# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 425-б (Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын каттоо реестринин формасы жана кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын жок кылуу, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын каттоо реестрин сактоо тартиби бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 425-б (Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын каттоо реестринин формасы жана кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын жок кылуу, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын каттоо реестрин сактоо тартиби бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 425-р
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10386/edition/535255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210036.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 425-б (Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын каттоо реестринин формасы жана кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын жок кылуу, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын каттоо реестрин сактоо тартиби бекитүү боюнча) буйругу (22.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210036

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 22-октябры № 425-б "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияны берүү тартиби тууралуу" токтомунун 2-пунктун аткаруу үчүн:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 1-тиркемеге ылайык, кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын каттоо реестринин формасы;

- 2-тиркемеге ылайык, кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын жок кылуу, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын каттоо реестрин сактоо тартиби.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бул буйруктан келип чыккан чараларды көрсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 425-б буйругуна карата 1-тиркеме

Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияларды каттоо РЕЕСТРИНИН ФОРМАСЫ

№

Каттоо датасы

Арыз берүүчүнүн аты-жөнү

Нотариустук иш-аракеттин аталышы

Ким экендигин ырастоочу документ

Мамлекеттик алым суммасы

Арыз ээсинин колу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 425-б буйругуна карата 2-тиркеме

Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын жок кылуу, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестрин сактоо ТАРТИБИ

1. Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын (мындан ары - декларация) пайдаланылбаган бланктарын, декларацияны каттоо мөөнөттөрү аяктагандан кийин мамлекеттик нотариустар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте кайтарышат.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы так отчеттуулук бланктарын жок кылуу боюнча комиссия пайдаланылбаган декларация бланктарын белгиленген тартипте жок кылат.

3. Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын күбөлөндүрүү жол-жоболорун жүргүзгөн мамлекеттик нотариустар катталган декларациялардын тизмесин аларга берилген каттоо номерлерин, декларация берүүчүнүн аты-жөнүн көрсөтүү менен түзүп, чапталып бекитилген конверттерде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтөт.

4. Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын каттоо реестрлери мамлекеттик архивге тапшырылганча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивинде 10 жыл сакталат.

Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын каттоо реестрлери номерленүүгө, көктөлүүгө жана ыйгарым укуктуу кызмат адамынын мөөрү басылып, күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
