# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-октябрындагы № 414-б (Бюджеттик ссуданы берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-октябрындагы № 414-б (Бюджеттик ссуданы берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 414-р
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10375/edition/539312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-октябрындагы № 414-б (Бюджеттик ссуданы берүү боюнча) буйругу (10.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210025

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 10-октябры № 414-б Жылуулук электр станциялары үчүн отунду өз убагында даярдоо, 2013/2014-жылдардагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине:

- "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Электр станциялар" ААК) 100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуданы берсин;

- "Электр станциялар" ААКы менен бюджеттик ссуданы кайтаруу боюнча карыз милдеттенмесин төмөндөгүдөй шарттарда түзсүн:

100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү - 2014-жылдын 1-ноябрына белгиленсин; ссуда - пайызсыз, күрөө камсыздоосун тариздөөсүз; төлөм мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилгендиги үчүн мөөнөтү өткөн бересе суммасынан жылдык 6,0 пайыз өлчөмүндө айып санкциясы белгиленсин.

- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзам долбоорун даярдоо учурунда бул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды караштырсын.

2. "Электр станциялар" ААКна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

- бюджеттик ссуданы максаттык арналышы боюнча - жылуулук электр станциялары үчүн отун даярдоого жумшоо;

- ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык жогоруда аталган бюджеттик ссуданы кайтарууну камсыздоо.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
