Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПБ № 75 (Кыргыз Республикасы менен Доминикан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникенин тиркелген долбоору жактырылсын.) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2011-жылдын 3-июну ПБ № 75
1. Кыргыз Республикасы менен Доминикан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникенин тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оролбаева Ирина Абдыевнага жогоруда аталган Коммюникеге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Долбоор Кыргыз Республикасы менен Доминикан Республикасынын
ортосунда дипломатиялык мамилелерин орнотуу тууралуу
БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы менен Доминикан Республикасы эки мамлекеттин ортосунда достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөөгө эки тараптын бирдей даяр экендиктерин билдирүү менен, резидент эмес-элчилердин деңгээлинде дипломатиялык мамиле түзүүнү чечишти. Дипломатиялык мамилелерди орнотуу жана эки өлкөнүн ортосунда элчилерди алмаштыруу жолу менен бири-бирине ишеним көрсөтүүнү каалап, эки тараптуу кызматташууну жана жалпы дүйнөлүк тынчтыкты бекемдөөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү эки тарап тең колго алышат. Кыргыз Республикасы жана Доминикан Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык жана тынчтыкта биргелешип иш алып баруунун, тең укуктуулуктун, бири-биринин аймактык эгемендүүлүгүн өз ара урматтоонун жана бири-биринин ички иштерине кийгилишпөө принциптерине ылайык, эки тараптуу мамилелерди куруу ниеттерин ырасташат.
___________ шаарында 2011_-жылдын "____" _________ эки нускада, ар бири кыргыз, орус, испан жана англис тилдеринде жазылган, ар бир текст бирдей күчкө ээ. Бул Коммюникенин жоболорун чечмелөөдө ар кандай мүнөздөгү кайчы пикирлер келип чыккан учурда, Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасы үчүн
Доминикан Республикасы үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.