Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Чүй суусунун сол жээгин коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 30-декабры № 397-б Чүй суусунун сол жээгин коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен Чүй суусунун сол жээгин коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 40713900 (кырк миллион жети жүз он үч миң тогуз жүз) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы №509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2007 · № 509
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон