# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 397-б (Чүй суусунун сол жээгин коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 397-б (Чүй суусунун сол жээгин коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 397-р
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210010>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10360/edition/1140261/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210010.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 397-б (Чүй суусунун сол жээгин коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча) буйругу (30.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210010

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 30-декабры № 397-б Чүй суусунун сол жээгин коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен Чүй суусунун сол жээгин коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 40713900 (кырк миллион жети жүз он үч миң тогуз жүз) сом бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
