралуу региондук макулдашуу(9) негизинен бажы, тарифтер, башка жыйымдар жана салыктар жана транзит жагынан аткарылат.

1.6. Кыргыз Республикасы Европалык союздун, Япониянын, АКШнын преференциялдуу тутумдарын колдонуучу болуп эсептелип, Преференциялардын башкы тутумуна ылайык анчалык өнүкпөгөн 47 өлкө үчүн бажы алымдарынан бошотуу түрүндө өзү преференциялуу режимди берет.

1.7. Кыргыз Республикасы үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташуу тууралуу эки тараптуу макулдашууга ээ, анын негизинде айрыкча ыңгайлуу режимди(10) берет. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы 2008-жылдын 3-ноябрындагы өз ара соода преференцияларына өз ара түшүнүү тууралуу Меморандумду аткарууга ылайык, өз ара импорттоочу товарларга карата соода преференциялары берилет.

ДСУнун алдында кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык ташып келүүдө дифференцияланган (жиктелген) бажы тарифтери колдонулат, товарларды ташып чыгууга бажы алымдары жана экспортко жана импортко сандык чектөөлөр дээрлик колдонулбайт. ДСУ өлкөлөрүнө карата импортко каршы чектөөлөр киргизилген эмес. Ишканалар ким менен соодалашууну өздөрү чечет. Аталган товарлар импорттук жана экспорттук уруксаттамалоого тийиш болгон учурлардан тышкары Мамлекеттик жана жеке компаниялар атайын каттоосуз же чектөөлөрсүз импорттук-экспорттук ишке катышууга укуктуу. Уруксаттамалануучу товарларды экспорттоону/импорттоону контролдоо максаты менен ишке ашырылуучу уруксаттамалоо экспорттолуучу жана импорттолуучу товарлардын саны же наркы боюнча ташылып келүүчү товарларды чектегенге багытталган эмес.

2. Бажылык-тарифтик жөнгө салуу

2.1. Товарлардын рынокко жетишүүсү боюнча ДСУнун алдындагы милдеттенмелерине ылайык Кыргыз Республикасы ташылып келүүчү товарларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү бажы тарифтерин жыл сайын кайрадан карап чыгат. 2006-2012-жылдардын аралыгында тарифтин орточо деңгээли 5%га жакын болгон, бажы алымынын максималдуу коюму 20%.

2.2. 2006-жылдан баштап Айрыкча ыңгайлуу режиминдеги (АЫР) тарифтердин түзүмү олуттуу рационалдаштырууну башынан өткөргөн жок. 2006-жылдагы коюмдардын адвалордук категорияларынын саны 2012-жылы жетиден алтыга чейин төмөндөдү (8-таблица). АЫРдин модалдуу тарифтик коюму 2006-жылы 10% өлчөмүндө бардык тарифтик товарлардын 33,8% камтыйт (2006-жылы 31,6%). Бардык тарифтик линиянын 46%га жакыны бажыдан бошотулган (2006-жылы 42%), ошол учурда алардын 5% - 12% же 15% коюму боюнча алынуучу (2006-жылы 5,8%). 2012-жылы теңдик салмак коюмунун саны 5% жана төмөн өлчөмдө жана 58,6% бардык тарифтик линиялардан төмөн өлчөмдү түзгөн (2006-жылы 61%), негизинен алымсыз товарлардын жогорку үлүшүн жана 10% коюму боюнча алынуучу товарлардын өтө төмөн үлүшүн чагылдырган. Тарифтердин адвалордук эмес коюмдары бардык тарифтик линиялардын 1,3% карата гана колдонулат. Алар алымдын бир нече атайын түрлөрү (11 тарифтик товардык топ) жана, негизинен алкоголдуу продукцияга альтернативдик алымдар (143 тарифтик топ) формасында сатылат.

2.3. Ташылып келүүчү товарларга колдонулуп жаткан бажы тарифи республика кабыл алган милдеттенмеден кыйла төмөн. Мисалы, азыркы учурда ДСУнун алдындагы милдеттенмелерге ылайык айыл чарба товарларына бажы алымдарынын орточо коюму 12,1%ды түзсө, 8,1% колдонулат, өнөр жай товарларына бажы алымдар коюму - 6,4% болсо, ал эми колдонулуучу коюму - 4,1%. Бул колдонулуп келген коюмдарды байланыштыруунун алкагында тарифтерди көтөрүүдө айрым эркиндикти камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Негизинен бул азыркы учурда экспорттолуучу продукцияны өндүрүү республикада өндүрүлбөй турган сырьену жана материалды импорттоого көз каранды болгондугу менен байланыштуу.

2.4. Соода-саясий жактан мамилелерде АЫР каралбаган өлкөлөрдүн (ДСУга мүчө болбогон өлкөлөр) аймагынан келип чыккан, же келип чыккан өлкөсү аныкталбаган товарларга карата бажы алымынын максималдуу коюму 35 пайыз өлчөмүндө колдонулат.

2.5. Товарларды, товар катары декларацияланган транспорт каражаттарын бажылык тариздөө үчүн товарлардын жана транспорттук каражаттардын бажылык наркынын 0,15 пайыз өлчөмүндө бажы жыйымдары алынат.

3. Тарифтик эмес жөнгө салуу

3.1. 2006-2012-жылдар аралыгында тарифтик эмес жөнгө салуунун мыйзамдарына, министрликтерге жана ведомстволорго өз компетенцияларынын чегинде, анын ичинде териштирүүнүн жол-жоболору боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгаруудагы ыйгарым укуктарын алып салуу жагынан өзгөртүүлөр киргизилген. Алардын ичинде - 2010-жылдын 15-февралындагы № 28 "Коргоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, 2010-жылдын 4-мартындагы № 43 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2010-жылдын 4-мартындагы № 44 "Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бар.

Коргоо чаралары

3.2. Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү буудай унуна (2009-жыл), ак кантка (2009-жыл), тооктун жумурткасына (2010-жыл) карата атайын коргоо чараларын киргизүүгө алдын-ала териштирүү жүргүзүлгөн; Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү ак кантка жана үй канаттууларынын жумурткаларына карата териштирүүлөр коргоо чараларын колдонбостон бүткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын коргоо чаралары кайсы өлкөдөн чыккандыгына карабастан импорттук товарларга каршы киргизилет.

3.3. Ташылып келүүчү буудай унуна карата атайын коргоо алымдары киргизилген, 1 килограммына 3 сом өлчөмүндөгү атайын убактылуу алым 5 ай аралыгында териштирүү жүргүзүүнүн мезгилинде колдонулду, атайын коргоо алымдары териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча бир жылга киргизилди (2009-жылдын ноябрь айынан 2010-жылдын ноябрь айына чейин), атайын коргоочу алымдарды колдонуунун жалпы убактысы 17 айды түздү. Атайын коргоочу алымдын баштапкы коюму (1 кг 3 сом) ал колдонулган мезгилде кайра каралган жана 1 кг 1 сомго чейин азайтылган (2010-жылдын августу).

Мезгилдүү алымдар

3.4. "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2012-жылы 2 ай бою Кыргызстандын аймагына буудай унун ташып келүүгө мезгилдүү алымдар колдонулган. Мезгилдүү алымдын коюму килограммына 2,5 сомду түзгөн, бул ошол мезгилге Кыргызстандын аймагына ташылып келген буудай унунун наркынын 10%ынан ашкан эмес.

Квоталоо

3.5. Алкоголь рыногунун тармагын өнүктүрүүгө демилге берүү жана жазгырма практикага жол бербөө, контрафакт жана контрабанда продукциясына каршы күрөшүү максатында Кыргызстанда 2004-жылдан тартып алкоголдук продукцияны ташып келүүнү квоталоо колдонулат, бул чара ДСУга мүчө өлкөлөрдүн аймагынан чыккан продукцияларды ташып келүүгө таркатылбайт.

3.6. Антидемпингдик жана компенсациялык алымдар Кыргызстан тарабынан колдонулган эмес.

Импорттук уруксаттамалоо

3.7. Импорттук уруксаттама боюнча ишке ашырыла турган товарлардын тизмеси 1998-жылдын 8-июнундагы З № 1101-I "Аларды экспорттоо жана импорттоо уруксаттамалар боюнча жүзөгө ашыруучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген эксперттик корутундуну: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы берет.

3.8. Товарлардын(11) 17 тобу импорттук уруксаттамалоого тийиш. Уруксаттамалоо төмөнкүдөй: улуттук экономиканы жана өлкөнүн коопсуздугун коргоо, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо, адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын, жаныбарларды жана өсүмдүктөр дүйнөсүн жана курчап турган чөйрөнү коргоо, жалпысынан коомдук укуктук тартипти колдоо, финансылык абалды коргоо жана республиканын төлөм балансын колдоо, массалык кыргын салуучу куралдарды, аларды жеткирүүнүн каражаттарын таркатпоо жаатындагы эл аралык келишимдердин талаптарын ишке ашыруу, ошондой эле контролдонуучу продукцияларды экспорттоого, импорттоого, реэкспорттоого жана транзитти контролдоо жаатындагы максаттарда ишке ашырылат.

3.9. Мыйзамдарга ылайык Кыргызстанда ар түрдүү жана Генералдык уруксаттамалар тышкы соодага тиешелүү болгон товар мамилелерине колдонулат. Генералдык уруксаттамаларды колдонуу мөөнөтү экспорттун-импорттун ишке ашуусунда бир календардык жылдан ашпайт жана арыз ээсинин жүйөлүү сурануусу боюнча узартылышы мүмкүн. Арыз берүүчүгө уруксаттама берүүдөн баш тарткан учурда жана ал бул баш тартууну негизсиз деп эсептесе, бардык көйгөйлөр соттук тартипте чечилет.

Ташып чыгууга тыюу салуулар

3.10. Өлкө үчүн олуттуу маанидеги товарлардын ички рыноктогу кескин жетишсиздигине жол бербөө максатында Кыргызстандын аймагынан күйүүчү-майлоочу материалдарды, (2011-2012-жылдар) буудай данын жана буудай унун (2012-жыл) экспорттоого убактылуу тыюу салуулар колдонулган, таш көмүрдү, жаныбарлардын иштетилбеген терилерин, жүндү жана жүн жиптерин, коргошундун сыныктарын жана калдыктарын, буудай унун, буудай данын, күн караманын данын, өсүмдүк майын (2008-жыл) регенерирленген кагаз жана картонду (2009-жылдан ушул мезгилге чейин), мал чарбасы үчүн чөптү жана жемди (2010-жыл), минералдык жер семирткичтерди (2012-жыл) ташып чыгууга экспорттук алымдар колдонулган. Регенерирленген кагаз жана картон 1 кг баасына 10 сом өлчөмүндө экспорттук төлөмдөрдөн башка баардык көрсөтүлгөн экспорттук төлөмдөр алып салынган (4707 ТНВЭД коду)(12).

4. Бажылык жол-жоболор жана бажылык наркты аныктоо

4.1. Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө каралып чыккан эл аралык конвенцияга (өзгөртүлгөн Киот Конвенциясы) ылайык 2006-2012-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин жаңы редакциясына ылайык өз алдынча баалоого, тандоого жана бажыдан кийинки контролдоого негизделген заманбап бажы жол-жоболору киргизилген.

4.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары - Бажы кызматы) катышуусу ЕврАзЭСке мүчө өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешине жана КМШнын (СРТС, КМШ) бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешине катышуусу Бажы союзунун жана Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигинин тийиштүү документтерине бажы кызматынын мыйзамын шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет. Тиешелүү 30 документ жана ушул региондогу бажы иштерин жөнгө салуу боюнча 50 документ кабыл алынган.

4.3. Республиканын бажы кызматы Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК)(13) бажы кызматтары менен дагы кызматташат. Анын ишинин алкагында эки тараптуу 2 эл аралык келишим иштелип чыккан жана кабыл алынган. Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ)(14) бажы кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасы 2006-жылдан тартып 2 долбоорду иштеп чыгууга катышууда. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ)(15) алкагында бажы иштерин жөнгө салуучу 4 документ кабыл алынган.

4.4. Бажы кызматы тарабынан жакынкы чет өлкөлөрдүн бажы кызматтары менен эки тарашуу кызматташуу жөнүндө 38 макулдашууга жана алыскы чет өлкөлөрдүн бажы кызматтары менен эки тараптуу кызматташуу жөнүндө 13 макулдашууга кол коюлган.

4.5. Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө чек араларды (өткөрүүнүн бажы пункттарын реконструкциялоо, ыңгайлаштыруу) бекемдөөгө көмөк көрсөтүү жолу менен бажы кызматын модернизациялоого багытталган Европа союзунун донорлору, АКШнын Мамлекеттик департаментинин программалары жана долбоорлору менен кызматташуу боюнча иштер улантылууда.

4.6. 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен комплекстүү алгачкы контролдоо киргизиле турган жана мамлекеттик контролдоочу органдардын (бажы, чек ара посту, санитардык кызмат, карантин, стандарттар жана сапат) өз ара аракеттенүүлөрүнүн технологиялык картасы түзүлө турган өткөрүү пункттарынын тизмеси бекитилген. Бардык өткөрүү пункттарында санитардык контролдоону камсыз кылууга каражаттардын жетишсиздигинен санитардык контроль айрым пункттарда гана киргизилген. Өткөрүү пункттарын тандап алуунун критерийлери жогорку тобокелдиктеги продукцияларды экспорттоочу өлкөлөр менен чектешкен пункттар болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору кабыл алынган: 2007-жылдын 13-декабрындагы № 587 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарын курууга (реконструкциялоо) жана жайгаштырууга карата талаптарды жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарын маалыматтык-техникалык каражаттар менен жабдууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө"; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 токтому экспортко/импортко тастыктама жана башка уруксат берүүчү документтерди алууда ишкерлер тапшыруучу документтердин санын жана аларды берүүнүн мөөнөтүн кыскартууга багытталган.

4.7. Соода-өнөр жай Палатасынын Президиумунун 2008-жылдын 19-февралындагы № 15 чечими менен товардын келип чыгышы тууралуу тастыктаманы алуу үчүн талап кылынган документтердин саны 60 пайызга кыскартылган.

4.8. Бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана соодага көмөктөшүү боюнча милдеттерди ишке ашырууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (2005-жыл) ылайык, бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташкан маалыматтык тутумунун (БАМС) долбоору 2012-жылдан тартып иштелип чыккан жана тажрыйбалык-өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизилген. Мындан ары жекече курамды окутууга жана республиканын баардык аймагында тутумду көтөрүүгө 2013-жылдын ичинде техникалык жабдууларды орнотууга жана күүгө келтирүүгө чара жүргүзүүсү пландаштырылууда.

4.9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясы жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жактырылган, бул документ кыска мөөнөткө жана орто мөөнөткө бажылык башкарууну өркүндөтүүнүн максаттарын жана негизги багыттарын, ошондой эле финансылык камсыздоону жана каралып жаткан иш-чараларды жүзөгө ашыруунун механизмдерин аныктоочу документ болуп саналат, аталган документте негизги багыттардын бири бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү болуп саналат.

4.10. Товарлардын бажылык наркын аныктоонун ченемдик-укуктук базасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасына алынып келүүчү товарлардын бажылык наркын аныктоо методикасы жөнүндө нускама" болуп саналат, ал бажы баалары боюнча ДСУнун Макулдашуусуна ылайык иштелип чыккан, ташылып келүүчү товарлардын бажылык наркын аныктоо боюнча алты иерархиялык методду карайт. Ташылып келүүчү товарлардын бажылык наркы дед товар менен болгон бүтүмдүн наркы эсептелет б.а. Кыргыз Республикасына экспортко ташылып келүүчү товарды саткан учурда иш жүзүндө төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон баа тууралуу эреже негиз салуучу болуп саналат (1-метод). Эгерде биринчи методду колдонуу мүмкүн болбосо анда ырааттуулук менен калган методдор колдонулат: окшош товарлар менен болгон бүтүмдүн наркынын негизинде, бир түрдүү товарлар менен болгон бүтүмдүн наркынын негизинде, наркты эсептеп алып салуунун негизинде, наркты кошуп эсептөөнүн негизинде, ошондой эле резервдик ыкма.

5. Техникалык жөнгө салуу

5.1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги техникалык жөнгө салуу жагында бирдиктүү саясатты ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп саналат.

5.2. 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, 2009-жылдын 14-августунан № 533 "2006-2011-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна, 2011-жылдын 11-ноябрынан № 714 "2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын жактыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык улуттук техникалык регламенттер этап боюнча иштелип чыгууда, мында продукцияларга, өндүрүүнүн процесстерине (методдоруна), сактоого, ташууга, сатууга, эксплуатациялоого жана утилдештирүүгө карата колдонуу жана сактоо үчүн милдеттүү талаптар, ошондой эле продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук маселелерин жөнгө салуучу эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү жолу менен шайкештикти баалоонун милдеттүү жол-жоболору белгиленет. Техникалык регламенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен кабыл алынат. 2006-2012-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 43 жана 2013-жылы 9 техникалык регламент кабыл алынды (9-таблица). Техникалык жөнгө салуунун жүргүзүлүп жаткан реформасы ыктыярдуу стандарттарды колдонуунун, мамлекеттик контролду чектөөнүн принциптерине негизделген.

Стандартташтыруу

5.3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору (СМБ) стандартташтыруу боюнча улуттук органдын функциясын аткарат жана стандарттардын даярдалышына жана кабыл алынышына жооп берет. Кыргыз Республикасы мамлекеттик стандарттардан (ГОСТ) эл аралык стандарттарга өтүү процессинде турат. СМБ стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун (СЭУ) мүчө-корреспонденти болуп саналат жана СЭУ түпкү колдонууга жылдырууга жана эл аралык стандарттарды колдонууга жооп берүүчү региондук уюм катары тааныган, КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы стандартташтыруу, метрология жана тастыктамалаштыруу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөсү.

5.4. Улуттук стандарттарды иштеп чыгуу менен продукцияны өндүрүүчүдөн, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча илимий-изилдөө жана коомдук уюмдардан, аткаруу бийлигинин органдарынан ж.б. уюмдардан турган 23 техникалык комитет алектенет. Жыл сайын республикада стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер тарабынан 60 га жакын улуттук стандарттар иштелип чыгат (кайра каралат, өзгөртүүлөр киргизилет). Колдо болгон тутумдун алкагында ИСО жана МЭК жана Алиментариуст кодексинин комитети сыяктуу эл аралык стандарттар менен улуттук стандарттарды шайкеш келтирүү аракети жүрүүдө. Кыргыз Республикасы ошондой эле Эл аралык Электр-техникалык комиссиянын 200гө жакын стандартын кабыл алды.

5.5. 2013-жылдын 1-январына карата техникалык стандарттардын улуттук фондунда 22542 стандарт колдонулат. Алардын ичинен: ГОСТ-20372, башка мамлекеттердин улуттук стандарттары (ГОСТ Р, СТБ ж.б.) - 1280, Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары - 592, Эл аралык стандарттар - 298. Аларды эл аралык жана европалык стандарттар менен шайкеш келтирүүнүн жалпы деңгээли 46%ды түзөт, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган стандарттардын негизги үлүшүн мамлекеттер аралык стандарттар түзөт. Аларды иштеп чыгуу, актуалдаштыруу жана эл аралык жана европалык стандарттар менен шайкеш келтирүү КМШ өлкөлөрүнүн Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин деңгээлинде камсыздалат.

5.6. Стандарттарды кабыл алуу, бекитүү жана колдонуу боюнча ак ниет тажрыйбанын кодексине ылайык стандарттардын иштелип жаткан долбоорлору тууралуу кабар СМТнын сайтына жарыяланат жана ИСО/МЭКтин Женевадагы Маалыматтык борборуна жөнөтүлөт.

Метрология

5.7. СМБ алуу жакшыртуу, чоңдуктун бирдигинин улуттук эталонун сактоо, түрүн бекитүү боюнча, ченөө каражаттарынын калибрлөө жана текшерүү багытындагы метрология жана анын ишин иш жүзүнө ашыруу боюнча улуттук органдын милдетин аткарат. Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги Мыйзамдуу Метрология боюнча Эл аралык уюмдун (ММЭУ) ассоциациялык мүчөсү болуп саналат, СМБ Евро-Азиялык мамлекеттик метрологиялык мекемелер кызматташтыгынын мүчөсү болуп саналат.

5.8. Дүйнөлүк банктын "Ишкердикти жана соодадагы техникалык тоскоолдуктарды кыскартуу" (мындан ары - ИСТТК) долбоорунун алкагында СМБнын эталондук лабораторияларын реконструкциялоо жүргүзүлгөн. Массалык, температура, басымы, физика-химиялык ченөөлөр, узундуктар, убакыттар жана ылдамдыгы, электрдик жана радиотехникалык ченемдер лабораториялары модернизацияланган.

5.9. -40 град. Цельсиядан 250 град. Цельсия диапозондо суюктуктар айнек термометрлерди калибрлөө, Е2 гирь классындагы 1 мг дан 20 кг га чейин диапозондо, нымдуулугуна караганда 5тен 95%га чейин диапозондо абанын нымдуулук көрсөткүчтөрү эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүлөт.

Аккредиттештирүү

5.10. Сертификация органдарын аккредиттештирүү жана сынактык лабораториялар Кыргыз Республикасынын стандарт жана метрология боюнча улуттук институтунун (Кыргызстандарт) ишин алып барган. 2006-жылдын 16-ноябрынан тартып аккредиттештирүү ишин көз карандысыз орган - Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредиттештирүү борбору тарабынан жүргүзүлөт.

5.11. Милдеттүү тастыктамалаштыруу тастыктама жана шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу түрүндө ишке ашырылат. Шайкештик жөнүндө декларация жана шайкештик тастыктамасы Кыргыз Республикасынын бардык аймагында бирдей юридикалык күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көп тараптуу, эки тараптуу макулдашуулардын негизинде жана бир тараптуу тартипте экспортер өлкөлөрдүн шайкештикти баалоо боюнча органдары берген шайкештикти милдеттүү тастыктоонун жыйынтыктарын таануунун бирдиктүү тартибин киргизген. Кыргыз Республикасы Азербайжанда, Грузияда, Кытайда, Арменияда, Белоруссияда, Казакстанда, Молдавияда, Россияда, Тажикстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Украинада алынган шайкештик тастыктамаларын, шайкештик декларацияларын жана сыноонун протоколдорун, эгерде продукцияларга карата талаптар эквиваленттүү болуп саналса тааныйт. Кыргыз Республикасы ишке ашыруучу шайкештикти тастыктоонун жыйынтыктарын бир тараптуу таанууну тастыктамалаштыруу, сынак лабораториялары (борборлор), сыноолордун жана тастыктамалаштыруунун жыйынтыктары, шайкештик тастыктамалары жана шайкештик белгилери боюнча органдарды өз ара таануу жөнүндө ведомстволор аралык макулдашуулардын негизинде: Ирандын, Словакиянын, Түркиянын продукцияларына карата жүргүзүлөт.

5.12. Шайкештиги милдеттүү тастыкталууга тийиш болгон продукциялардын тизмеси 7000 ден 364 аталышка чейин олуттуу кыскартылды. Продукциянын шайкештигин тастыктоонун жол-жоболору өркүндөтүлүүдө. Демек, тамак-аш азыктары жана эл керектөөчү товарлар үчүн шайкештик жөнүндө декларация кабыл алуунун түрүн киргизүү дүйнөлүк тажрыйбада кабыл алынган шайкештикти тастыктоонун заманбап талаптарына ылайык келет. Бул тышкы экономикалык иштин субъекттерине шайкештикти тастыктоонун түрүн тандап алууга мүмкүндүк берет: тастыктамалаштырууну же декларациялоону, бул продукцияны өзгөчө Бажы союзунун өлкөлөрүнө (Россия, Казакстан, Белоруссия) экспорттоодо өтө маанилүү.

5.13. Азыркы учурда "Өз ара таануу жөнүндө IAF/ILAC Көп тараптуу макулдашуу. Аккредиттештирүүнүн айрым бир органын баалоо үчүп жол-жоболордун талаптары" эл аралык ИСО/МЭК 17011 жана IAF/ILAC А2:07/2010 стандарттарынын талаптарына ILAC лабораторияларын аккредиттештирүү боюнча эл аралык уюмдун баалоочулары тарабынан Аккредиттештирүү борборунун шайкештигине, ошондой эле аны ILAC MRA Макулдашуусуна карата толук укуктуу мүчө катары кошуу мүмкүнчүлүгүнө баалоо жүргүзүлгөн.

5.14. 2013-жылдын 1-январына карата шайкештикти баалоонун аккредиттелген органдарынын тизмесине төмөнкүлөр киргизилген: тастыктамалаштыруу боюнча аккредиттелген 14 орган, 79 сыноочу тесттик лаборатория, 1 калибрлөөчү лаборатория жана Лабораториялар аралык салыштыруу (ЛАС) программасынын 4 провайдери.

Маркалоого жана таңгактоого талаптар

5.15. 2004-жылдын 22-майынан № 67 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрынан № 639 токтомуна ылайык милдеттүү тастыктамалаштырууга тийиш болгон жана шайкештик тастыктамасы берилген продукция милдеттүү талаптарга шайкештигинин белгиси менен маркаланууга тийиш. Шайкештик белгиси менен буюм жана (же) идиши, таңгагы маркаланышы керек. Кыргыз Республикасынын аймагында шайкештик белгиси таанылган продукция шайкештик белгиси менен кошумча маркировкалоону талап кылбайт.

5.16. Милдеттүү талаптарга шайкештик белгиси менен продукцияларды маркалоону, аны колдонуу укугун алган даярдоочу (сатуучу) ишке ашырууга тийиш, ал шайкештик белгиси чапталуучу орунду аныктайт жана аны мыйзамсыз колдонгондугу үчүн жоопкерчиликти тартат. Конкреттүү продукцияларга Милдеттүү талаптарга шайкештик белгисин чаптоонун эрежеси жана ыкмалары техникалык регламенттерде, ал эми техникалык регламентти кабыл алганга чейин бул продукция ченемдик укуктук актыларда жана/же стандарттарда, ошондой эле продукцияны тастыктамалаштыруунун жол-жоболорунда белгилениши керек. Шайкештик белгиси бир түстө (ар кандай түстүн бири) жана буюмдун фонунда контрасттуу түстө, даана, так окула тургандай жана жөнөкөй көз менен айырмалана тургандай аткарылышы керек.

2013-жылдан 30-майында № 86 "Тамак-аш продукцияларын маркалоо Техникалык регламенти тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды.

6. Санитардык жана фитосанитардык (СФС) чаралар, жаратылышты, токой тармагын кошо коргоо мыйзамдары

6.1. Республикада санитардык чараларды көрүү "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 248 Мыйзамы менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Улуттук маалымдоо маалыматтык кызматы СФС чаралар боюнча маалымдоо маалыматтык кызматтын функцияларын аткарат, анткени кабарлоо боюнча орган жана СФС чаралары боюнча маалыматтык борбор түзүлө элек.

6.2. 2006-2012-жылдардан тартып республикада 14 техникалык регламент кабыл алынды жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча 12 техникалык регламенттин долбоору иштелип чыкты, алар макулдашуунун жана кабыл алуунун ар кандай стадияларында турат. Техникалык регламенттердин талаптары Европалык союздун директиваларынын, Алиментариус Кодексинин стандарттары менен шайкеш келтирилген. Санитардык ченемдерди жана эрежелерди (СанЭжанаЧ) кайра кароо, аларды эл аралык талаптар менен шайкеш келтирүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларына которуу боюнча иштер улантылууда.

6.3. Ветеринардык чараларды колдонуунун маселелерин жөнгө салуу "Ветеринария жөнүндө" 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат, анда ветеринариянын жалпы, укуктук, уюштуруучулук жана финансылык негиздери аныкталат, зарыл болгон ветеринардык-санитардык талаптарды жана ветеринардык контролдоонун негиздерин белгилейт.

6.4. Ветеринардык кызмат жаатында 12 ветеринардык-санитардык талаптар жана тоюттун жана тоют кошулмаларынын ветеринардык багыттагы дары-дармек каражаттарынын этке жана аны кайра иштетүүдөгү азыктарына карата коопсуздугу боюнча техникалык регламенттер иштелип чыккан, алар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу стадиясында турат.

6.5. 1996-жылдын 27-июнундагы № 26 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча Эл аралык конвенциялардын жоболоруна, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жана фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарты менен өсүмдүктөрдү коргоо, Европалык жана жер ортолук деңизинин карантини жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча уюмунун аймактык стандарттарына ылайык фитосанитариянын маселелери жөнгө салынат. Кыргыз Республикасы ӨККЕУнун мүчөсү болуп саналат.

6.6. Фитосанитардык карантиндик камсыз кылуу жаатында укуктук база эл аралык фитосанитардык эрежелерге толугу менен ылайык келбейт. Анда өзгөчө коркунучтуу карантиндик объекттерди таратуучу өлкөлөрдөн келүүчү карантин алдындагы бул же тигил жүктөргө карата фитосанитардык талдоону жана экономикалык тобокелдиктерди аткаруу боюнча талаптар жок. Фитосанитардык тобокелдиктерге талдоо жүргүзүүнүн заманбап схемасы Кыргыз Республикасында жок. Ушул мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында болбогон карантиндик организмдердин жана Кыргыз Республикасынын аймагында чектелип таркатылуучу карантиндик организмдердин тизмеси негизделген эмес.

6.7. Айыл чарба продукцияларын экспорттоонун өсүшүн токтотуп жаткан тоскоолдуктардын бири ветеринария жана өсүмдүктөрдүн карантиниөсүмдүктөрдүн ооруларын жана зыянкечтердин таралышы боюнча зоналарга бөлүштүрүү, соода өнөктөшү тарабынан өсүмдүктөрдүн ооруларынан жана зыянкечтерден эркин зоналардын аныкталышы жана таанылышы, жаныбарларды идентификациялоо, ветеринардык жана фитосанитардык карантиндик маанидеги лабораторияларды жана көзөмөлдөө тутумунун эл аралык аккредиттештирүү жаатындагы көзөмөлдөө тутуму Эл аралык таанууга шайкеш келбегендиги болуп саналат.

6.8. 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө", 2006-жылдын 19-июлундагы № 114 "Кыргыз Республикасы тарабынан 2004-жылдын 16-майында кол коюлган 2001-жылдын 22-майындагы Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясын ратификациялоо тууралуу", 2007-жылдын 25-майындагы № 71 "Парник газдарынын эмиссиясы жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө", 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", 2006-жылдын 30-ноябрындагы № 192 "Вашингтон шаарында 1973-жылдын 3-мартында кол коюлган жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенцияга (CITES) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынган.

6.9. 2008-жылдын 11-августундагы № 200 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.

6.10. 2009-жылы Техникалык регламенттерди иштеп чыгуу боюнча Планды ишке ашырууда 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Мындан тышкары 2011-жылдын 3-майындагы № 18 "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.

7. Инвестициялык саясат

7.1. Соңку жылдары Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясаты Мамлекеттик инвестициялардын программасы (МИП) алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдигинде тартылган чет элдик өз ара карыз алуучуларды кыскартууга жана жеке инвестициялардын, анын ичинде чет элдик түз инвестициялардын өсүшүнө стимул берүүгө багытталган.

7.2. Чет өлкөлүк инвесторлордун иш-аракети Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Жер кодекси, Салык кодекси, 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат. Бирок, Кыргыз Республикасында инвестициялык иш-аракетти жөнгө салуучу негизги ченемдик документи 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы болуп саналат, ал улуттук режимге негизделет жана мамлекеттик органдар менен инвесторлордун ортосундагы мамилелерди жөнгө салат. Бул Мыйзамдын негизги айырмалоочу белгилери: жеңилдиктерди алуу мүмкүндүгү (республиканын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы жана белгилүү бир аймагындагы инвесторлорго өнүгүүнүн мамлекеттик программаларына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чагылдырылган инвестициялык жеңилдиктерди ала алышат); 10 жылдын ичинде мыйзамдардын өзгөрбөшүнүн кепилдиги (бул укук Конституция өзгөртүлгөн учурларга таркалбайт); инвестордун Эл аралык арбитражга кайрылуу укугу; экспроприация учурунда адекваттуу жана натыйжалуу компенсацияны өз убагында төлөп берүү кепилдиги; капиталды репатриациялоо эркиндиги; дивиденддерди жана кирешени алуу укугу болуп саналат.

7.3. Өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин алга жылдыруу үчүн "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" (2012-жылдын 22-февралындагы № 7) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мында ары - МЖӨ) механизмдерин киргизүү жана пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнүн экономикасынын инфратүзүмүн жакшыртуу иши жүргүзүлүүдө.

7.4. Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу жана анын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердик субъекттердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу боюнча иш-чараларды өткөрүү; инвестициялык жана башка ишкердик иш-аракеттин чөйрөсүндө администрациялык тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жокко чыгаруу; рыноктук мамилелерди жөнгө салууга жаңы ыкмаларды жайылтуу; өлкөнүн банк тутумунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана бизнесмендер, инвесторлор тарабынан ага болгон ишенимди жогорулатуу максаты менен аны өркүндөтүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу өлкөгө инвестицияларды тартуу процессин өркүндөтүү жана жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү боюнча чараларды кабыл алды. Чет өлкөлүк инвесторлорго 300,0 миң АКШ долларынан кем эмес өлчөмдө каражаттар инвестицияласа, инвестициялык визалар берилет.

7.5. Дүйнөлүк коомчулукка интеграциялануу жана эл аралык келишим-укуктук базаны түзүү максатында Кыргызстан бир катар өлкөлөр менен эки жактуу инвестициялык(16) жана кош салык салууну болтурбоо жагындагы(17) макулдашууларды түзгөн. Кош салык салууну болтурбоо тууралуу АКШ менен СССРдин ортосунда 1973-жылы түзүлгөн макулдашуу күчүндө калууда. Кыргыз Республикасы КМШга мүчө-өлкөлөрү менен "Инвесторлордун укугун коргоо жөнүндө" Конвенсиясына жана Америка Кошмо Штаттары менен Борбордук Азиянын(18) ортосунда соода жана инвестициялар жөнүндө алкактык макулдашууларына кол койгон.

7.6. 2013-жылы Кыргызстан Дүйнөлүк банктын "Бизнести жүргүзүү 2013" рейтингинде 185 өлкөнүн ичинен инвесторлорду коргоо боюнча 12-орунду алды. Чыгыш Европа жана Борбордук Азия (ЧЕБА) регионундагы 24 өлкөнүн арасынан Кыргызстан 2-орунду алды.

7.7. Чет өлкөлүк инвестицияларды туристтик тармактын объекттерине тартуу, туристтик рыноктук ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында 44 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режим кабыл алынган.

7.8. Ишканаларды каттоо процессин жөнөкөйлөтүү боюнча иш жүргүзүлгөн, анын алкагында уюштуруучулардын кол тамгаларын нотариалдык күбөлөндүрүү, финансылык эмес компаниялар үчүн минималдык уставдык капитал жана башка жол-жоболор боюнча талаптар жокко чыгарылган.

8. Интеллектуалдык менчикти коргоо

8.1. Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспекттери (мындан ары - ИМУСА) боюнча макулдашуунун чегиндеги маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кыргызпатент) карамагында каралат. Кыргызпатенттин ыйгарым укуктарынын маани-маңызы интеллектуалдык менчик (ИМ) укуктарын коргоонун укуктук негиздерин түзүүдө жана интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды сунуш кылууда. Интеллектуалдык менчик укуктарын бузууга тыюу салуу башка мамлекеттик органдардын (укук коргоочу, контролдоочу, бажы жана сот органдарынын) компетенциясына кирет.

8.2. Интеллектуалдык менчик жаатындагы улуттук мыйзамдык база азыркы учурда түзүлгөн 14 мыйзамды жана жүздөн ашык мыйзамдык ченемдик укуктук актыларды камтыйт, ал көпчүлүк бөлүгүндө ИМУСА макулдашуусунун ченемдерине жана талаптарына ылайык келет жана интеллектуалдык менчик боюнча мыйзамдарга коюлуучу талаптардын минималдык топтомун камтыйт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы интеллектуалдык менчик жаатындагы 23 эл аралык көп тараптуу келишимдердин катышуучусу болуп саналат. Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюму (ИМДУ), Европалык патент ведомствосу (ЕПВ), Европалык патент уюму (ЕАПО), Авторлор жана композиторлор коомунун эл аралык конфедерациясы (CISAC), Өнөр жайлык менчикти коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңеш (МГСОПС) жана КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдүн патенттик ведомстволору менен кызматташуу жана эл аралык байланышты чындоо боюнча активдүү иш жүргүзүлүүдө.

8.3. ИМУСА Макулдашуусу боюнча милдеттенмени эки негизги бөлүккө бөлүүгө болот: улуттук мыйзамдарды ИМУСА Макулдашуусуна ылайык келтирүү жолу менен камсыз кылуу; ИМУСА Макулдашуусуна ылайык келтирүү менен интеллектуалдык менчик укуктарын бузгандыгы үчүн жарандык, администрациялык жана кылмыш жоопкерчилигинин чараларын мыйзамда так аныктоо жолу аркылуу интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылуу, бул өлкөнүн чек арасы аркылуу контрафакттык продукциянын өтүүсүнүн алдын алуу боюнча чаралардын бажы кызматтары тарабынан камсыздалышын камтыйт. Иш жүзүндө бул Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык кодекси, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси сыяктуу бир катар мыйзам актыларында тиешелүү жоболордун бар экендигин билдирет.

8.4. Биринчи бөлүк боюнча (интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо) Кыргызстан өзүнүн милдеттерин аткарды жана интеллектуалдык менчиктин ар түрдүү объекттери боюнча бир нече тиешелүү мыйзамдарды кабыл алды, алар ИМУСА макулдашуусунун талаптарына ылайык интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо укугун берген негизги принциптерди камтыйт жана азыркы учурда интеллектуалдык менчик объекттерине укуктук коргоону берүү тутуму республикада натыйжалуу иштеп жатат.

8.5. Интеллектуалдык менчик объекттерине укукту коргоону камсыздоо боюнча милдеттенмелердин экинчи бөлүгүнө карата, мыйзамда коргоону камсыз кылуу боюнча жоболордун бар экендигине карабастан, бүгүнкү күндө, укукту колдонуу тажрыйбасында көйгөйлөр бар, бул "каракчылыктын" жана контрафакттык продукцияны ташып келүүнүн/өндүрүүнүн жогорку деңгээлине алып келүүдө. 2011-жылы ушул көйгөйлөрдү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 токтому менен 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынган, ал ИМ укуктарын коргоону өркүндөтүү боюнча бир катар иш-чараларды камтыйт.

8.6. Кыргыз Республикасынын соода саясатынын биринчи баяндамасын жүргүзгөндөн тартып, ИМ тармагында бир кыйла өзгөрүүлөр байкалууда. Интеллектуалдык менчик объектилеринде укуктук коргоону жакшыртууга багытталган бир нече мыйзамдар кабыл алынган. ИМ чөйрөсүндө мыйзамдар өлкөдөгү укуктук колдонулуучу практиканы жана дүйнөлүк тажрыйбаны эсепке алуу менен дайыма жакшыртылууда.

8.7. 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы Кыргыз Республикасынын экономикалык артыкчылыктарына багытталган. Улуттук стратегия интеллектуалдык менчик объектилерине ченемдик укуктук базаны түзүү, ошондой эле укуктук коргоонун жол-жоболорун мындан ары жакшыртууну камсыздоо, мамлекеттик патенттик фондуну калыптандыруу, интеллектуалдык чыгармачылыкты шыктандыруу жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу максатын көздөйт. Улуттук стратегиянын алкагында беш маанилүү долбоор ишке ашырылат, алар жаш новаторлорду колдоо, интеллектуалдык менчик объекттерин чакан жана орто бизнес үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, интеллектуалдык менчик тутумунун маанилүүлүгү жөнүндө коомдун маалыматтуулугун жогорулатуу, интеллектуалдык менчик жаатында укук колдонуу тажрыйбасын активациялоо, ошондой эле каракчылык жана контрафакттык продукция менен күрөшүү сыяктуу багыттар боюнча ишке ашырылат.

8.8. Интеллектуалдык менчик объекттерине укуктук коргоону сунуш кылуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргызпатент келип түшкөн билдирүүлөргө экспертизаны жана интеллектуалдык менчик объекттерине коргоо документтерин берүүнү жүзөгө ашырууну улантууда. 2012-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында төмөндөгүлөр коргоого алынат: ойлоп табуулар - 3003, анын ичинен евразиялык патенттер - 2662; пайдалуу моделдер - 44; өнөр жайлык үлгүлөр - 5458, анын ичинен Гаага макулдашуусунун жол-жоболору боюнча - 5370; улуттук жол-жоболор боюнча товардык белгилер - 8850; Мадриддик макулдашуунун жол-жобосу боюнча товардык белгилер - 49215; фирмалык аталыштар - 326; товар өндүрүлгөн жерлердин аталыштары - 13; рационализатордук сунуштар - 660; жалпыга таанымал товардык белгилер - 9; салттуу билимдер - 4; селекциялык жетишүүлөр - 11.

9. Айыл чарбасы

9.1. Айыл чарбасына карата Кыргызстандын Өкмөтүнүн саясаты төмөнкүлөрдү эске алуу менен түзүлөт: айыл жергесинде жашаган калктын санынын басымдуу бөлүгүн (60%га жакын), климаттык шарттардын өзгөчөлүктөрүн, өлкөнүн региондорунун начар инфраструктурасын жана фермердик чарбалардын техникалык жабдылышын, төмөнкү өндүрүмдүүлүктүн фонундагы кымбат кредиттик ресурстарды. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар айыл чарба субъекттерине субсидияларды берүүгө протекционисттик же негиздүү боло албайт.

9.2. Айыл чарба продукциясынын өсүү темпи жогору эмес, орточо алганда өсүш жылына 101-105%ды түзөт (сом менен, мында сомдун АКШ долларына карата натыйжалуу алмашуу курсу эсепке алынган жок). Мал чарбачылыгынын продукциясынын үлүшү 2012-жылы 47,8%, дыйканчылыкта - 50,5%, айыл чарбасында кызмат көрсөтүүдө - 1,6%, токой чарбасында жана аңчылыкта - 0,1% түзгөн.

9.3. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын соода саясатынын баяндамасын жүргүзгөн мезгилден тартып 2009-жылдын 26-январында № 30 "Жайыттар жөнүндө", 2009-жылдын 26-январында № 31 "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө", 2009-жылдын 27-апрелинде № 133 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө", 2009-жылдын 26-майында № 166 "Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынган. Ошондой эле, 2020-жылга чейин айыл чарбасын өнүктүрүү стратегиясынын, 2016-жылга чейин кооперативдик кыймылды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорлору жана 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыккан.

9.4. "Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу алкагында 2011-жылдын 5-июлундагы № 367 Кыргыз Республикасынын токтому менен Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы бекитилген, ушул иштелип чыккан стратегияга ылайык 7-9 асыл тукум чарбасын түзүү, жасалма уруктандыруунун 300гө жакын пункттарын ачуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

9.5. Кыргыз Республикасындагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Фермерлерге арзан кредит" жеңилдетилген кредиттөө программасы иштелип чыккан жана 2011-жылы колдонууга киргизилген, анын алкагында жылдык 9% пайыздык коюму менен 1,0 млрд. сом бөлүнгөн. 2012-жылы ушундай программа ушул эле насыялык суммада, бирок жылдык 7% менен улантылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 10 "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык кайра иштетүү секторун, мал чарбачылыгын жана дыйканчылыкты өнүктүрүүгө 12ден 24 айга чейинки мөөнөт менен жеңилдетилген шарттарда фермерлерге коммерциялык банктар тарабынан каражаттар берилүүдө.

10. Атаандаштыкты өнүктүрүү саясаты

10.1. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155 "Жарнак жөнүндө", 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 "Атаандаштык жөнүндө", 2011-жылдын 8-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.

10.2. Экономикалык иш-аракеттин эркиндигине кепилдик берүүчү конституциялык ченемдер Кыргыз Республикасында монополияга каршы мыйзамдын тутумун түзүү үчүн укуктук негиз катары кызмат кылды.

10.3. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы атаандаштыкты колдоонун жана өнүктүрүүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин аныктайт жана монополиялык иш-аракетти жана ак ниет эмес атаандаштыктын алдын алууга, чектөөгө, тыюу салууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын рынокторун түзүү жана натыйжалуу иштетүү үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.

"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери:

- 2002-2004-жылдары "Европалык коомчулуктар менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну колдоо" долбоорун ишке ашыруу алкагында Европа Союзунун;

- монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңеш менен кызматташуунун алкагында КМШга катышкан өлкөлөрдүн мыйзамдарына жакындатылган.

10.4. Монополияга каршы саясаттын чараларын колдонуу конкреттүү товардык рынокто атаандаштык чөйрөсүнүн абалы жана анда иштеп жаткан кээ бир ишканалар жөнүндө маалыматка негизделген. Изилдөө монополияга каршы чараларды киргизүүгө, релеванттык рынокту издеп табууга түзүлгөн, анын чегинде конкреттүү субъект үчүн рыноктордун товардык жана географиялык чектерин жана анда аракеттенип жаткан сатуучулардын жана өндүрүмдүн айрым түрлөрүн сатып алуучулардын тизмесин, ошондой эле рыноктун региондор аралык (эл аралык) соода үчүн ачыктыгынын деңгээлин аныктоодо атаандаштыктын жана монополиянын маселелери түзүлөт.

10.5. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык рынокто 35%дан көп үлүшкө ээ болгон чарбакер субъект басымдуулук кылуучу чарбакер субъект болуп саналат. Чарбакер субъекттин базар күчүнө, тактап айтканда рынокко жана андагы жүгүртүү шарттарына чечүүчү таасир этүүчү мүмкүнчүлүгүнө негизделип, басымдуулук кылуучу башка критерийлер киргизилген.

10.6. 1999-жылы "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жана анын 2011-жылдагы жаңы редакциясы монополист-ишканалар тарабынан мыйзамга туура келбеген аракеттерден чарбакер субъекттерди жана калкты коргоону камсыз кылуучу мамлекеттик атаандаштык саясатын ишке ашыруу үчүн укуктук базаны кеңейтүү мүмкүндүгүн берди. Белгилеп кетүүчү нерсе, дүйнөлүк тажрыйбага биринчи жолу "уруксат берилген монополия" түшүнүгү киргизилген, ал рынокто басымдуулук кылуучу абалды ээлеген субъекттерди табигый монополиянын субъекттери сыяктуу эле жөнгө салууга мүмкүндүк түздү.

Аталган мыйзам менен табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун методдору каралган, бул жерде бааны жөнгө салуудан тышкары, рентабелдүүлүктүн чектүү деңгээлин белгилөө, соода кошумчасынын чоңдугун белгилөө, милдеттүү тейлөөгө тийиштүү болгон керектөөчүлөрдү аныктоо жана (же) табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттери тарабынан өндүрүлгөн товарга (кызмат көрсөтүүгө) керектөөчүнү толук көлөмдө канааттандыруу мүмкүн болбогон учурда аларды камсыз кылуунун минималдуу деңгээлин белгилөө, ошондой эле, табигый монополиянын субъекттеринин инженердик-техникалык кызматтары үчүн милдеттерди белгилөө сыяктуу башка методдор дагы каралган. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу механизми табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттеринин мамлекеттик реестрин түзүү болуп саналат, ага табигый монополиянын чарбакер субъекттери жана үстөмдүк абалга ээ субъекттер кирет.

11. Атаандаштыкты коргоо, өнүктүрүү жана монополияга каршы жөнгө салуу

11.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Монополияга каршы орган) атаандаштык жаатында чараларды ишке ашырат, табигый жана уруксат берилген монополиялардын ишин жөнгө салат(20). Табигый (технологиялык факторлордон улам жалгыз ташып келүүчү) жана уруксат берилген монополиялар (үстөмдүк абал) мамлекеттик реестрде (республикалык жана аймактык) катталышат(21). Табигый монополияга бааны жөнгө салуу ыкмасы колдонулат. Уруксат берилген монополияга баанын жана башка жөнгө салуу методдору "Кыргыз Республикасында табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат.

11.2. Монополияга каршы орган эсепке алуу саясатын, негизги каражаттарды, табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттеринин товарларын (иштерин, кызмат көрсөтүүлөрүн) ташып келүүгө (сатып алууга) контракттардын формаларын жана Мамлекеттик реестрге киргизилген табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларынын (иштеринин, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) түрлөрү боюнча кирешеге, чыгымдарга жана ишке кошо тартылган активдерге өзүнчө эсепке алууну жүргүзүү методикасын макулдашат. Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттери тарабынан сатып алууларды ишке ашырууда; субъекттердин бүтүмдөрүндө жана инвестицияларында; алар тарабынан чарбакер субъекттердин уставдык капиталында акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууда мамлекеттик контролду ишке ашырат. Мындан сырткары, табигый жана уруксат берилген монополия субъекттери жана алардын кызматтарын керектөөчүлөрдүн ортосундагы келишимдин шарттарынын аткарылышына; чыгымдары жөнгө салынуучу товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) бааларында (тарифтеринде) эсепке алынган товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу боюнча табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилген монополист-субъекттер тарабынан жүргүзүлүүчү тендерлерди өткөрүүдө контролду ишке ашырат.

11.3. Монополияга каршы орган табигый жана уруксат берилген монополиянын конкреттүү субъекттерине карата алар тарабынан өндүрүлгөн (сатылуучу) товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатын жогорулатууга түрткү берүүнү жана аларга болгон сурамды канааттандырууну эске алуу менен анын ишин талдоонун негизинде жөнгө салуунун методдорун колдонуусун аныктайт. Мында чыгымдардын негиздүүлүгү табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттери тарабынан сунушталган маалыматтар боюнча бааланат.

11.4. Монополияга каршы орган монополист тарабынан милдеттүү тейленүүгө тийиш болгон керектөөчүлөрдү аныктай алат. Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттерине: табигый жана уруксат берилген монополиянын чөйрөсүнө таандык болбогон кызматтарды көрсөтүүгө; мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген иштен алынуучу кирешенин эсебинен атаандаштык шарттарында ишке ашырылуучу товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) өндүрүүнү жана ташып келүүнү субсидиялоого; ички рыноктогу сурамды жетишсиз канааттандырууда товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоого; мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү учурларынан тышкары, жөнгө салынуучу товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү жана сунуш кылуу үчүн арналган мүлктү сатууга; ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылбаган баалар (тарифтер) боюнча товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууга тыюу салынат.

11.5. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу фактылары белгиленсе, монополистке мындай бузууларды жокко чыгарууга жазма буйрук берилет, ал аткарылбаган учурда монополистке же анын жетекчисине жаза колдонулат, ошондой эле монополияга каршы мыйзамга ылайык башка чаралар колдонулат.

11.6. Азыркы учурда 198 чарбакер субъекттер жөнгө салынат, анын ичинен табигый жана уруксат берилген монополиялардын мамлекеттик республикалык реестрине 60 чарбакер субъекттер, региондук реестрлерге 138 чарбакер субъекттер киргизилген.

11.7. "Кыргыз Республикасында табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө кириши менен, Монополияга каршы орган энергетиканын жана байланыштын табигый монополиялык чөйрөсүн жөнгө салат. Мурда ушул чөйрөдөгү монополияга каршы жөнгө салуу тармактык регуляторлор - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан ишке ашырылган.

Шаардык керектөө үчүн сууга, жылытууга, ысык суу менен камсыздоого жана коомдук транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон баа аймактык монополияга каршы органдар менен макулдашуу боюнча бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан бекитилет.

12. Мамлекеттик ишканалар

12.1. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 158 мамлекеттик ишкана иштейт, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамына ылайык Өкмөт мамлекеттик мүлктүн ээсинин укугун ишке ашырат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларын уюштурат. Мамлекеттик ишканага жалпы жетекчиликти жана ишин координациялоону ушул укук берилген жана карамагында мамлекеттик ишкананын аракеттениши каралган министрлик, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомство, аткаруу бийликтин башка органы, жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан ишке ашырылат.

12.2. Кыргызстан көз карандысыздыгын алган күндөн тартып мамлекеттик ишканалар алган таза пайдасын өздөрүнүн карамагына калтырып келишкен. Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтому менен мамлекеттик ишканалардын пайдасын рационалдуу пайдалануу жана мамлекеттик бюджетти колдоо максатында мамлекеттик ишканалар жылдын финансылык-чарбалык иш-аракетинин жыйынтыктары боюнча таза пайдасынан 50 пайыздан кем эмесин республикалык бюджетке которууга милдеттендирген чечим кабыл алынган. Жыйынтыгында республикалык бюджетке мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынан каражаттардын келип түшүүсү 2011-жылы - 257,5 млн. сомду, 2012-жылы - 758,9 млн. сомду түзгөн.

13. Мамлекеттик сатып алуулар

13.1. Азыркы учурда республикада министрликтерди, административдик ведомстволорду, башка мамлекеттик органдарды, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды, акциялардын 50%дан ашыгына мамлекет ээлик кылган акционердик коомдорду, фонддорду, мектептерди, ооруканаларды кошо алганда 3000ге жакын сатып алуучу уюмдар бар.

Ар жыл сайын тендер аркылуу өлкөнүн бюджетинин төрттөн бирине барабар товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр сатып алынат. Оперативдүү маалыматтар боюнча 2012-жыл үчүн 26,2 млрд. сом суммасына тендер боюнча протоколдор катталган.

13.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 661 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууну өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруунун алкагында жана сатып алуу жол-жоболорун өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан төмөнкүдөй иштер жигердүү жүргүзүлүүдө:

- 2010-жылдан тартып бардык сатып алуучу уюмдарды электрондук маалыматтык ресурстарга - мамлекеттик сатып алуулар боюнча интернет-порталга которуу ишке ашырылууда;

- 2013-жылдын 19-январынан тартып электрондук мамлекеттик сатып алууларды жана электрондук кайтарым аукциондорду өткөрүүгө ыңгайлаштырылган Кыргызстандын мамлекеттик сатып алууларынын жаңы порталы ишке киргизилген. Тендерлерди өткөрүүнүн бардык этаптары кызыкдар тараптардын бардыгына жеткиликтүү болгондуктан, бул портал тендерлерди өткөрүүнүн ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылат;

- мамлекеттик сатып алууларга тийиштүү ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу;

- сатып алуучу уюмдар менен иштөө, мамлекеттик сатып алуунун жол-жоболору боюнча консультацияларды сунуш кылуу;

- сатып алуучу уюмдардын иши тууралуу жеткирип берүүчүлөрдүн арыздарын жана кайрылууларын карап чыгуу.

14. Банк саясаты

14.1. Улуттук банктын акча-кредиттик саясаты 2006-жылдан тартып 2012-жылга чейинки мезгилде бир жагынан баанын жалпы деңгээлинин туруктуулугуна жетишүүгө жана кармоого, ал эми экинчи жагынан финансылык-банктык тутумдун туруктуулугун сактоо жана өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди ишке ашырууга багытталган. Эгерде 2006-жылы Кыргызстандын экономикасы үчүн баалардын төмөн деңгээлинин жана улуттук валютанын (Улуттук банк репо кайтарым операцияларынын, Улуттук банктын ноталарынын көлөмдөрүн жана чет өлкөлүк валютаны сатуу боюнча СВОП валюта операцияларын жүргүзүүнүн көлөмүн жогорулаткан) алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнүн жок болуусунун фонунда экономикалык жана инвестициялык активдүүлүктүн жандануусу мүнөздүү болсо, анда 2007-2010-жылдар ички саясий кырдаал менен дүйнөлүк экономикалык жана финансылык кризистин терс таасиринин натыйжасында татаал макроэкономикалык жагдайда белгиленген.

2007-2008-жылдары Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк экономика сыяктуу эле, азык-түлүк товарларына жана энергия алып жүрүүчүлөргө баалардын глобалдуу жогорулашын сезди. Ушул максаттарда Улуттук банк тазалоочу операциялардын көлөмдөрүн жогорулатты, мында Улуттук банктын ноталары негизги инструменттер бойдон калды: Улуттук банктын ноталарын сатуунун көлөмү 2008-жылы алардын 2007-жылдагы көлөмүнөн 4,5 эсеге жогору болгон. 2007-2008-жылдары инфляциянын деңгээли тиешелүүлүгүнө жараша 20,1 жана 20,0 пайызды түзгөн. 2009-жылы банктарда инфляциянын монетардык түзүүчүсүн катаалдантууга багытталган кредиттик-акча саясаты жүргүзүлгөн, бул 19,2% инфляциянын деңгээлине алып келген. 2011-жылдан тартып Улуттук банк экономикалык өсүштүн белгилерин: ашыкча ликвиддүүлүктү стерилдөө көлөмүн жогорулатууну, коммерциялык банктар үчүн милдеттүү резервдин көлөмдөрүн 8ден 9 пайызга чейин жогорулатууну эсепке алуу менен орточо кредиттик-акча саясатты жүргүзгөн. Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерин координациялоодо 2011-жылы инфляциянын деңгээлин 5,7%дын өлчөмүндө кармап калууга мүмкүн болду. 2012-жылы инфляциянын деңгээли 7,5% өлчөмүндө белгиленген.

14.2. Өбөлгөлөөчү кредиттик-акча саясатын жүргүзүү эсепке алуунун коюмун төмөндөтүүдө, ошондой эле коммерциялык банктардын кредиттик потенциалын жогорулатуу максатында милдеттүү резервдердин ченемин 10дон 9,5 пайызга төмөндөтүүдө байкалат. Мындан сырткары, 2,6 млрд. сом суммасында бөлүштүрүлгөн каражаттардын көлөмү менен 2011-жылдын ортосуна чейин аракеттенген Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фонду түзүлгөн, анын максаты экономиканы кредиттөө жана алардын ликвиддүүлүгүн колдоо үчүн ата мекендик банктарды өбөлгөлөө болуп саналат.

14.3. Оома алмашуу курсунун колдонуудагы саясатынын алкагында 2006-2012-жылдардын мезгилинде сомго карата АКШ долларынын алмашуу курсунун динамикасынын ар багыттуу тенденциясы байкалган. Дүң эл аралык резервдер 2006-жылдан баштап 1249,45 млн. АКШ долларына көбөйүү менен 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча 2066,59 млн. АКШ долларын түздү.

Резервдик активдердин түзүмүн диверсификациялоо жана эл аралык резервдердин көлөмүн жогорулатуу максатында Улуттук банк 2011-жылдын декабрь айында ички рынокто алтынды сатып алуу тажрыйбасын калыбына келтирген. Улуттук банк тарабынан алтынды сатып алуунун натыйжасында 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча эл аралык резервдин курамында анын үлүшү 7,9%ды түздү. Эл аралык резервдерди башкаруу ликвиддүүлүктүн жана коопсуздуктун негиз түзүүчү жана артыкчылыктуу принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.

14.4. 2012-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын банк тутуму 23 коммерциялык банктан жана өлкөнүн аймагында жайгашкан коммерциялык банктардын 278 филиалынан турат. Кыргызстанда чет өлкөлүк коммерциялык банктарды, туунду банктарды жана банктардын филиалдарын ачуу жана иштетүү үчүн кандайдыр-бир чектөөлөр жок. Банк тутумунун суммалык капиталындагы чет өлкөлүк капиталдын үлүшү төмөндөдү жана 2006-жылдын аягына карата 59%га салыштыруу боюнча 2012-жылдын аягында 36,1%ды түздү.

14.5. 2012-жылдын аягына карата активдердин, кредиттердин жана депозиттердин номиналдык ИДПга карата катышы тиешелүүлүгүнө жараша 28,5%ды, 13,1%ды жана 15,8%ды түзгөн. 2012-жылдын 31-декабрына карата банк тутумунун суммардык активдери 2006-жылга салыштырмалуу өстү жана 86,7 млрд. сомду түздү. Банк системасынын кардарларына кредиттердин көлөмү (кредиттер боюнча карыздын калдыктары) жалпы жонунан, 2006-жылдан тартып 3,5 эсеге өсүп (2006-жылдын аягына - 11,3 млрд. сом), 2012-жылдын 31-декабрына карата 40,0 млрд. сомду түздү. 2012-жылдын 31-декабрына карата ишканалардын жана калктын депозиттери 2006-жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге жогорулап, 43,3 млрд. сомду түздү. 2012-жылдын 31-декабрына карата банк тутуму боюнча ликвиддүүлүктүн коэффициенти 30% ченеминде 80,0%ды түздү (2006-жылдын аягына карата - 77,9%).

14.6. Кыргыз Республикасынын банк тутуму банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин принциптеринин, банктык мыйзамдардын ченемдеринин жана 2006-жылдын 31-июлундагы № 135 "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун негизинде натыйжалуулукту, коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү эске алуу менен аракеттенет.

14.7. Кыргызстанда атаандаштыкты өнүктүрүү жана банк кызматтарын кеңейтүү максаты менен банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин жайылтуу башталды. Ушуга байланыштуу Улуттук банк тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук база иштелип чыккан.

Кыргызстанда 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жеке жактардын депозиттерин коргоо тутуму иштейт. Кепилденген учур келгенде депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга баардыгы болуп 100000 сомдон көп эмес өлчөмдөгү компенсация төлөнүп берилет. Мыйзамда Кыргыз Республикасында жайгашкан бардык банк-резиденттердин, бардык чет өлкөлүк банктардын филиалдарынын депозиттерди коргоо тутумуна милдеттүү катышуусу каралат.

15. Банктык эмес финансылык сектор

15.1. Банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин тутумун өнүктүрүү 1997-жылдан тартып башталган, ошондо биринчи кредиттик союздар түзүлө баштаган. 2012-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстанда Улуттук банк тарабынан уруксаттамалоого жана жөнгө салынууга тийиш болгон банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин тутуму:

- "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААК адистештирилген финансылык-кредиттик мекемесин;

- 183 кредиттик союзду;

- 320 микрофинансылык уюмду (анын ичинде 4 микрофинансылык компания, 242 микрокредиттик компания жана 74 микрокредиттик агенттик) жана 306 алмашуу бюросун камтыйт.

Банктык эмес финансылык-кредиттик сектордун кредиттик портфели 15,4 млрд. сомду түзөт. Кредиттик портфелдин түзүмүндө кредиттердин негизги үлүшү айыл чарбасына - 44,4% жана соодага - 25,3% туура келген. Банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин (мындан ары - БФКМ) ишинин негизги багыты микрокредиттөө болуп саналат. Зайымчылардын жалпы саны 434 миң адамды түздү. Микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды жана микрокаржылоонун негизинде иштеген башка финансылык-кредиттик уюмдарды өнүктүрүүгө багытталган 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясы ийгиликтүү ишке ашырылды. Төмөнкү кирешелүү калктын финансы кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн туруктуу жана бекем негизде кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 28-февралындагы № 150/40/6 токтому менен 2011-2015-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынган.

16. Транспорт

Автомобиль транспорту

16.1. Кыргыз Республикасы деңиз жолдоруна түз чыга албайт, ошондуктан дүйнөлүк жерде жүрүүчү транспорттук магистралдар менен коңшу мамлекеттердин аймагы аркылуу байланышат. Ушуга байланыштуу жерде жүрүүчү транспорт өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө негизги ролду ойнойт, ал эми автомобилдик ташуулар артыкчылыкка ээ болуп саналат: автомобиль транспорту менен транспорттун бардык түрлөрү аркылуу ташылуучу жүктөрдүн жалпы көлөмүнүн 95%дан ашыгы ташылат. Транспорт жаатындагы саясатка жана жөнгө салууга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жооп берет.

16.2. Кыргыз Республикасы дүйнөлүк рынокторго чыгууну камсыз кылуучу транзиттик автотранспорттук тутумдарды өнүктүрүү үчүн укуктук негизди түзүүдө эл аралык уюмдардын жана донор-өлкөлөрдүн ишине активдүү түрдө катышат. Эл аралык автоташууларды өнүктүрүү жана аларга ата мекендик ташуучуларды катыштыруу максатында, Кыргыз Республикасы 20 мамлекет менен эл аралык автомобилдик каттамдар жөнүндө эки тараптуу макулдашууларды, ошондой эле эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө 8 көп тараптуу макулдашууну түзгөн. Болгария, Венгрия, Литва, Финляндия, Норвегия, Чехия, Словакия жана Эстония өлкөлөрү менен автомобилдик каттам боюнча макулдашууларды түзүү багытында иш жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасы автомобилдик транспорт жаатындагы 9 негизги эл аралык конвенцияга кошулган, муну менен ЭСКАТО БУУ № 48/11 резолюциясын аткарды.

16.3. Эки тараптуу макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу автомобиль жана суу транспорт агенттиги тарабынан атайын транзиттик ташууларга карата уруксат берилет (мурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин КыргызИнТранс эл аралык жүк ташуучулар бөлүмү тарабынан берилчү). Эл аралык ташуучулардын ассоциациясы (КыргызАСМАП) МДП номерлерин (TIRcarnets) берет.

16.4. 2011-жылдын 30-июнундагы № 63 "Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн, Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде ата мекендик автоташуучулар менен тез бузулуучу азыктарды ташуу үчүн жабдууну тастыктамалоо жана ушул Макулдашууга кошулган өлкөлөргө тез бузулуучу азыктарды ташууга уруксат алуу боюнча маселелер жөнөкөйлөштүрүлдү.

16.5. Өзүнүн транспорттук коридорлорун эл аралык деңгээлге чейин жеткирүү максаты менен Кыргызстан тарабынан өзүнүн күчү, ошондой эле СПЕКА, ТРАСЕКА, БАРЭК - эл аралык уюмдарынын финансылык жана техникалык колдоосу, көмөк көрсөтүүсү менен инфраструктураны жакшыртуу боюнча туруктуу иш жүргүзүлүүдө (автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34000 км түзөт). Азыркы учурда Экономикалык кызматташуу уюму менен биргеликте Кыргызстан "Стамбул-Алматы" багытты боюнча темир жол контейнердик каттамга толук кошулуу маселеси менен иштөөдө. БАРЭКтеги атаандаштыкка туруктуу 6 транспорттук коридордун ичинен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу 4 коридор өтөт.

16.6. Чектеш мамлекеттердин аймагынан жана анклавдарынан өтүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү жана Кыргыз Республикасынын транспорттук көз карандысыздыгын, ошондой эле коңшу өлкөлөр менен байланышты камсыз кылуу үчүн: Ош-Баткен-Исфана жана Тараз-Талас-Суусамыр, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там, Ош-Сары-Таш-Карамык авто жолун реабилитациялоо ишке ашырылууда.

16.7. Азыркы учурда Кыргызстанда жүктөрдү ташууда жана жүргүнчүлөрдү ташуунун шаардык эмес транспортунда иштеген мамлекеттик ишканалар жок, ошондой эле 2006-2012-жылдары жүк ташуулардын экспортунун көлөмү 1,6 эсеге (2006-жылы - 282,2 миң тонна, 2012-жылы - 454,0 миң тонна), ал эми импорту 2,2 эсеге (2006-жылы - 515,5 миң тонна, 2012-жылы - 1152,3 миң тонна) өстү.

16.8. Туруктуу транспорттук, айрыкча ички транспорттук байланышты камсыз кылуу максатында региондордо транспорттук тарамды оңдоо жана жаңыртуу, тармакты керектүү техника менен камсыз кылуу үчүн каражаттарды, анын ичинде кредиттик каражаттарды бөлүп берүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Темир жол транспорту

16.9. Кыргызстандын жалпы пайдалануудагы темир жолунун узундугу 424,6 км жана эки участокко бөлүнгөн - Түндүгү - 323,4 км (анын ичинен 60,3 км Казакстандын аймагына) жана Түштүгү - 101,2 км бардык поезддердин жүрүүсү тепловоздук сүйрөгүч менен жүзөгө ашырылат.

16.10. Кыргыз темир жолу: Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин жана Балтиканын темир жол транспорту боюнча Борбордук Кеңештин (ТЖТБК); Темир жол шериктештиги уюмунун (ТЖШУ); Экономикалык кызматташуу уюмунун (ЭКУ) катышуучусу болуп саналат. Ушул уюмдардын алкагында бардык темир жол администрациялары пайда болгон көйгөйлөрдү чечишет жана эл аралык жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга, тарифтерге, эл аралык транспорттук коридорлорго тийиштүү болгон бир эле ченемдик документтерди жетекчиликке алышат.

16.11. Жүк ташуу жаатындагы темир жол транспорту мамлекеттин экономикасынын абалына сергек мамиле кылат. Ошондуктан, 2006-2008-жылдары темир жол транспортунда жүк жүгүртүү жана жүктөрдү ташуу өсүү тенденциясына ээ болгон. 2009-2010-жылдан тартып ички жана тышкы факторлордун таасиринен улам, жүк жүгүртүү жана жүк ташуу төмөндөдү, 2011-жылдан тартып алардын өсүшү байкалууда, мында жүк жүгүртүү 2012-жылы 15,6%, ал эми жүктөрдү ташуу 2011-жылга салыштырмалуу 17,6%га (10-таблица) өстү.

16.12. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча көлөмдүн жогорулашы 2006-2009-жылдан тартып байкалган, жүргүнчүлөрдү ташуу 1,7 эсеге өстү, кийинки жылдары төмөндөө болгон (11-таблица). Жүргүнчүлөрдү ташуунун төмөндөшү 2010-2011-жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу алыска баруучу поезддердин ташууларынын кыскаруусунун эсебинен болду, бул жол киренин наркынын жогорулашынан келип чыккан темир жол ташууларынын атаандаштыкка туруктуулугунун төмөндөшү менен шартталган.

16.13. Азыркы учурда республикада Кытай-Кыргыз-Өзбек темир жол магистралын жана Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Арпа темир жол линиясын - стратегиялык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселеси иштелүүдө. Ушул долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстанга транспорттун дүйнөлүк инфраструктурасына интеграциялоого; тышкы дүйнө менен жаңы соода экономикалык байланыштарды орнотууга; магистралга чектеш болгон региондорду интенсивдүү өздөштүрүүгө; жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен экспорттук-импорттук операцияларды көбөйтүүгө, Кыргызстандын түндүгүнүн жана түштүгүнүн азыркы учурда бөлүнүп турган участокторун бириктирип, көз карандысыз ички мамлекеттик темир жол түйүнүн түзүүгө мүмкүндүк түзөт.

Аба транспорту

16.14. Жарандык авиация секторунда үч көз карандысыз чарбакер субъект, атап айтканда аэропорттор, аэронавигация, авиаташуучулар бар. Жарандык авиацияны башкарууда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандык авиация чөйрөсүндөгү саясатты жана бул секторду жөнгө салууну аныктайт, "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы аба транспортун пайдалануу жана аба каттамын контролдоо маселелери менен иштейт, ал эми ташуучулар ташууну жөнгө салат.

16.15. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы ИКАО мүчөсү жана эл аралык учуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 26 өлкө(22) менен аба каттамы жөнүндө макулдашууларды түздү.

16.16. Ушул учурда Кыргыз Республикасында 4 ички жана 32 эл аралык багыт иштейт. 11 аэропорт, анын ичинде 4 эл аралык жана ички аба жолдорунун 7 аэропорту аракеттенүүдө. 16 авиакомпания катталган. Улуттук ташуучулардын аба кемелеринин негизги паркы эскирди. 2011-жылы бир нече авиакомпаниялар аба кемелеринин паркын жаңыртты.

16.17. Соңку жылдары Кыргызстанда эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү айрыкча тездик менен өскөн (ички авиалинияларга салыштырмалуу). Ошондуктан эл аралык аба жолдорунун салыштырма салмагы жогору - 74%, калган 26% ички аба жолдорго туура келет. Мында Кыргызстанда үзгүлтүксүз авиарейстер менен жүргүнчүлөрдүн жалпы санынан 97,3%ы ташылат.

16.18. Кыргызстан ЕврАзЭСтин алкагында кабыл алынган, Бирдиктүү транспорттук мейкиндикти (БТМ) өнүктүрүүгө багытталган негиз салуучу документтерди ишке ашырууга катышууда.

16.19. Аба каттамынын эл аралык жана региондук түйүндүк борборлорун өнүктүрүү максаты менен аэропорттордун инфраструктурасын куруу жана жарандык авиация жаатында мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу белгиленүүдө.

17. Телекоммуникация

17.1. Байланыш чөйрөсүндөгү мыйзамдык база болуп мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу функцияларын бөлүштүргөн 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана 1997-жылдын 3-мартындагы № 12 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы саналат.

17.2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат, ал тармактагы саясатты, демонополизациялоону жана менчиктештирүүнү иштеп чыгууну жана ишке ашырууну, мыйзамдарды жана башка ченемдик-укуктук актыларды даярдоону аныктайт. Жөнгө салуучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги саналат, ал уруксаттамалоону, тастыктамалоону, радиожыштык менеджментин, сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоону, монополист ишканалар үчүн тарифтерди белгилөөнү монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча ишке ашырат. Бул орган талаш маселелерди жөнгө салуунун мыйзамдуу ыкмаларын жана рыноктун бардык катышуучулары үчүн улуттук режимдин принцибин колдонуучу, телекоммуникациялык кызматтарды ташуучулардын бирине дагы отчет бербеген жана көз карандысыз болуп саналат. Бул принцип уруксаттамалоо жаатында да сакталат.

17.3. Байланыш жаатында телерадио берүүдөн тышкары, бул үчүн зарыл болгон тармактарды, линияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү (технологиялык жана ички өндүрүштүк багыттагы байланышты уюштуруудан тышкары) долбоорлоону, өндүрүүнү, курууну, орнотууну кошуп алганда почта жана электр байланышы, радиожыштыгынын спектрин же кабелдик орнотмолорду колдонуу менен маалыматтарды берүү тармагындагы иш уруксаттамаланууга тийиш.

17.4. Байланыштын операторлору жана кызматтары өз алдынча, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигине көз карандысыз. Азыркы учурда атаандаштык рыногу байланыш тармагынын бардык сегменттеринде түзүлгөн, анда 2013-жылдын 1-январына карата 492 уруксаттамага ээ болгон 312 оператор жана электр байланыш кызматтары тейлөө кызматтарын көрсөтүшүүдө. 2006-жылга салыштырмалуу иштеп жаткан операторлордун саны 18% (265), тиешелүүлүгүнө жараша берилген уруксаттамалардын саны 33%га көбөйдү, байланыш кызматынын көптөгөн түрлөрүнүн пайда болушу менен бир катар операторлор аларды сунуш кылуу үчүн бир нече уруксаттамага ээ. Операторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн ири көлөмү 2012-жылы 21148,3 млн. сомду түзгөн, бул 2006-жылга (5411,8 млн. сом) караганда 3,9 эсеге көп.

17.5. Азыркы учурда байланыш рыногунда көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмү боюнча айрыкча көп салыштырмалуу салмагын уюлдук байланыш ээлеп турат - 74,1% (2006-жылы бул көрсөткүч 48,2%ды түзгөн), аны 7 оператор сунуштайт, ал эми уюлдук байланыш менен камтуу зонасы өлкөнүн калктуу аймагынын 95,7%ын түзөт. 2012-жылы уюлдук байланыш операторлорунун кызматтарынын көлөмү 2006-жылга салыштырмалуу 6 эсеге өстү. Уюлдук компаниялар, этап менен тарифтерди төмөндөтүү жана региондордо тарамдарды куруу менен көбүрөөк абоненттерди тартууда. Эгерде, 2006-жылы уюлдук байланыштын абоненттеринин саны 985000 түзсө (бул Кыргызстандын бардык калкына карата камтуу 17,5% жакынды түзгөн), анда азыркы учурда уюлдук байланыштын абоненттеринин саны 6797 852ге жеткен, бул Кыргызстандын бардык калкына карата камтуу 122,4% түзөт. Бул бүгүнкү күндө республиканын калкы бир эле убакытта байланыштын 2-4 операторунун кызматтарын пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болгондугу менен түшүндүрүлөт.

17.6. Пайдалануучу тарабынан жыштык спектрин бөлүштүрүү саясаты ачык жана айкын. Пайдалануучуларга кеңири тилкелүү жеткиликтүүлүктү жайылтуу үчүн спектрди бөлүп берүүдө тигил же бул стандарттарды (WiMax, LTE ж.б.) колдонууда аларды чектебейт. Мындан сырткары, Wi-Fi стандарттары үчүн жыштыктын спектрин колдонуу уруксаттамаланбайт. Мобилдик абоненттердин суммалык саны белгиленген тарамдын абоненттик базасынан 13,9 эсеге ашып кетти. Мобилдик байланыштын кызматтарынын спектрин кеңейтүү ошондой эле, WiMax, 3G, LTE сыяктуу инновациялык зымсыз технологияларды ишке киргизүүдөн улам байланыштын белгиленген тарамынын абоненттик базасынын төмөндөшүн белгилеп кетүү зарыл.

17.7. Азыркы учурда Интернет-кызматтарын пайдалануучулардын саны 3493143кө жетти жана 2006-жылга салыштырмалуу 148,8 эсеге (23480) өстү. Интернет тарамына жетишүү бүгүнкү күндө 50,8%ды түзөт. Интернет тарамына жетишүү кызматы - бул Кыргызстандын телекоммуникациялык рыногунун айрыкча тез өнүгүп жаткан сегменттеринин бири. Бул кызматтарды рыноктук потенциалы жогору, бирок калктын мүмкүнчүлүктөрү менен чектелет. Интернетке жетишүү чекиттеринин ири бөлүгү (72% жакыны) Бишкек шаарында топтолгон. Интернет региондордо дагы кеңири темп менен, анын ичинде уюлдук байланыштын камтуу зонасын кеңейтүүнүн эсебинен өнүгүүдө.

17.8. Теле берүүдө, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынан тышкары, көз карандысыз теле жана радиокомпаниялары иштейт, алардын ири бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда кызматтарын көрсөтүшөт. Азыркы учурда ушул сегментте радио жана телепрограммаларды: радио берүү - 41, теле берүү - 50 программаны жайылтуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү 91 уруксаттама алуучу иштейт, анын ичинде 4 оператор кабелдик телеберүү кызматтарын көрсөтүү уруксаттамасына ээ. "Кыргызтелеком" ААКсы сыяктуу эле, көз карандысыз жеке телекоммуникациялардын телекөрсөтүү кызматтары менен республиканын бардык региондору камтылган.

17.9. Телекоммуникациялык жабдуулар Кыргыз Республикасында өндүрүлбөйт, ошондуктан ташылып келүүчү жабдуунун сапатына жана коопсуздугуна байланыш каражаттарын тастыктамалоонун жардамы менен байкоо жүргүзүлөт.

17.10. Ээликке берилген жыштыктардын саны өстү жана 2012-жылда 6157ни түзгөн, бул 2006-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,8 эсеге (1054) көп.

17.11. Почта байланыш рыногунда "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынан тышкары ички жана эл аралык почталык экспресс-жөнөтүүлөрдү кабыл алуу, ташуу жана жеткирүү боюнча кызматтарды сунуш кылуучу 5 коммерциялык оператор аракеттенет.

18. Туризм

18.1. Туризм бир жагынан, калктын иш менен камсыз болуу, өзгөчө курорттук сезондо, инфраструктуралык объекттердин курулушуна капиталдык, жеке инвестициялар боюнча олуттуу салымын кошкон экономиканын сектору бойдон калууда, бирок, экинчи жагынан эл аралык деңгээлде туристтик кызматтарды көрсөтүү жаатында өлкөнүн позициясын белгилеген так багыты жок. Ага карабастан, учурда өлкөдө жеке компаниялардын, туристтик ассоциациялардын жана өкмөттүк агенттиктердин катышуусу менен Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча орто мөөнөттүү программанын долбоору иштелип жатат, анын алкагында 2020-жылга чейин тармакты өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу пландаштырылууда. Мындан тышкары, туристтик тармак иштелип жаткан Улуттук экспорттук стратегиянын (УЭС) бир бөлүгү болуп калды.

18.2. Республикада өлкөнүн туристтик рыногуна чет өлкөлүк компанияларды жана туристтерди тартууга багытталган иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүүдө.

18.3. Туристтик иштердин чөйрөсүндө 2012-жыл үчүн кошумча дүң наркы 14267,9 млн. сомду түздү (2006-жылга салыштырмалуу + 10252,1 млн. сом жогорулады).

2012-жыл үчүн "Туристтик иштер" тармагынан салыктардын жана төлөмдөрдүн келип түшүүлөрү 341601,3 миң сомго барабар (2006-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтүн жогорулашы + 206611,1 миң сомду түздү).

18.4. Тармакташ иштин оң жыйынтыктары менен бирге, жалпысынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өз учурунда чечүүнү талап кылган төмөнкүдөй көйгөйлөрдү белгилейт:

- туризмдин экономиканын сектору катары жеткиликсиз таанылышы;

- начар материалдык-техникалык база;

- меймандарды тейлөө маданиятынын жана кызматтарды көрсөтүү сервисинин төмөн деңгээли;

- туристтик уюмдарда негизги керектөө касиеттеринин бири катары меймандостуктун төмөн деңгээли;

- кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жана баасынын салыштырылбастыгынын курч көйгөйү;

- Кыргызстандын эл аралык туризм рыногунда белгисиздиги;

- тоолуу региондордо табигый коркунучтардын болушу.

19. Региондук соода макулдашуулары

19.1. Республика 1994-жылдан тартып Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашуунун катышуучусу болуп саналат. Мындан тышкары, Кыргызстан КМШга катышкан өлкөлөр менен жеңилдик берүүчү бир нече соода макулдашууларынын катышуучусу болуп саналат:

- 1992-жылдын 8-октябрындагы Россия менен эркин соода жөнүндө макулдашууга;

- 1995-жылдын 22-июнундагы Казакстан менен эркин соода жөнүндө макулдашууга;

- 1996-жылдын 24-декабрындагы Өзбекстан менен эркин соода жөнүндө макулдашууга;

- 2004-жылдын 12-январындагы Азербайжан менен эркин соода жөнүндө макулдашууга;

- 1994-жылдын 4-июлунда Армения менен эркин соода жөнүндө макулдашууга;

- 1995-жылдын 26-майындагы Молдова менен эркин соода жөнүндө макулдашууга;

- 1995-жылдын 26-майындагы Украина менен эркин соода жөнүндө макулдашууга;

- 1999-жылдын 30-мартындагы Беларусь менен эркин соода жөнүндө макулдашууга;

- 2000-жылдын 19-январындагы Тажикстан менен эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Республика 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эркин соода зоналарын түзүү жөнүндө макулдашуунун негизинде Грузия жана Түркменстанга алымсыз соода режимин сунуш кылат. Кыргызстан өзүнүн соода-экономикалык мамилелеринде өз ара пайдалуу кызматташуу принцибин колдойт жана КМШга катышкан өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарларга эркин соода режимин сунуш кылат. Бардык жогоруда аталган макулдашуулар боюнча ДСУнун региондук соода мамилелери боюнча комитетине билдирүү жиберилген.

19.2. 2011-жылы Кыргызстан Бажы союзуна (БС) жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (БЭМ) кошулуу ниетин билдирген. 2011-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өткөн, анда Кыргыз Республикасынын БСга жана БЭМге кошулуу боюнча сүйлөшүү процессине кирүү ниети жөнүндө БСнын жогорку органына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайрылуусу жактырылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтому кабыл алынган.

Ведомстволор аралык комиссия Бажы Союзуна мүчө өлкөлөр жана Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жооптуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы болуп саналат. 2011-жылдын 19-октябрында Санкт-Петербург шаарында ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Кыргызстандын өтүнмөсүн жактырышып, Кыргыз Республикасынын БСга кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктуу Жумушчу топту түзүү тууралуу чечим кабыл алышкан. Евразиялык Экономикалык Комиссиянын кеңеши (ЕЭК) менен 2012-жылдын 25-апрелинде ЕЭКтин Жумушчу тобу түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын БСга кошулуусунун Жол картасынын долбоорунун даярдалышы боюнча кыргыз тарап ЕЭКтин жумушчу тобу менен биргеликте иш алып барууда. Бул документтин бекитилиши 2013-жылдын аягында күтүлүүдө.

20. Эркин экономикалык аймактар (ЭЭА)

20.1. ЭЭА өзгөчө юридикалык статуска ээ, ал соода-өнөр жай жана чет өлкөлүк ишканаларды каттоо, жумушчу күчтүн иммиграциясы, бажы алымдары, салыктар, жер менчиги, эл аралык соода маселелеринде атайын режимди түзөт. ЭЭА жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлорго жеңилдиктердин жагымдуу пакетин сунуштайт, ошондой эле, дүң экспорттук жана импорттук соода, банктык иш-аракет, товарларды экспортко өндүрүү жана топтоо транспорт кызматтары үчүн имараттарды сунуш кылат.

Алгач өндүрүшкө, иш менен камсыз кылууга дем берүү, жергиликтүү компаниялар тарабынан кайра иштетилип чыккан продукциянын үлүшүн жогорулатуу жана экспортту көбөйтүү максатында Кыргызстанда өлкөнүн ар кайсы региондорунда жайгашкан беш ЭЭА түзүлгөн, алар: "Бишкек", "Каракол", "Нарын", "Макмал" жана "Лейлек" ЭЭА. ЭЭАнын аймагында катталган компанияларга салык салуунун жеңилдетилген режими берилген. Бирок, 2009-жылдын январынан тартып мындай жеңилдетилген тартип "Бишкек" ЭЭАда гана иш-аракет жүргүзгөн компаниялар үчүн колдонулат. Калган ЭЭА 1992-жылдын 16-декабрындагы № 1076-ХII "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 372-беренесинин талаптарына жооп бербеген болуп таанылып, алар үчүн салык төлөөнүн адаттагы режими колдонулат.

20.2. 2006-жылдан тартып 2012-жылга чейинки мезгилде ЭЭАдан экспорт 76,9 млн. АКШ долларынан 2012-жылы 167,1 млн. АКШ долларына чейин өскөн, 2007-жылы импорт экспорттук ташуулардан 103,6 млн. АКШ долларынан 2012-жылдагы 179,7 млн. АКШ долларына чейин ашкан.

ЭЭАда өндүрүлүүчү товарлардын негизги экспорттук топтору болуп төмөнкүлөр саналат: пластмасса жана андан жасалган буюмдар; каучук жана резина буюмдары; машиналар; жабдуулар жана механизмдер; электр техникалык жабдуулар; алардын бөлүктөрү; теле көрсөтүүнүн сүрөттөрүн жана үндөрүн жазуу жана көрсөтүү үчүн аппаратура, алардын бөлүктөрү; жерде жүрүүчү, аба жана суу транспорту жана анын бөлүктөрү. Продукциянын калган аталыштары: өсүмдүктөн алынуучу продуктулар, минералдык продуктулар, тери жана булгаары сырьесу, текстиль жана текстиль буюмдары, кагаз, картон жана алардан жасалган буюмдар, баалуу эмес металлдар жана алардан жасалган буюмдар ж.б. Кыргызстандын ЭЭАга ташылып келүүчү негизги импорттук товарлардын тобу болуп: пластмасса жана андан жасалган буюмдар; каучук жана резина буюмдары; машиналар, жабдуулар жана механизмдер; электр техникалык жабдуулар; алардын бөлүктөрү; теле көрсөтүүнүн сүрөттөрүн жана үндөрүн жазуу жана көрсөтүү үчүн аппаратура, алардын бөлүктөрү; жерде жүрүүчү, аба жана суу транспорту жана анын бөлүктөрү саналат.

21. Кен казуу тармагы

21.1. Кыргызстандын кен казуу тармагы экономиканын өзгөчө келечектүү секторунун бири болуп саналат, андан өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгү түптөлөт, жумуш орундары түзүлөт жана жогорку кошумча наркы менен өндүрүштөрдүн пайда болуу потенциалы менен экономиканы диверсификациялоо мүмкүндүгү бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тармакка чет өлкөлүк инвесторлорду өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуу шарттарында тартуу боюнча ишти улантууда. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жер-Үй", "Талды-Булак сол жээк" кендерин иштетүүнүн эсебинен кен казуу тармагынын потенциалын жогорулатууга ниеттенүүдө. Азыркы учурда өлкөдө ишканалардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн катышуучусу менен ишканалардын ири саны аракеттенүүдө.

21.2. Азыркы учурда бул тармак 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө", 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 "Инвестициялар жөнүндө", 1997-жылдын 3-мартындагы № 12 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана мамлекет, кендерди иштетүүчүлөр жана башка кызыкдар тараптардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

21.3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Кыргызстандын кен казуу тармагына төмөнкүдөй салык салынууга тийиш:

- жеке киреше салыгы;

- киреше салыгы (2013-жылдын январынан тартып алтын казуучу компаниялар үчүн гана күчүнө кирди);

- кендерди пайдалануу үчүн салык (роялти, бонустар);

- сатуудан алынуучу салык;

- жер салыгы;

- мүлккө салык;

- кошумча нарк салыгы (КНС);

- пайда салыгы (кен казуучу компаниялардан башкасы).

21.4. Алтын менен күмүш эритмелерин, аффинаждалган алтынды жана күмүштү жеткирип берүү жана экспорттоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 256-беренесине ылайык КНСти төлөөдөн бошотулган. Мындай артыкчылык башка металлдарга жана рудаларга тийиштүү эмес. "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кендерди чалгындоого, иштетүүгө жана казып алууга лицензияларды берүү 30 күндүн ичинде ишке ашырылат. Катышууга карата чектөөлөр жок. Лицензияны кайта берүү ачык-айкын өтөт.

V. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН ЖАНА СООДАНЫН КЕЛЕЧЕКТЕРИ

1. Орто мөөнөттүк экономикалык болжол

1.1. Орто мөөнөттүү келечекте (2014-2016-жылдары) экономикалык саясаттын негизги максаттары социалдык-экономикалык өнүгүүдө белгиленген оң тенденцияларды бекемдөө, күтүлүүчү көйгөйлөрдү алдын алуу жана орточо алганда жылына 7,5%га туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу болот.

1.2. Орто мөөнөттүү максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр ири улуттук долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн мамлекеттик активдерин натыйжалуу башкаруу, экономиканын бардык тармактарына дем берүү үчүн мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо аркылуу жетишилет.

1.3. Бул мезгилде инфляциянын деңгээли бир маанилүү сандык деңгээлден 7-9%дын чегинен ашпай тургандыгы болжолдонууда. Мындай болжол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү макроэкономикалык туруктуулуктун тенденцияларын чыңдоого багытталган, макулдашылган акча-насыялык жана бюджеттик-салыктык саясатты жүргүзүүнү уланта тургандыгына негизделет. Мында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-насыялык саясатынын негизги максаты баалардын туруктуулугуна жетишүү жана кармап туруу бойдон калат.

1.4. Азык-түлүк товарларынын айрым топторуна карата баалардын орточо өсүшү болжолдонууда, орто мөөнөттүү келечекте маанилүү тамак-аш азыктарына карата баалар мурункудай эле жогорку деңгээлде калышы мүмкүн. Тышкы баа конъюктурадан көз карандылыкты сактоо факторунан тышкары, ички баа жагдайы айыл чарба секторунун түзүмдөрүн реформалоо, өндүрүштүк потенциалды жана ата-мекендик товарлардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн тышкы экономикалык позициясын өзгөртүү, анын ичинде БСга кирүү процессине байланыштуу, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап жана сунуштоо ортосундагы баланс, административдик белгиленүүчү тарифтер сыяктуу факторлор менен аныкталат.

1.5. Орто мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасынын соода балансынын абалына таасирин тийгизүүчү негизги факторлор төмөнкүлөр болот: (1) соода балансынын терс сальдосунун сакталуучу тенденциясы; (2) учурдагы операциялардын эсебинен сальдонун өлчөмүнө таасирин тийгизүүчү эмгек мигранттарынын трансферттеринин көлөмү; (3) резервдик активдердин ликвиддүүлүгүнүн жана коопсуздугунун деңгээли; (4) эл аралык резервдердин көлөмү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортунун кооптуу көлөмүн 3 айдан кем эмес жабуу деңгээлинде кармап туруу пландаштырылууда.

1.6. Өндүрүш боюнча ИДПны түзүүчү секторлорду өнүктүрүү ички жана тышкы рыноктордо өндүрүлүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талаптын таасирине жараша болот.

1.7. Өнөр жай өндүрүшү менен айыл чарбасынын өлкөнүн ИДПсына кошкон реалдуу салымдары анча көп болбойт жана 0,8 жана 0,7 пайыздык пунктту түзөт, алардын ИДПгы үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша 18,8% жана 14,7% түзөт.

1.8. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү ИДПнын көлөмүн түзүүгө өзгөчө чоң таасирин тийгизиши күтүлүүдө, ал орточо алганда жылына 7,7% реалдуу өсүш менен өнүгөт, анын ИДПнын түзүмүндөгү үлүшү 46%, ал эми ИДПга салымы - 3,5 пайыздык пунктту түзөт. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшү негизинен рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүнүн эсебинен болжолдонууда, алар тармактын түзүмүндө айрыкча жогору салыштырмалуу салмакка ээ. Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүшүнүн жана кеңейтилишинин негизги булактарына соода, транспорт жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрү кирет.

1.9. Тышкы соода жүгүртүүнүн жана соода балансынын терс сальдосунун номиналдуу көлөмүнүн 2015-жылы 1,3 эсеге өсүшү болжолдонууда. Мурдагыдай эле, экспорттун негизги статьясы алтын болот, ал экспорттун түзүмүндө 50% түзөт. Алтындын экспортунун өсүшү жаңы алтын кендерин иштетүү менен камсыздалат. Импорттун өсүшү салттуу түрдө мунай продуктуларын, инвестициялык жана орто аралык товарларды жеткирип берүүнүн өсүшү менен байланыштуу болот. Бизнес-чөйрөсүн жакшыртуунун болжолдуу шарттарында инвестициялык товарлардын импорту орточо алганда жылына 22,8%га өсөт. Импорттун түзүмүндө инвестициялык товарлардын үлүшү 2015-жылы 20,2%га чейин өсөт. Мында керектөөчү товарлардын үлүшү акырындык менен төмөндөйт жана 2015-жылы 25,4% деңгээлге жетет. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунун сальдосу инвестициялык товарларды, ошондой эле өндүрүштүк иште керектүү болгон орто аралык товарларды, сырьену жана энергия продуктуларынын импортунун эсебинен 2013-жылдагы ИДПга карата (-)33,8%дан 2015-жылы ИДПга карата (-)34,7%га өсөт.

1.10. Региондорду ажыратып алганда ИДПнын дээрлик 80%ы салттуу түрдө Бишкек шаарында жана Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында түзүлөт.

2. Келечектеги соода саясатынын багыттары

2.1. 2013-2015-жылдары тышкы экономикалык иш-аракеттин өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүчү факторлор төмөнкүлөр болот: (1) республиканын ДСУга мүчөлүгүнүн артыкчылыгы; (2) Кыргыз Республикасынын БСга жана БЭАга кошулуусу боюнча сүйлөшүү процессин жүргүзүү; (3) КМШга катышкан өлкөлөр жана алыскы чет өлкөлөр менен өз ара пайдалуу негизде эки тараптуу кызматташуу; (4) Кыргызстандын ЕврАзЭСке, ШКУна, ЭКУга, ЖУга жана башка эл аралык, региондук уюмдарга катышуусу; (5) товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун өсүшү; (6) түз чет өлкөлүк инвестицияларды активдүү издөө жана тартуу; (7) Кыргыз Республикасынын АӨБ, ДБ, ЕРӨБ, ИӨБ, АКТ, ЭВФ, ЭФК ж.б. сыяктуу дүйнөлүк жана региондук финансылык институттар менен өз ара аракеттениши.

2.2. Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана тышкы рынокто ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2013-жылы Эл аралык соода борбору (ЭСБ) жана Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коомчулугу менен өнөктөштө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгууда. Ал сооданы жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу, аялдардын потенциалын күчөтүү, курчап турган чөйрөнү сактоо жана өнүктүрүү жана өнүгүүнүн башка маселелерин эске алуучу, анын өнүгүүсүнүн айрыкча кеңири чегинде караштырууга багытталган.

2.3. Кыргыз Республикасынын ДСУнун ишине катышуусуна карата Доха Раундда, атап айтканда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, айыл чарбасы, айыл чарбалык эмес багыттагы товарлардын рыногуна жетишүү боюнча сүйлөшүүлөргө, ошондой эле "Соодага жардам" демилгелеринде катышуу боюнча иш улантылат.

(1) Маалымат булагы: Кыргыз Республикасындагы көмүскө экономика - БУУ Өнүктүрүү программасынын изилдөөсү: Тенденциялар, баалоо жана саясаттын варианттары - Бишкек, 2006-ж. (2) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 "Кыргыз Республикасында кирешени декларациялоо жана жеке жактарга киреше салыгын төлөө, патенттик негизде ишкерлик иш аракетин иш жүзүнө ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 615 токтому (2008-жылдын 30-декабрында күчүн жоготту) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрынан № 844 "Кыргыз Республикасынын тигүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому. (3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому. (4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жыл үчүн отчетунан алынды. (5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жыл үчүн отчетунан алынды. (6) МСКнын 2012-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу отчеттун негизинде. (7) Функцияларды жоопкерсиздик менен аткаруу жана башка органдар менен координациянын жоктугу (78), жетишсиз каржылоо жана начар материалдык-техникалык база (52), ар түрдүү мамлекеттик органдардын ортосунда бирдей функциялардын бөлүнүшү (18), жалпы социалдык-экономикалык кырдаалдардан келип чыккан маселелер (ландшафттык шарттар жана тышкы чакырыктар. 12), кадрлардын тартыштыгы жана окутуунун начар тутуму (8), чечим кабыл алуунун узак жол-жоболору (2), мамлекеттик органдын жетишсиз статусу (2), механизмдердин жоктугу (2), сот тутумундагы коррупция (1), штаттык сандын жетишсиздиги (1). (8) 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы. (9) Россия менен эркин соода тууралуу Макулдашуу 1992-жылдын 8-октябрындагы; Казакстан менен Эркин соода тууралуу макулдашуу 1995-жылдын 22-июнундагы; Өзбекстан менен эркин соода тууралуу Макулдашуу 1996-жылдын 24-декабрындагы; Азербайжан менен эркин соода тууралуу Макулдашуу 2004-жылдын 12-январындагы; Армения менен эркин соода тууралуу Макулдашуу 1994-жылдын 4-июлундагы; Молдова менен эркин соода тууралуу Макулдашуу 1995-жылдын 26-майындагы; Украина менен эркин соода тууралуу Макулдашуу 1995-жылдын 26-майындагы; Беларусь менен эркин соода тууралуу Макулдашуу 1999-жылдын 30-мартындагы; Тажикстан менен эркин соода тууралуу Макулдашуу 2000-жылдын 19-январындагы. Мындан тышкары Грузия менен Түркмөнстанга 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эркин соода зонасын түзүү тууралуу Макулдашуунун негизинде эркин соода режимин берет. (10) Латвия Республикасы; Швейцария Конфедерациясы; АКШ; Словакия Республикасы; Кытай Эл Республикасы; Болгария Республикасы; Куба Республикасы, Монголия; Пакистан Ислам Республикасы; Тажикстан Республикасы. (11) Шифрлөөчү каражаттар, курал-жарак жана аскердик техника; согуштук ууландыруучу заттардан коргоочу каражаттар; аскердик формалар, кийимдер жана алардын атрибуттары; согуштук маанидеги продукцияларга карата ченемдик-техникалык документтер; ок-дары, жардыруучу заттар, жардыруучу жана пиротехника каражаттары; ядролук материалдар, технологиялар, жабдуулар жана орнотмолор, атайын ядролук эмес материалдар, радиоактивдүү нурлануунун булактары, радиоактивдүү калдыктарды кошо; тынчтык багытындагы, бирок массалык кыргын салуучу куралдарды түзүүдө колдонулушу мүмкүн болгон материалдар, жабдуулар жана технологиялар; курал-жаракты жана аскердик техниканы түзүүдө колдонууга боло турган сырьелордун, материалдардын, жабдуулардын, технологиялардын жана илимий-техникалык маалыматтар; баалуу металлдар, эритиндилер, кымбат баалуу металлдар менен жалатылган металлдар, кендер; концентраттар; сыныктар жана калдыктар; баңги жана психотроптук каражаттар, катуу таасир берүүчү жана маң кылуучу заттар, прекурсорлор; катуу таасир берүүчү уулар; кооптуу калдыктар; кызматтык жана жарандык куралдар; тамеки; спирт, алкоголдук продукция жана пиво; озонду бузуучу заттар жана аларды камтыган продукциялар. (12) 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 610 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагында ташып чыгарылуучу регенерациялануучу кагазга жана картонго (макулатурага жана таштандыларга) ташып чыгуучу (экспорттук) бажылык алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизги максатында - ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү сырьелук ресурстар менен камсыздоо, өндүрүштү демилгелөө жана даяр продукциянын экспортун көбөйтүү. (13) Азербайжан, КЭР, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Монголия. (14) Түркия, Иран, Пакистан, Афганистан, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан. (15) КЭР, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан. (16) АКШ, Армения, Азербайжан, Беларусь, Кытай, Финляндия, Франция, Грузия, Германия, Индия, Индонезия, Иран, Казакстан, Корея Республикасы, Литва, Малайзия, Малдова, Монголия, Пакистан, Швеция, Швейцария, Тажикстан, Түркия, Улуу Британия жана Өзбекстан. (17) Иран, Казакстан, Корея Республикасы, Литва, Малайзия, Молдова, Монголия, Пакистан, Швеция, Швейция, Тажикстан, Түркия, Улуу Британия жана Өзбекстан. (18) Иран, Казакстан, Корея Республикасы, Литва, Малайзия, Молдова, Монголия, Пакистан, Швеция, Швейцария, Тажикстан, Түркия, Улуу Британия жана Өзбекстан. (19) ДБ жана ЭФК, Бизнести жүргүзүү 2013, 185 өлкө боюнча рейтинг. Кыргызстан "Бизнести жүргүзүү" докладына 183 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээлеп, 2011-жылдан тартып киргизилген. (20) "Кыргыз Республикасында табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 1999-жылдын октябрь айы, бир нече жолу кайрадан каралып, жыйынтыгында 2011-жылдын август айында жаңы редакция менен кабыл алынган. (21) Уруксат берилген монополиялар бааларды контролдоо жана ошондой эле коомдук коопсуздук түшүнүгү менен анын зарылдыгы шартталган чөйрөдө жана тармактарда инфляциянын өсүшүнө жол бербөө максатында иши жөнгө салынган субъекттерди камтыйт. (22) Украина, Иран Ислам Республикасы, Индия Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Түркмөнстан, Казакстан Республикасы, Түркия Республикасы, Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Кошмо Королдугу, Индонезия Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Грузия, Германия Федеративдик Республикасы, Австрия Республикасы, Беларусь Республикасы, Малайзия, Таиланд Королдугу, Армения Республикасы, Швейцария Конфедерациясы, Чехия Республикасы, Тажикстан Республикасы, Греция Республикасы, Корея Республикасы.

Соода саясатынын баяндамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчетуна тиркеме

1-таблица

2006-2012-жылдар үчүн айрым макроэкономикалык көрсөткүчтөр

2006-ж.

2007-ж.

2008-ж.

2009-ж.

2010-ж.

2011-ж.

2012-ж.

Туруктуу калктын санынын өсүшү (%)

101,1

100,8

101,1

101,3

101,1

101,4

102,0

ИДП рыноктук баада (млн. АКШ долл.)

2849,6

3827,6

5143,5

4666,4

4778,2

6222,5

6469,8

ИДП калктын жан башына (АКШ долл.)

566,1

757,1

1013,0

910,0

920,2

1183,1

1209,7

Реалдуу ИДП (өткөн жылга карата өзгөрүү % менен)

3,1

8,5

8,4

2,9

-0,5

6,0

-0,9

Керектөө бааларынын индекси

105,1

120,1

120,0

100,0

119,2

105,7

107,5

Иштеген калк (% менен) (өткөн жылга карата өзгөрүү % менен)

100,9

102,7

101,5

101,5

101,2

101,5

\-

Экономикалык активдүү калктын жумушсуздук деңгээли (% менен)

8,2

8,2

8,4

8,5

8,6

8,5

\-

Жакырчылыктын деңгээли (% менен)

39,9

35,0

31,7

31,7

33,7

33,7

36,8

Негизги тармактар боюнча ИДП (өткөн жылга карата % менен)

Ички дүң продукт

3,1

8,5

8,4

2,9

-0,5

6,0

-0,9

Айыл чарбасы, аңчылык жана токой чарбасы

1,7

1,6

0,9

6,7

-2,6

1,8

1,2

Кен казуу өнөр жайы

-7,5

-3,2

9,1

7,7

-3,6

19,5

22,5

Иштетүү өнөр жайы

-14,1

6,3

21,2

-9,3

11,3

5,2

-27,2

Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү

-0,7

7,5

-7,4

-2,6

11,2

21,9

5,2

Курулуш

19,1

32,3

10,8

22,1

-18,5

2,5

17,3

Соода; автомобилдер- ди, тиричилик буюмдарын, жеке колдонуунун предметтерин оңдоо

14,9

10,9

9,6

2,3

-5,6

10,2

10,5

Мейманканалар жана ресторандар

19,7

13,0

13,3

4,2

-9,5

16,9

11,7

Транспорт жана байланыш

9,5

44,4

31,1

5,1

4,2

9,5

8,9

Булагы: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.

2-таблица

Кыргызстандын товарлары менен тышкы сооданы өнүктүрүү

Жылдар

Ченөө бир.

Товар жүгүртүү

Экспорт

Импорт

Бардыгы

ДСУ

КМШ

Бардыгы

ДСУ

КМШ

Бардыгы

ДСУ

КМШ

1998

млн. АКШ долл.

1355,1

606,9

671,2

513,6

259,2

230,5

841,5

348,7

440,7

%

44,9

49,5

50,8

44,9

41,4

52,4

2006

млн. АКШ долл.

2822,4

1052,5

1469,9

891,2

333,2

476,1

1931,2

719,2

993,8

%

37,3

52,1

37,4

53,4

37,2

51,5

2007

млн. АКШ долл.

4109,6

1326,2

2274,9

1321,1

476,1

753,6

2788,5

888,5

1521,3

%

32,3

55,4

36,0

57,0

31,8

54,6

2008

млн. АКШ долл.

5928

2664

3198,6

1855,6

786,8

1011,7

4072,4

1877,2

2186,9

%

44,9

53,9

42,4

54,5

46,1

53,7

2009

млн. АКШ долл.

4713,2

2304,7

2470,2

1673,0

886,9

752,8

3040,2

1407,8

1717,4

%

52,

53,0

45,0

46,3

56,5

2010

млн. АКШ долл.

4982,9

2546,9

2499,7

1759,8

958,6

788,1

3223,1

1588,3

1711,6

%

51,1

50,2

54,5

44,8

49,3

53,1

2011

млн. АКШ долл.

6503,4

3393,5

3197,8

2242,2

1193,9

1019,6

4261,2

2199,6

2178,1

%

52,2

49,2

53,2

45,5

51,6

51,1

2012

млн. АКШ долл.

7267,7

3577,0

3774,2

1893,8

755,5

1092,6

5373,9

2821,5

2681,8

%

49,2

51,9

39,9

57,7

52,5

49,9

Булагы: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. 1-сүрөт. Кыргыз Республикасынын 2006-2012-жылдардагы негизги өнөктөрү 2-сүрөт. 2006-2012-жылдардагы негизги экспорттук жана импорттук товарлар Булагы: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

3-таблица

1998, 2006-2012-жылдардагы кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы соода

Жылдар

Ченөө бир.

Товар жүгүртүү

Экспорт

Импорт

Бардыгы

КМШ

КМШдан тышкары

Бардыгы

КМШ

КМШдан тышкары

Бардыгы

КМШ

КМШдан тышкары

1998

млн. АКШ долл.

238,3

62,8

175,5

%

100

100

100

2006

млн. АКШ долл.

835,4

374,5

460,9

%

100

100

100

2007

млн. АКШ долл.

1289,6

798,7

490,9

684,8

437,6

247,2

604,8

361,1

243,7

%

100

61,9

38,1

100

63,9

36,1

100

59,7

40,3

2008

млн. АКШ долл.

2857,4

1975,9

881,5

1654,6

1370,3

284,3

1202,8

605,6

597,2

%

100

69,2

30,8

100

82,8

17,2

100

50,3

49,7

2009

млн. АКШ долл.

2210,7

1369,9

840,8

1217,7

901,4

316,3

993,0

468,5

524,5

%

100

62,0

38,0

100

74,0

26,0

100

47,2

52,8

2010

млн. АКШ долл.

1952,3

1053

899,2

930,7

592,9

337,7

1021,6

460,1

561,5

%

100

54,4

45,6

100

63,7

36,3

100

45,0

55,0

2011

млн. АКШ долл.

2255,1

1510,9

744,2

1117,1

751,8

365,3

1138,0

759,1

378,9

%

100

67,0

33,0

100

67,3

32,7

100

66,7

33,3

2012

млн. АКШ долл.

4197,1

2583,4

1613,7

2065,9

1627,3

438,6

2131,3

956,1

1175,1

%

100

61,6

38,4

100

78,8

21,2

100

44,8

55,2

Булагы: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.

4-таблица

Түз чет өлкөлүк инвестициялардын түшүшүнүн булагы

Көрсөткүч

2006- ж.

2007- ж.

2008- ж.

2009- ж.

2010- ж.

2011- ж.

2012-ж.

КМШ, % менен

46,8

45,4

46,7

39,2

20,8

8,5

10,2

Казакстан

40,7

41,8

41,7

32,2

6,2

4,7

5,8

Россия Федерациясы

5,9

3,1

4,2

6,6

14,6

3,7

4,3

Белорусь

0,1

0,2

0,4

0,1

0,0

0,0

0,001

Алыскы чет өлкө, % менен

53,2

54,6

53,3

60,8

79,2

91,5

89,8

Австралия

1,0

1,3

2,1

3,6

2,8

2,1

1,5

Улуу Британия

11,3

13,8

8,5

16,7

11,1

8,9

11,9

Германия

15,9

6,6

5,5

1,3

1,8

5,8

5,5

Канада

2,6

1,4

11,1

12,2

30,8

42,6

22,0

Кытай

2,2

6,7

6,6

7,8

10,6

15,2

23,9

АКШ

1,9

3,0

0,7

3,5

1,8

2,7

0,1

Түркия

3,8

3,8

1,5

5,7

1,2

1,0

3,7

Жыйынтыгы, млн. АКШ долл.

335,6

436,8

866,2

660,9

666,1

849,2

590,7

ИДПга карата ТЧИ түшүшү, % менен

11,8

11,4

16,8

14,2

13,9

13,5

9,1

Булагы: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.

5-таблица

ТЧИни экономикалык иштин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү түзүмү (пайыз менен)

Иштин түрлөрү

2006-ж.

2007-ж.

2008-ж.

2009-ж.

2010-ж.

2011-ж.

2012-ж.

ТЧИни экономиканын секторлору боюнча бөлүштүрүү түзүмү, анын ичинде:

100

100

100

100

100

100

100

Айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасы

1,1

1,0

0,1

0,0

0,0

0,0

0,4

Кен казуу өнөр жайы

16,6

12,5

0,9

1,0

0,2

5,3

4,7

Иштетүү өнөр жайы

42,0

30,9

27,8

25,2

49,7

48,6

43,2

Кызмат көрсөтүүлөр бардыгы, анын ичинде:

40,1

55,6

71,2

73,8

50,1

46,1

51,7

Автоунааларды, тиричилик буюмдарын, жеке колдонуунун предметтерин сатуу жана оңдоо

8,0

9,1

6,5

8,0

8,0

11,9

5,5

Финансы иши

18,4

25,9

39,8

35,8

5,8

5,7

7,2

Кыймылсыз мүлк менен операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүү

7,5

13,7

16,9

22,4

32,9

20,0

36,6

Башкалар

6,2

6,9

8,0

7,6

3,4

8,5

2,4

Булагы: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 3-сүрөт. Өнөр жай продукциясын өндүрүү динамикасы (млрд. сом жана и.ф.о % менен) Булагы: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

6-таблица

2006-2012-жылдардагы мезгил үчүн электр энергиясынын балансы (миң кВт.с)

2006-ж.

2007-ж.

2008-ж.

2009-ж.

2010-ж.

2011-ж.

2012-ж.

Ресурстар

14536,4

14835,3

11892,7

11143,9

12189,7

15368,7

16477,91

Электр энергиясын өндүрүү

14527,2

14831,7

11790,3

11092,3

12073,9

15194,8

16393,28

Импорт боюнча келип түштү

9,2

3,6

102,4

51,6

115,8

173,9

84,63

Бөлүштүрүү

14536,4

14835,3

11892,7

11143,9

12189,7

15368,7

16477,91

Ички керектөө

7192,2

7672,7

7334

7134,5

7447,3

9131,8

11680,05

Жалпы пайдалануудагы электр тарамдарындагы жоготуулар

4661,7

4583,3

3690,2

2758,3

2914,8

3389,2

3204,91

Экспорт

2682,5

2579,3

868,5

1251,1

1827,6

2847,7

1592,95

Булагы: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги

7-таблица

2006-2012-жылдардагы мезгил үчүн көмүрдүн, мунайдын жана жаратылыш газынын балансы

2006-ж.

2007-ж.

2008-ж.

2009-ж.

2010-ж.

2011-ж.

2012-ж.

Көмүр казып алуу, миң тонна

321,3

395,1

484,8

606,9

574,9

830,7

1106,7

Көмүрдү керектөө, миң тонна

1257,7

1310,7

1741,5

1703,9

1592,2

1826,5

1923,1\*

Көмүрдү импорттоо, миң тонна

932,7

1123,1

1544,8

1139,7

1120,3

1036,3

1089,6

Көмүрдү экспорттоо, миң тонна

34,8

99

103,8

18,4

19,9

85

193,0

Көмүрдүн чалгындалган запастары

2013-жылдын 1-январына карата A+B+C1 категориялары боюнча мамлекеттик баланс менен такталган баланстык запастар 1020,7 млн. тоннаны, С2 - 311,1 млн. тоннаны түзөт. Жалпы запастар жана болжолдуу ресурстар 5,7 млрд. тоннага бааланат.

Чийки мунайды алуу, миң тонна

70,8

68,5

71,1

77,3

83,3

77,4

83,6

Мунайды керектөө, миң тонна

83,7

136,8

134,9

79

97,1

81,1

91

Мунайды импорттоо, миң тонна

15,9

69,1

125,7

10,8

14,8

0,6

7,4

Мунайды экспорттоо, миң тонна

0

2

52,7

6

0

1,7

0

Мунайдын чалгындалган запастары

Муунайдын запастары: баланстык/A+B+C1 категориясындагы кендер боюнча алынуучу (өнөр жайлык - 88442,72/11185,62 миң тонна С2 - 8844/1592 миң тонна, келекчектүү түзүмдөр боюнча (С3) - 42200,56/6981,96 миң тонна

Жаратылыш газын алуу, млн.куб.м

19,4

15

17,5

15,4

22,8

26,6

28,5

Жаратылыш газын керектөө, млн.куб.м

660,8

670,4

639,9

254,5

236,5

286,5

363,3

Жаратылыш газын импорттоо, млн.куб.м

738,9

752,2

727,7

308,5

271,7

305,1

334,8

Газдын чалгындалган запастары, млн.куб.м

Жаратылыш газынын запастары: A+B+C1 категориясындагы кендер боюнча (өнөр жайлык) - 4744,53, С2 - 2316,7, келечектүү түзүмдөр боюнча (С3) - 2140,9

Булагы: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги

8-таблица

1999-2000-жылдары жана 2006-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын бажы тарифинин өзгөрүшү

Бажы алымынын коюмунун деңгээли

Товардык позициялардын саны

1999-ж.

2000-ж.

2006-ж.

2007-ж.

2008-ж.

2009-ж.

2010-ж.

2011-ж.

2012-ж.

0%

1311

5488

4707

4707

4987

5080

5080

5127

5127

1%

3

\-

\-

\-

\-

\-

\-

\-

\-

5%

1748

\-

2131

2131

1377

1380

1380

1380

1380

10%

5869

4588

3543

3543

3765

3797

3797

3754

3754

12%

\-

\-

335

335

308

308

308

308

308

15%

635

\-

313

313

241

241

241

241

241

17,5%

411

332

\-

\-

\-

\-

\-

20%

498

155

11

11

138

138

138

136

136

25%

14

\-

\-

\-

\-

\-

\-

30%

11

\-

2

2

2

2

2

50%

45

\-

\-

\-

\-

өзгөчө

14

11

11

11

11

11

11

11

11

бириктирилген

143

143

143

143

143

143

143

Жыйынтыгы:

10569

10574

11196

11196

10972

11100

11100

11100

11100

Бажы алымынын орточо коюму

9,18

5,2

5,06

5,06

5,0

5,1

5,1

5,04

5,04

Булагы: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

9-таблица

2006-2012-жылдары Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган техникалык регламенттердин тизмеги

№

Ченемдик укуктук документтин аталышы

Кабыл алынган күнү жана номери

1

"Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2008-жылдын 29-декабры, № 280

2

"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жаңы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2009-жылдын 8-майы, № 151

3

"Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын Техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2009-жылдын 29-майы, № 178

4

"Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2010-жылдын 29-январы, № 18

5

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Тез тургузулчу конструкциялардан жана материалдардан курулган ар кандай арналыштардагы имараттарды куруунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

2010-жылдын 2-августу, № 143

6

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

2011-жылдын 6-апрели № 137

7

"Бөтөлкөгө куюлган табигый минералдык, табигый ичүүчү жана ашкана сууларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

2011-жылдын 6-апрели № 139

8

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кондитердик азыктардын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент тууралуу" токтому

2011-жылдын 18-апрели, № 163

9

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ширелердин, нектарлардын жана мөмө-жемиштерден жана (же) жашылчалардан жасалган ширелүү суусундуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтому

2011-жылдын 19-апрели, № 172

10

"Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2011-жылдын 30-майы, № 34

11

"Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" Техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2011-жылдын 27-июну № 57

12

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Шарап жасалчу продукциялардын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент тууралуу" токтому

2011-жылдын 5-июлу, № 356

13

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Этил спиртинин, арактын жана ликер-арак ичимдиктеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтому

2011-жылдын 5-июлу, № 357

14

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Пивонун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтому

2011-жылдын 14-июлу, № 388

15

"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2011-жылдын 26-июлу, № 142

16

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтому

2011-жылдын 1-августу, № 437

17

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Көтөрүүчү-транспорттук жабдуунун жана аны пайдалануу процессинин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

2011-жылдын, 23-сентябры, № 587

18

"Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2011-жылдын 29-ноябры, № 224

19

"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2012-жылдын 1-марты, № 11

20

"Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламент" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2012-жылдын 18-майы, № 61

21

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Техникалык каражаттардан электр магниттик шайкештиги жөнүндө" {\*техникалык регламентти:111456} бекитүү тууралуу" {\*токтому:111455}

2012-жылдын 12-январы, № 24

22

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

2012-жылдын 1-февралы, № 74

23

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-августундагы № 437 "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

2012-жылдын 3-февралы, № 83

24

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Дарыканаларда даярдалган дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

2012-жылдын 26-майы, № 320

25

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Электр коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

2012-жылдын 2-июну, № 359

26

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Йоддолгон аш туздун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтому

2012-жылдын 28-июну, № 456

27

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Алкоголсуз суусундуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтому

2012-жылдын 5-июлу, № 474

28

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Нандын, нан-булочка жана макарон азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтому

2012-жылдын 17-июлу, № 502

29

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

2012-жылдын 16-августу, № 569

30

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Фармацевттик уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын коопсуз сактоо жана фармацевттик уюмдардын санитардык режими жөнүндө техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

2012-жылдын 25-сентябры, № 646

31

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Балдар кийимдеринин жана бут кийимдеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

2012-жылдын 10-октябры, № 704

32

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Балдар тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

2012-жылдын 23-ноябры, № 792

33

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Суу, газ, электр жана жылуулук энергиясын эсептегичтердин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

2012-жылдын 20-ноябры, № 779

34

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Эмерек продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтому

2012-жылдын 30-ноябры, № 805

Булагы: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

10-таблица

Жүк ташуунун көлөмүнүн өзгөрүү динамикасы

2006-ж.

2007-ж.

2008-ж.

2009-ж.

2010-ж.

2011-ж.

2012-ж.

Жүк ташуу (км-мли тн)

751,6

855,7

945,5

744,5

737,7

798,3

922,7

Жүктөр ташылды (миң тонна)

5522,5

6905,1

7435,2

5981,6

5523,9

5879,0

6912,9

Жүктөө (миң тонна)

1911,5

2284,8

1816,3

1044,4

1032,1

1033,7

1119,3

Түшүрүү (миң тонна)

4320,2

5357,5

5948,2

5263,2

4908,2

5246,3

6296,5

Булагы: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

11-таблица

Жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмүнүн өзгөрүү динамикасы

2006- ж.

2007- ж.

2008- ж.

2009- ж.

2010- ж.

2011- ж.

2012- ж.

Жүргүнчүлөрдү ташуу (км.млн жүрг.)

60,4

59,9

90,2

106,1

98,7

82,8

75,8

Жүргүнчүлөр ташылды, бардыгы (адам)

445374

435503

646433

751465

711325

596865

549237

анын ичинде мамлекеттер аралык каттам менен (адам)

328314

377171

460528

400319

351642

233112

183411

республика ичиндеги каттам менен (адам)

117060

58332

185905

351146

359683

363753

365826

Булагы: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги VI. КЫСКАРТУУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ

АӨБ

Азия өнүктүрүү банкы

АКТ

Араб координациялык тобу

Монополияга каршы орган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги

ДБ

Дүйнөлүк банк

ИДП

Ички дүң продукту

ДСУ

Дүйнөлүк соода уюму

ДИМУ

Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму

МСК

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы

ГОСТ

СССРдин мамлекеттик стандарты (КМШга катышкан өлкөлөрдүн Мамлекеттер аралык кеңешинин алкаганда ка был алынган стандарттар үчүн аббревиатура катары да колдонулат)

ГОСТ Р

Россия Федерациясынын мамлекеттик стандарты

ММӨ

Мамлекеттик-менчик өнөктөштүгү

БАМТ

Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутум

ЕОКЗР

Европа жана жер ортолук деңиз карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча уюм

ЕРӨБ

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы

ЕврАзЭС

Евразия экономикалык коому

БТМ

Бирдиктүү транспорт мейкиндик

ЕК

Европа комиссиясы

ЕС

Европа союзу

ЕЭК

Евразия экономикалык комиссиясы

БЭМ

Бирдиктүү экономикалык мейкиндиги

ИӨБ

Ислам өнүгүү банкы

ILAC

Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча эл аралык уюм

ИСО

Стандарт боюнча эл аралык уюм

ф.к.и.

Физикалык көлөмдүн индекси

КСАМТ

Кыргызстандын салыктык тескеп-башкаруу маалыматтык тутуму

ИНН

Салык төлөөчүнүн идентификация номери

ИКАО

Эл аралык жарандык авиация уюму

КыргызАСМАП

Эл аралык ташуучулар ассоциациясы

АНЖК

Акча-насыялык жөнгө салуу комитети

ЭФК

Эл аралык финансы корпорациясы

МВФ

Эл аралык валюта фонду

ЭСБ

Эл аралык соода борбору

ЭКӨКК

Эл аралык карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча конвенция

ӨМКМК

Өнөр-жай менчигин коргоо боюнча мамлекеттер аралык кеңеш

Улуттук банк

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

КБС

Кошумча нарк салыгы

УЧА

Ченемдик укуктук актылар

УСК

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

УЭС

Улуттук экспорттук стратегия

ИКУ

Ислам кызматташтык уюму

ШБМ

Шайкештикти баалоо боюнча органдар

ТШУ

Темир жол шериктештигинин уюму

ССБ

Кыргыз Республикасынын соода саясатын баяндоо

ЭКУ

Экономикалык кызматташтык уюму

ЭКӨУ

Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму

ТЧИ

Түз чет элдик инвестициялар

КЖР

Көбүрөөк жайлуу режими

КМШ

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги

СПЕКА

Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн атайын программа

ТКСС

Тамак аш коопсуздугун сертификациялоо тутуму

БС

Беларусь стандарты

ИСТПС

Ишкерликте жана соодада техникалык тоскоолдуктарды кыскартуу (Дүйнөлүк банктын долбоору)

СISAC

Авторлордун жана композиторлордун коомунун эл аралык конференциясы

БКАФ

Банктарды кайра каржылоо атайын фонду

СФС

Санитардык жана фитосанитариялык чараларды колдонуу боюнча ДСУ макулдашуусу

ЭЭА

Эркин экономикалык аймагы

Бажы кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

ТНВЭД

Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы

СӨП

Соода өнөр-жай палатасы

ТРАСЕКА

КМШ мамлекеттери үчүн Европа комиссиясынын программасы

ТРИПС

Интеллектуалдык менчик укуктардын соода аспекттери боюнча макулдашуусу

ТРИМС

Соодадагы инвестициялык чараларга байланыштуу макулдашуу

БС

Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын бажы союзу

ш.о.т

Шарттуу отун тоннасы

ТТӨ

Текстиль жана тигүү өндүрүшү

ФАО

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму

БАРЭК

Борбор Азиялык регионалдык экономикалык кызматташтык

СМБ

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ал дындагы Стандарт жана метрология борбору

ТТБК

Темир жол транспорту боюнча борбордук кеңеш

ШКУ

Шанхай кызматташтык уюму
