Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Шервуд жана МакКензи» казак-америкалык компаниясы жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин алдындагы милдеттенмелерди жөнгө салуу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 30-сентябры № 400-б "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ьшайык, экономикалык иштер боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2005-жылдын 10-июнундагы аныктамасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2005-жылдын 13-октябрындагы токтомун аткарууга алып, "Шервуд жана МакКензи" казак-америкалык компаниясы жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин алдындагы милдеттенмелерди жөнгө салуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2 779 291, 23 (эки миллион жети жүз жетимиш тогуз миң эки жүз токсон бир доллар, жыйырма уч цент) АКШ доллары өлчемүндөгү каражатты белгиленген тартипте кийин "Шервуд жана МакКензи" казак-америкалык компаниясы жоопкерчилиги чектелген шериктештиги көрсөткөн банктын реквизиттери боюнча андан ары которуу учун каражаттарды карасын, төмөнкү график боюнча:
2013-жылдын 1-октябрына чейин - 833 787, 37 АКШ доллары; 2013-жылдын 1-декабрына чейин - 833 787, 37 АКШ доллары; 2014-жылдын 1-апрелине чейин - 1 111 716,49 АКШ доллары.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана онер жай министрлиги бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн карыз төлөнгөнден кийин беш банктык кундун ичинде аталган карызга байланышкан бардык доолорду алып салуунун негизи болгон өз ара эсептешүүлердүн салыштыруу актысына кол койсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон